Америка Кореяга «THAAD» системасын жайгаштырууда!
Эмне үчүн Кытай менен Россия буга нааразы?
Корея кризисине бир назар салып өтсөк. АКШ экинчи дүйнөлүк согуштан кийин коӊулдан чыгууга жана “эски дүйнөнүн” иштерине аралашууга киришти. Батыш дүйнөсүнө жетекчилик кылуу үчүн Тынч океан менен Атлантика океаны артындагы мамлекеттердин иштерине аралаша баштады. Ал кезге чейин экинчи дүйнөлүк согушта Батыш мамлекеттери бири-биринин этин жешкен эле, капиталисттик системанын даъватчылары болгон жана дүйнөнүн көпчүлүк жерин көзөмөл кылган Британия жана Франция сыяктуу ири мамлекеттердин бели сынган эле. Мына ошондо АКШ Батыштын таасир чөйрөсү кыскарып калышынан, коммунисттик система дүйнөнү, ошону менен бирге Батыш дүйнөсүн да ээлешинен о.э. Американын өзүнө да жетип келишинен коркуп калды. Бул тарапта коммунисттик системанын даъватчысы болгон Кытай да Советтер Союзу тарапта туруп, Чыгыш жана Түштүк Кытай деңизиндеги регионду, ошону менен бирге, Корея регионун көзөмөл кылууга аракеттене баштады.
АКШ менен түзгөн келишимге ылайык, Советтер Союзу Кореянын түндүк бөлүгүнө 1945-жылы кирди. Россия келишим боюнча, Кореяны басып алган Японияга каршы АКШ согушуна катышты жана анын түндүк бөлүгүнө кирди. Америка күчтөрү болсо, Кореянын түндүк бөлүгүндө алдыга жылуу кыйын болуп жаткандыгы себептүү түштүк бөлүгүндө калды. Кореялыктар АКШ баскынчылыгына каршы козголоң көтөрүштү. Ошондо Америка өзү орноткон Корея режими менен биргеликте аракет кылып, козголоңчуларды кыргын кылды жана өзүнүн демократияны күч менен орнотуу адаты боюнча жүз миӊден ашуун кореецти кырып таштады… Андан соӊ бүтүндөй Корея бойлоп шайлоо өткөрүү айла-амалын колдоно баштады. Бул аркылуу адамдарды алдоону жана согуш токтогондон кийин Советтер Союзун түндүктөн чыгарып жиберүүнү көздөдү. Анткени, Советтер Союзуна эми муктаждык калбаган эле, ошол себептен улам Кореядан коммунизмди алыстатууну жана бул мамлекетти өзүнө көз каранды демократиялык мамлекет кылууну максат кылды. Советтер Союзу АКШнын шайлоолор айла-амалын түшүнүп, буга каршы чыкты. Мына ошондо Америка Корея маселесинде аны менен түзгөн келишимден баш тартты.
Советтер Союзу Түндүк Кореяга Ким Ир Сенди президент кылып дайындады. Ал бүгүнкү президенттин чоӊ атасы. 1949-жылы эки Корея ортосунда согуш башталды, биринин артында АКШ, экинчисинин артында Советтер Союзу туруп, тараптар бири-бирин жексен кылуу үчүн согушушту. Советтер Союзу Түндүк Кореянын «Кореяны бириктирүү» планын колдой тургандыгын билдирип, анын армиясы 1950-жылы 25-июнда 38-параллел сызыгын бузуп өтүп, үч күндө эле Түштүк Кореянын борбору Сеулга чейин жетип барды. Бул сызык Советтер Союзу менен АКШ ортосунда түзүлгөн келишим боюнча сызылган эле. Мындай болушун күтпөгөн Америка дароо Коопсуздук Кеңеши тарабынан Советтер Союзуна нааразылык катары Түндүк Кореяны Түштүк Кореядан бөлүү туурасында токтом чыгарды жана ушул токтомду ишке ашыруу шылтоосу менен Корея ишине аралашты. О.э. Батыш мамлекеттеринен жана башка көз каранды мамлекеттерден турган союз түздү. Согуштун келип чыгышы ушундай болду жана бул согуш 1953-жылга келип токтоду. Согуштун натыйжасында түндүк түштүктөн ажыратылды, бөлүштүрүү уланды, тынчтык келишимине кол коюлбады… Согушта Түндүк Кореяга жардам берүүдө Кытайдын ролу өзгөчө болду, Советтер Союзу кулатылгандан кийин Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы алака дагы да бекемделди.
