АКШдан россиялык 35 дипломат чыгарылат

382
0

АКШдан россиялык 35 дипломат чыгарылат

 “Reuters” маалымат агенттиги кабар беришинче, россиялык дипломаттарга АКШдан чыгып кетүү үчүн 72 саат убакыт берилет. Бул тууралуу агенттикке аты жашыруун калуу шарты менен америкалык жооптуу билдирген.

Анын айтымында, бул чара АКШдагы 35 россиялык дипломатка карата колдонулат.

Кийинчерээк АКШ Мамлекеттик департаменти да бул кабарды тастыктады.

“Мамлекеттик департамент бүгүн дипломатиялык же консулдук кызматтарга ылайыксыз аракет кылган, АКШда иштеген 35 россиялык дипломатты “персона нон грата” деп жарыялады”, – деп билдирди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер.

Кабарда келишинче, бул чаралар Россиянын АКШдагы шайлоолорго кийлигишүүсүнө жана америкалык дипломаттардын чет өлкөдө кысымга дуушар болушуна жооп катары киргизилген.

“Бул куугунтуктоолор полиция тарабынан себепсиз токтотуу, күч колдонуу, мамлекеттик телеканалдарда кызматкерлерибиз жөнүндө жекече маалыматтардын көрсөтүлүшү сыяктуу аракеттерди камтыйт. Бул нерсе аларды коркунучка дуушар кылган”, – деп айтылды кабарда.

Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын бул аракетине жооп катары 35 америкалык дипломатты мамлекеттен чыгарып жиберүү сунушу менен президент Владимир Путинге кайрылды.

“Интерфакс”тын маалыматына таянсак, Сергей Лавров Москвадагы АКШ элчиканасынын 31 кызматкерин жана Санкт-Петербургдагы консулдук бөлүмүнүн төрт кызматкерин чыгарып жиберүүнү сунуштаган.

Туркистон:

Эл аралык саясатта эки түрдүү жана эки багыт менен күрөш алып барылат.

1) Мабдаий:  Т.а. системалар ортосундагы күрөш. Жетекчи система өкүлдөрү жаңы баш көтөрүп келе жаткан мабдаъга каршы биргеликте күрөшөт. Учурдагы капиталисттик системанын өкүлдөрү ойгонуп келе жаткан Ислам мабдаъсына (система) каршы биргеликте аракет кылып жатышат. Бул күрөш майданында АКШ менен Россия, Европа Союзу кызматташат.

2) Кызыкчылыктар күрөшү: Бул күрөш дүйнөдөгү ар бир мамлекет ортосунда белгилүү бир деӊгээлде алып барылат. Бул күрөш ар бири өзүнүн кызыкчылыгын коргоо негизинде жүрөт. Мисалы АКШ, Россия жана Европа Союзу мамлекеттери менен тынымсыз күрөш абалында. АКШ дүйнөлүк жетекчи абалын сактап туруу максатында аларды ар дайым бирер проблемага дуушар кылып, алардын өзүнө көз карандылыгын бекемдеп алмакчы болот. Өз кезегинде дүйнөдөгү башка мамлекеттер да, ар дайым АКШ жана башка ири мамлекеттердин басымынан кутулуу үчүн колунан келген чараларды издеп жүрүшөт. Бул бир система ичинде жүрүп жаткан табигый күрөш жараяны деп айтсак туура болот.

Жогорудагы АКШнын Россияга болгон мамилеси менен алардын Шам калкына каршы тил бириктириши карама-каршы аракеттерге окшоп көрүнөт. Бирок эки мамиле теӊ белгилүү бир кызыкчылык үстүнө курулган. АКШ Россия менен аскерий жактан кызматташып жаткан учурда Европа мамлекеттеринин кээ бир кызыкчылыктарына зыян жетүүдө. Мисалы, качкындар проблемасы жана коопсуздук маселесинде. АКШ Россиядан аскерий аракеттерде пайдаланып  жаткан болсо, Европадан идеологиялык кубаттын борбору катары пайдаланат.  Булардын экөө теӊ АКШ  үчүн керектүү жана пайдалуу. Ошондуктан, АКШ Россиядан Ислам жана мусулмандарга каршы мабдаий күрөштө пайдаланып жатып, дүйнөгө аны аскерий агрессор катары көрсөтүп жатат. Максаты, Россияны Европаны ээрчүүчү аскерий кубат катары кармап туруу. АКШ Ислам системасына каршы күрөштө Россия менен кызматташып жатып, ошол эле учурда Европа менен биргеликте Россияга экономикалык жактан сокку берип жатат. Себеби, Россия Сирияда аскерий тузакка түшүп калды. Анын ички экономикалык абалы проблемалар сазына батып барууда. Ошондуктан, АКШ Россияга канчалык басым өткөрбөсүн, Путиндин АКШга кызматчы болуудан башка чарасы жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here