Эрдоган: Досум Путиндин колдоп-кубаттоосуна мухтажмын

522
0

Эрдоган: Досум Путиндин колдоп-кубаттоосуна мухтажмын

Түркия президенти Режеб Таййиб Эрдоган россиялык яхудий журналист Михаил Гусман тарабынан алып барылган “Формула власти” берүүсүнүн мейманы болду. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга токтолгон Эрдоган Россия менен кызматташтык кылуу үчүн ар қандай қадамдарды таштоого даяр экендигин билдирди.

“Ушул региондо терроризмге каршы жалпы күрөштө урматтуу жана кымбаттуу досум Путиндин колдоп-кубаттоосуна мухтажмын. Ушу тармакта биз Россия менен кызматташуу үчүн керек болгон ар кандай кадамды таштоого даярбыз”, – деди Түркия президенти.

Эрдоган Россия самолётунун атып түшүрүлүшү окуясын да этибардан сырт калтырбады. Анын баса белгилешинче, окуянын чыныгы айыпкери өз жазасын алып жатыптыр.

“Бу тема тууралуу катымда да жазган элем жана мунун биз үчүн да кайгылуу окуя болгонун билдиргенмин. Сирия аймагында жүз берген бул окуяга тиешеси бар кишилер азыр колго түшүрүлүп, сотко тапшырылган. Тергөө уланып жатат. Орус учкучунун өлүмүнө себепкер болгон адам учурда камакта жатат”, – деди ал.

Эрдоган маек учурунда деңиз жээктери орус саякатчыларына ынтызар экендигин баса белгилеп, турист катары россиялыктардын Түркияга көбүрөөк келишине үмүт билдирди.

“Элдерибиз бири-бири менен эң көп алака кыла турган тармак – бу туризм тармагы. Өткөн жылы Россия туристтеринин саны эң жогорку көрсөткүчкө жакындашкан эле. Быйыл, ыхтымал, орус туристтеринин саны эң жогорку көрсөткүчкө жетип, немистерди да артта калтырышы мүмкүн эле… Лекин, мен ишенемин, келечекте туризм боюнча кызматташтыгыбыз дагы да күчөйт. Коопсуздук боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүп жатат. Келечекте да улантабыз. Ошондуктан, тынчсызданууга эч кандай себеп жок. Ушул учурда деңиз жээктерибиз кооп-коркунучсуз жана туристтер келишин күтүп жатат. Бир эле деңиз туризми эмес, балким маданият, саламаттыкты сактоо, гольф, тоо туризми да бар”, деп кошумчалады Эрдоган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here