Россиядагы Ислам комитетинин жетекчиси Гейдар Жемал каза болду

463
0

Россиядагы Ислам комитетинин жетекчиси Гейдар Жемал каза болду

Россиялык коомдук ишмер, Россия Ислам комитетинин жетекчиси, “Россия Исламий мурасы” комитетинин төрагасы Гейдар Жемал 70 жашында Алма-Ата шаарында көз жумду.

 Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Өзүнө кайтабыз”  [2:156]

Гейдар Жемал Россиядагы көрүнүктүү исламий улама жана философтордун бири эле. Ал Москва мамлекеттик университетинде “Каада-салт жана акыйкат” темасындагы лекциялар курсун окуткан, өзүнүн өмүрүн Ислам динин жана мусулмандардын акы-укуктарын коргоого арнаган активдүү бир мусулман эле.

Биз Ырайымдуу Аллахтан, Гейдар Жемалды Өз рахматына алышын, күнөөлөрүн кечиришин, бейиште пайгамбарлар, сыддыктар жана шейиттер менен бирге кылышын сурап калабыз.

 Анын уулу Орхан Жемалга, жакындарына сабыр тилеп, аларга жана өмүрүнүн акырына чейин аны таштап кетпеген ишенимдүү досторуна тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.

Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге”. [2:153]

 Туркистон редакциясы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here