Абал ушундай уланды. Акыры 1994-жылы Түндүк Корея ядролук куралдарды жайылтпастык жана мунун акысына АКШдан жардам алуу туурасындагы келишимге кол койду, АКШ, Россия, Кытай, Япония жана эки Кореядан турган комиссия түзүлдү. Бирок, Америка Буш доорунда келишимдеги шарттарды аткарбады. Натыйжада, Түндүк Корея 2003-жылы бул келишимден чыгып кетти жана ядролук программасын кайрадан баштап, ал тургай, 2006-жылдан бери ядролук сыноолорду өткөрүп, ракета системасын өнүктүрүп жатат. Ал ракета сиситемасы менен Түштүк Кореяга, Японияга жана Американын Гавай аралына коркунуч туудура баштады. АКШ болсо Түндүк Корея өз чегараларына жакын жерде жылына эки жолу өткөрүп жаткан бул машыгууларды атайылап провокация кыла баштады. АКШ ушул провокациясы менен Чыгыш жана Түштүк Кытай деңиздерин көзөмөл кылууга аракет кылып жаткан Кытайды бутага алганы белгилүү болуп калды. 2014-жылы АКШ “Түндүк Кореянын ракеталарына каршы күрөш” деген шылтоо менен Кытай деӊизине ракетага каршы коргонуу системасын орнотууга токтом кылды. Жакында ал дүйнөдө эң өнүккөн ракетадан коргонуу «THAAD» системасын орнотууга токтом кылганын ачыктады.
Бул туурасындагы сөз үстүбүздөгү жылдын февраль айында чыга баштады жана буга Кытай менен Россия каршылык билдирип, муну өз коопсуздуктарына коркунуч катары баалашты. Мисалы, 2016-жыл, 15-февралда Кытай тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хун Лэй: «Биз АКШнын Корея Жарым аралында «THAAD» системасын жайгаштырышынан тынчсыздануудабыз. Анткени, бул системанын көлөмү өтө чоӊ болуп, Корея Жарым аралын коргоого гана каратылган эмес. Ошондуктан, биз улуттук коопсуздугубузга зыян жетишине жол бербейбиз. Анткени, коопсуздукка байланыштуу кызыкчылыктарыбызды камсыздоо биздин милдетибиз… Кытай Корея Жарым аралын ядролук куралдардан тазалоого о.э. бул проблеманы сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө чакыра берет», – деди. Бул орунда Кытайдын колунан келе турган бирден-бир иш – бул сүйлөшүүлөр!
2016-жыл, 30-июнда Россиянын Түштүк Кореядагы элчиси Александр Тимонин билдирүү берип: «Түштүк Корея тарабы да, америкалык кесиптештерибиз да Россиянын позициясын жакшы билишет, бул позиция ракеталарга каршы «THAAD» системасы Түштүк Кореяга жайгаштырылышына катуу нааразылык позициясы болуп, биз муну өз коопсуздугубузга коркунуч деп эсептейбиз. АКШнын ракетадан коргоо системасын жайгаштыруу планы Түштүк Кореяны Түндүк Корея ракеталары коркунучунан коргоого қаратылган деп айтылууда. А бирок, бул план бизди катуу тынчсыздандырып жатат, анткени анын ишке ашырылышы бүтүндөй Түндүк Чыгыш Азиядагы кырдаалга терс таасирин тийгизет жана биз бул жайгаштыруу региондогу кырдаалды нормалдаштырууга таптакыр салым кошпостугуна ишенебиз», – деди. Бул орунда Россиянын да колунан келе турган бирден-бир иш, бул нааразылыгын жана тынчсыздануусун билдирүү гана!
