Истамбул түрмөсүндө калып жаткан өзбек туткундар

367
0

Истамбул түрмөсүндө калып жаткан өзбек туткундар

ИШИМге байланышы бар деп күмөн саналып колго алынган Истамбулда жашоочу өзбек качкындарынын бир тобу эмдигиче түрмөдө кармалууда. Истамбул иммиграция башкармасы тарабынан 12-июль күнү даярдалган 200 үй-бүлө тизмесинен азырынча 138 өзбек колго алынган. Полиция мекемесине алып келинген 138 кишиден болгону 7  киши гана сурак кылынган. Кабарларда келишинче, полиция мекемесинен Кумкапы түрмөсүнө алып келинген өзбектердин көпчүлүгү азат кылынган. Алардан кээ бирлерине мамлекеттен чыгып кетүү шарты коюлган. Азыркы учурда 17 киши кармалган бойдон калууда.

Болгону бармак издери жана кан белгиси алынгандан кийин эч бир тергөөгө алынбай, эътибарсыз таштап коюлган өзбектер өздөрүнүн кийинки тагдырын ойлоп кабатыр болушууда. 2 айдан бери камакта жатканына карабай, кандай негизде кармалгандыктары туурасында аларга маалымат да берилбей жатат.

Колго алынгандар арасында Казакстан жараны болгон өзбек улутундагы 78 жаштагы Кулаш Мырза Калкаман да бар. Жашы бир топко барып калган эне дагы эки айдан бери эч бир тергөөсүз, Кумкапы полиция мекемесинде калууда.

Таңкалычтуу жери, “ТуркистонДер” жамаатынын Бошок шаардык өкүлдүгү тарабынан даярдалган жардамга муктаж өзбектер тизмеси менен колго алынган өзбектер тизмеси менен бир кыл чыккан. Өзгөчө, жардам тизмесине киргизилген бардык аялдардын полиция тарабынан колго алынышы көңүлдү бурат. “Yeni Şafak” газетасына интерьвю берген өзбектер өз колдору менен даярдаган тизме кантип колго алуу тизмесине айланып калгандыгынан  жана кандай жол менен полиция колуна барып калгындыгынан таң калгандыктарын айтышууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here