Эрдогандын “ШКУ” туурасындагы билдирүүсүн Россия менен Кытай алкыштады

392
0

Эрдогандын “ШКУ” туурасындагы билдирүүсүн Россия менен Кытай алкыштады

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Пакистан жана Өзбекстан сапарынан кайтып келе жатып, журналисттердин суроолоруна жооп берип, Түркиянын ШКУга кошулуусу анын бир аз “эркин дем алышына” мүмкүнчүлүк беришин билдирген эле. Анын бул билдирүүсү Россия жана Кытай тарабынан алкыштанды.

Спутник маалымат агенттиги тараткан кабарга таянсак, Россия парламентинин коргоо комитетинин мүчөсү Алексей Пушков өзүнүн твиттер баракчасы аркылуу берген билдирүүсүндө президент Эрдогандын сөздөрүнө төмөнкүдөй мамиле билдирди: “Түркия ШКУга мүчө болсо, бул Эрдоган үчүн логикалык кадам болор эле. ШКУ Европа Союзунан айырмаланат, анын ордун баса албайт. Бирок, Европа Союзунан айырмалуу көрүнүштө ШКУнун мүчөлөрү толук көз карандысыз”.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Гинг Суанг да президент Эрдогандын ШКУ тууралуу берген билдирүүсүнө токтолуп, Түркия Евразиядагы маанилүү мамлекет экендигин жана учурда ШКУнун да маанилүү шериги болуп эсептелишин айтты.

Ал: “Түркиянын ШКУ менен кызматташтыкты күчөтүү каалоосун жогору баалайбыз”, – деди.

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Самарканд сапарынан кайтып бара жатып, учакта журналисттерге берген интервьюсунда Европа Союзуна нааразы экендигин жашырбаган эле. Эрдогандын айтымында, Түркия үчүн Европа Союзуна мүчө болуудан башка вариант да бар.

Эрдоган учакта журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: “Түркия бир жолу болсо да, өзүн эркин сезиши керек. Мага Европа Союзунан башкасы керек эмес деп туруп албашы керек. Менин түшүнүгүм ушундай. Кээ бирөөлөр сындашы мүмкүн, бирок мен көзүм жеткен пикирди айтып жатам. Маселен, “Шанхай бештигинде” орун алсак эмнеге болбосун? Бул тууралуу Владимир Путинге да, Нурсултан Назарбаевге да о.э. ШКУнун башка мүчөлөрүнө да айттым. Башталышында беш мамлекеттен түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна бир аз убакыттан кийин Өзбекстан, Пакистан жана Индия сыяктуу мамлекеттер да киргизилген. О.э. бул уюмга Иран да кирмекчи болуп турат. Владимир Путин “Биз муну баалайбыз” деген сөздөрдү айтты. Түркиянын ШКУга кошулушу анын эркин иш жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Европа Союзу толук 53 жылдан бери бизди убара кылып жүрөт. Бул эмне деген сөз. Биринчилерденбиз, а бирок, 53 жылдан бери күтүп жүрөбүз. Кечээ күнү досторум менен ушул тууралуу талкуулаштык. Жылдын аягына чейин сабыр кылалы. Болсо болду, болбосо бул маселени кайрадан козгобойбуз…. Качкындар маселесинде үстүбүздөгү жыл үчүн июнь айынан баштап 3 миллиард евро бериши керек эле, бирок алар бул акчаны беришпеди. Т.а. бизге эмес, качкынларга бериши керек эле. Кагазда бар, бирок, иш жүзүндө жок. Мына он биринчи айдабыз, жыл да аяктап бара жатат. Бул жакта дагы кийинки 3 миллиард евро маселеси да турат. Аны эмне кылышат болду экен, аны да көрөбүз. Андан соӊ бул жаатта ушуга ылайык кадамдарды таштайбыз”, – деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here