Ошентип, Америка бул эки мамлекеттен тыйып коё ала турган реалдуу коркунучту көрбөгөн соӊ, «THAAD» системасын жайгаштыруу планын өнүктүрдү жана 2016-жыл, 7-августта Түштүк Корея менен бул жаатта келишим түздү. 2016-жыл, 19-октярбда АКШ тышкы иштер министри Жон Керри «Америка жакында ракетадан коргонуучу «THAAD» системасын Түштүк Кореяга жайгаштыра тургандыгын о.э. өзүн да, союздаштарын да коргоо үчүн эмне зарыл болсо, ошону албетте ишке ашыра тургандыгын» билдирди.
Россия менен Кытай АКШга каршы тыйып коё турган бирер реалдуу иш кылбай жатышат. Анткени, Американы тыйып коюу нааразылык билдирүү жана каралоо менен ишке ашпайт. Тескерисинче, ага олуттуу түрдө таасир өткөрө турган кадамдарды таштоо менен ишке ашат. Бул албетте, АКШ өкүмдарлыгы жана кызыкчылыктарына каршы реалдуу коркунуч туудуруп, түрдүү күчтөрдү ага каршы багыттоо кадамы. Ушундай күчтөр менен анын таасири астындагы региондорго бастырып кирип, ага проблемаларды пайда кылуу, анын таасири астындагы мамлекеттер менен алака кылып, бул мамлекеттерди андан тартып алуу, аны менен болгон Сириядагы кызматташтыгын жана ага бекерге кызмат кылууну, анын пландарын аткарууну токтотуу кадамы. Европа мамлекеттерине барып, алар менен биргеликте Америкага каршы аракет кылуу, анын доллары менен мамиле кылуудан баш тартып, Азия Банкы менен иш баштоо… жана башка саясий, экономикалык, ал тургай аскерий иштерди ишке ашыруу. Ички жана тышкы маселелерде коомдук пикирди ага каршы козгоо, биринчи даражадагы эл аралык маселелер менен т.а. Обаманын чачын агартып жиберген, тышкы иштер министри Керри пландарын жокко чыгарган маселелер менен алек кылып коюу кадамдары.
Америка Түндүк Кореянын коркутууларынан о.э. анын ядролук жана ракеталык куралдарды өнүктүрүү ишинен пайдаланууда. Мындан, Кытай өзүнүн регионун көзөмөлгө алышына жол койбостукта, ушул проблема менен алаксытып, андан чыгарбастыкта пайдаланууда. О.э. башка ири мамлекеттер кылганы сыяктуу эле, бардык жерде башка мамлекеттин өзү менен атаандашуусунун алдын алуу үчүн пайдаланууда. Анткени, ири мамлекет – бул эл аралык саясатта таасир өткөрүүгө аракет кылуучу мамлекет. Ал ар бир эл аралык маселеде жана бардык жерде таасир күчүнө ээ болууга аракет кылат, ар бир мамлекетке өз таасирин өткөрүүгө аракет кылат, эгерде ал дүйнөнүн биринчи мамлекети болбосо, ошондой болуу үчүн күрөшөт жана ушулар аркылуу өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууга, эл аралык саясаттагы ордун коргоого жетишет. Ири мамлекет олуттуу иштерди кылат, биринчи мамлекетке айлануу жолунда активдүү жана таасирдүү коркутууларды колдонот… Антпесе, анын күрөшү эч кандай натыйжа бербейт. Шек-күмөнсүз, бул иштердин бардыгын – Аллахтын уруксаты менен – Пайғамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети кылат. Ал тикеленген алгачкы күндөн баштап ушул иштер менен алектенет. Ири мамлекеттерди, айрыкча, биринчи мамлекетти отставкага чыгарып, аны кайрадан Тынч океанынын артына кайтарып жиберет.
Асъад Мансур