Анкарада Россия элчиси атып өлтүрүлдү

309
0

Анкарада Россия элчиси атып өлтүрүлдү

Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго куралдуу кол салуу болду. Кол салуу Анкарада Россияга арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатканда ишке ашырылды. Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөп жаткан элчини жан сакчы кейпиндеги адам атып салган. Элчини атып салган адам Халаб (Алеппо) тууралуу сөздөрдү айткандыгы кабарланууда. Элчини атып өлтүргөн 22 жаштагы Мевлют Мерт Алтынташтын өзү да окуя болгон жерде күч кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калиндин айтымында, президент Эрдоган Владимир Путинге телефон чалып, элчинин өлтүрүлүшү тууралуу билдирген. Андрей Карловдун жакындарына чын жүрөктөн көӊүл айткан Түркия бийлиги окуя болгон жерде атып өлтүрүлгөн 22 жаштагы Мевлют Мерт Алтынташтын ата-энеси жана карындашын камакка алган.

Окуя тууралуу билдирүү берген Россия президенти Владимир Путин “Орус элчисине кол салуу, Түркия менен Россиянын Сириядагы кызматташтыгына каратылган провокация”,“бул кол салууга бериле турган жооп, террорго каршы күрөштү күчөтүү” деди. Россия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова да Карловдун өлтүрүлүшүн “террордук акт” катары баалап, “терроризмге каршы күрөштү улантабыз” деп баса белгиледи.

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин билдирүүсү бир аз катуураак болду. Анын айтымында, бул ишке катышкан ар бир киши элчинин өлүмү үчүн жоопкер.

Медведев: “Россия бул ишти жазасыз калтырбайт. Бул ишке катышкан ар бир киши жооп берет. Алар орус элчисине эле эмес, бийик баалуулуктарды өз ичине алган тынчтык жана адам өмүрүнүн тарапкери болгондорго ок атышты”, – деди.

Россия Мамлекеттик Думасындагы коопсуздук комитетинин башчысы Леонид Слуцкий бул кол салуу Россия-Түркия алакасына таасирин тийгизбестигин билдирди. Слуцкийдин билдиришинче, Москвада уюштурулган Россия-Иран-Түркия тышкы иштер министрлеринин Халаб туурасындагы жолугушуусу бул окуя себептүү кийинкиге калтырылбайт. Акыркы кабарларга ылайык, Түркия тышкы иштер министри Мавлют Чавушоглу Москвага жетип барган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here