Кыргызстанда да Халабдагы кыргындарга каршы акция болуп өттү
Бишкекте мусулман активисттер уюштурган Халабдагы (Алеппо) мусулмандарга
тилектештик билдирүү акциясы болуп өттү. Акцияда “Алеппо кыйрабасын” “Алеппону сактап калабыз” “Мусулмандарды бомбалоону токтоткула” “Балдардан, аялдардан колуӊду тарт” “Аллахтан корк, кайдыгер болбо” “Мусулмандардан колуӊду тарт” … деген маанидеги жүздөгөн плакаттарды көтөрүп алган миӊге чукул мусулман катышты. Акциянын уюштуруучусу Руслан Бекназаров болуп, бул акцияга бир нече саясатчы, журналист жана диний активисттер катышышты.
Көрүп турганыбыздай, Халаб мусулмандары куфр системасы тарабынан кыргын кылынууда. Исламий өлкөлөрдүн жетекчилери да ошол куфр системасы тарапка өтүп алышты. Алардын бири да кырылып жаткан мусулмандарга кайгырып, боордоштук мамиле билдирүүгө жарабады. Кыргызстан президенти да ошолордун катарында.
Кечээ күнү Түркияда орус элчисин бир түрк полициячы боордошубуз атып өлтүрдү. Исламий өлкө президенттери дароо Путинге көӊүл айта башташты! Путин болсо кутурган адам сыяктуу, “мусулмандарга каршы биргеликте күрөшүүнү мындан да күчөтүшүбүз керек” деп, Эрдоганга сүр көрсөттү. Эрдоган да андан кечирим сурагандай билдирүү берип, Россиянын атайын кызматтарына – мамлекет ичинде эркин тергөө жүргүзүү үчүн – эшикти кеӊири ачып берди. Эрдоган: “Ушунча мусулмандардын, жаш балдарыбыздын каны алдында, сенин бир нажас элчиӊдин өлүмү эмне болуптур! Элчиканаӊды алып чыгып кет! Сен биз менен согуштук абалдасыӊ. Шаръий жактан сени менен келишүү эшиктери жабылган! Демек, сенин элчилериӊ да биздин өлкөлөрдө ишмердүүлүгүн жүргүзүшү мүмкүн эмес!!!” – деп айта албады.
Бирок, Халаб мусулмандарынын исламий кайраты дүйнөдөгү исламий мухиттин таасир кубатын бир нече эсеге күчөтүп жиберди. Түркиядагы журналисттердин кээ бирлери дүйнөгө үлгү болушту. Алар аза күтүү позициясын жарыя кылып, түз эфирден “Халабда кыргын жүрүп жаткан бир учурда мен бул программаны алып бара албаймын деп” ыйлаган бойдон эфирди таштап кетип калышты же Халабдагы кыргын тууралуу билдирүүлөрдү бере башташты. Аскерий кызматкер т.а. мурдагы полиция кызматчысы Мевлют Алтынташ боордошубуз – аскерлер Халабга жардамга баруудан баш тартканына чыдай албастан – жекече түрдө каршылыгын көрсөтүп, кыргынга салымы бар жетекчилердин бирин атып өлтүрдү. Булардан Аллах ыраазы болсун.
Бирок, ушул мусулман журналисттер кылган иштерди көптөгөн диний кызматкер жана аалымдар кыла алышпады. Алар да кудум учурдагы саясатчылар сыяктуу эле, “мусулмандар кыргын кылынышына каршымын” деп билдирүү берип коюуга жарашпады. Исламий шейх, аалым ж.б.у.с. аталыштарга ээ болуп алган сарай уламалары, жогорудагы журналисттерден төмөн даражага түшүп калышты! Алар жок эле дегенде нааразылык акцияларына да активдүү катыша албай жатышат!
Бирок, орус чиновниги өлтүрүлгөндө бул уламалар кокустан ойгонуп кетип “элчини өлтүрүү шариятта жаизби” деген маселени көтөрүп чыга башташты. Миллион мусулман өлтүрүлгөнчө, жок эле дегенде өздөрүнөн “ушул кыргын шаръий жактан арамбы же адалбы” деп суроого батына албаган аалымдар, орус дипломаты өлтүрүлүшүнө катуу козголушту! Алардын кожоюндары Путинге көӊүл айтса, булар мусулмандарды жаманатты кылуу үчүн шариятты куфр кызыкчылыгына бурмалап, аларды коргоочу калканга айланып жатышат! Ооба, бул уламалар диний мухиттен тышкарыда калышты! Диний мухит полициячыга, өнөрпоздорго, медицина жана башка тармактарга кирип бара жаткан бир мезгилде, кээ бир диний кызматкерлер, тескерисинче бул мухит артында калып кетишти. Башкача айтканда, аны жок кылуу үчүн күрөшүп жаткандар менен бирге калып кетишти.
Ошондуктан, Кыргыстандагы диний активисттер – ошол куфр кызматындагы уламалар жана саясатчылар катарында эместигин көрсөтүшүп – жогорудагы нааразылык акциясын өткөрүштү. Бул акцияны өткөргөндөрдөн жана дүйнөдөгү ислам арканын кармап, мазлум мусулмандарга колунан келишинче жардам берүүгө аракет кылып жаткан момун мусулмандардан Аллах ыраазы болсун! Ошондой эле баарыбызды лаа илаха иллаллах келмеси астында бириктиришин, ушул келме астында жан берип, Анын Өзүн ыраазы кылган абалда жолугууну баарыбызга насип кылышын Аллах Тааладан сурап калабыз. Амиин!