Саясий чөйрө жана анын коомго болгон таасири жана маанилүүлүгү

601
0

Саясий чөйрө жана анын коомго болгон таасири жана маанилүүлүгү

Өзбекстан жана Кыргызстан саясий чөйрөсүнүн азыркы абалы туурасында

Туркистон:

Саясий чөйрө – саясий кабарлар, саясий иштер жана саясий окуяларды күзөтүп, пикир билдире турган жана коомчулук иштерин ушул пикирлер негизинде башкара турган кишилердин чөйрөсү. Т.а башкарууда болгон жана башкарууда болбогон саясий адамдардын чөйрөсү. Саясий кишилерден турган бул чөйрө саясий чөйрө деп аталат.(Turkiston.net сайты китепканасы, “саясий пикирлер” китебинен алынды).

Каримовдун өлүмүнөн кийин болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр Өзбекстанда саясий чөйрөнү россияпарас катмарды күчөтө баштады. Каримовдон калган режим Мирзияевди мамлекет жетекчилиги катары жылдыра баштады. Өзбекстан режими мындан кийинки кадамдарында  Батышка таяна албайт. Анткени бул режим Батыш ааламы аларга койгон талаптардын бирин да аткара албайт. Себеби Өзбек калкында бул режимге карата болгон жек көрүү абдан күчтүү. Элге азыраак эле эркиндик берилиши, жада калса пикирий эркиндик берелиши да аларды коопту абалга алып барышын жакшы билишет. Ошон үчүн Өзбек режими азыркы абалында Россиянын авторитардык режимине таянышын өзү үчүн жалгыз чечим деп билет.

Россия, Кыргызстанда Өзбек режиминин бутка туруп алуусу үчүн өтө коопту чөйрө бар экендигинен кабатырлана баштады. Кыргызстан Борбордук Азияда жападан жалгыз демократиялык принциптер менен ачыктан-ачык Батыш саясий чөйрөсү негизделип бара жаткан аймак болуп турат. Каримовдун өлүмү Путинди регионго шашылыш түрдө аракеттерди баштоосуна мажбур кылды. Путин, Кыргызстанга жана анын азыркы президенти А.Атамбаевге болгон эътибарын күчөттү. Атамбаев абдан чоң жана көп каталарды кылып атканына карабай, Путин азыр аны алмаштыра албайт. Демек аны ушул саясий алсыз абалында кармап калууга аракет кылат. Ага Атамбаевдин кыпындай да кадыры жок. Россия, бүткүл региондо стабилдүү абалды кармап туруу менен Өзбек режимин жана мурунку башкаруу системасын өз колунда кармап калууга аракет кылат.

Ошон үчүн, Путин Атамбаевди авторитардык режим орнотууга тез жана кадыржамдык менен аракеттенүүгө чакырды. Т.а коркпостон жолунда тоскоол болгон оппозиция күчтөрүнө каршы репрессивдүүрөк аракеттенүүгө, аны менен мамлекетте орусиячыл саясий чөйрөнү күчөтүп барууга көрсөтмө берип барууда.

Өзбекстанда да, Кыргызстанга парралел, Россия менен алакаларын күчөтүүсү о.э ал жердеги                 жумушчу мигранттардын абалы жакшырышын, ортолорундагы соода жана экономикалык мамилелер күчөтүлүүсү жана ушуга окшогон жеңилдиктер туурасында маалыматтар кеңири таркала баштады. Өзбекстанда бул саясий чөйрө Советтер союзунан бери дагы деле бүтүндөй өзгөрүп кеткен эмес. Мындан тышкары Каримовдун режими астында жашап келген Өзбек калкы, эркиндиктерге жетишкен да көнгөн да эмес.

Лекин Кыргызстан Өзбекстандан абдан айырмаланат. Бул аймакта Батыш сакофаты жана батышпарас мамлекет арбабдары бар. “Көпчүлүк илимпоздор мамлекет арбабы – бул аким же мамлекетти башкарууда түздөн-түз катышкан киши деп ойлоп, мамлекет раиси, министр жана ушул сыяктууларды мамлекет жетекчилери деп сыпатташат. Башка кишилер мындай сыпатка ээ эмес деп билишет. Адамдарды эки катмарга т.а мамлекет арбабы жана калк адамына бөлүп мамлекеттеги бардык жумушчу жана кызматчыларды экинчи катмарга киргизишет.
Алардын мындай түшүнүүлөрү ката. Аким кээде мамлекет мамлекет арбабы болуусу кээде болбошу да мүмкүн. Эл адамы эч бир мамлекеттик иш менен шугулданбаган абалда дыйкан, мугалим, соодагер болсо да мамлекет арбабы сыпатына ээ болушу мүмкүн.

Мамлекет арбабы – таланттуу саясий жетекчи жана башкаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон киши. Ал мамлекет иштерин башкарууга, маселелерге чечим берүүгө, ички жана тышкы мамилелерде иш жүргүзүүгө кудуреттүү болот. Мына ушул киши мамлекет арбабы болот. Ал ушундай сыпаттарга ээ болсо да, аким болбостугу о.э башкаруу иштеринде катышпасы мүмкүн. (саясий пикирлер китебинен алынды)

Бул мамлекет арбабдары, мамлекет саясатын бир тараптуу, т.а жалаң гана  орусияга ыктаган негизде алып кетилүүсүнө олуттуу тосук болуулары мүмкүн. Ошон үчүн Атамбаевге тездик менен авторитардык режим орнотуу тапшырмасы берилген болушу мүмкүн. Ал Кыргызстан конституциясын өзгөртүүдөн иш баштамакчы.

Бир жылдан кийин президенттиктен кетиши анык болуп калган Атамбаев, мамлекет башчысы салахиятын премьер-министрге алып бармакчы. Премьер-министрди парламент шайлайт. Парламенттин көпчүлүк орундары Атамбаевдин бир нече партияларына тишелүү. Бул кудум Путиндин же Эрдогандын парламентине окшоп калат. Алардын экөө тең каалаган мыйзам же чечимди парламенттен тастыктата алат. Бул режимди да авторитардык деп атоого болот. Атамбаев өз максатына жетишүү менен, мамлекет арбабдары болгон оппозиция күчтөрүн жана бүткүл Батышпарас саясатчыларды четтетүүгө киришти.

Кыргызстан авторитардык режимге өтүп алышы үчүн россиячыл саясий чөйрөнү күчөтүүгө аракет кылууда. Россиячыл мамлекет арбабдарын башкаруу иштерине алып келүүгө катуу көңүл бурууда. Аларга басма-сөз аркылуу иш алып баруулары үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берүүдө. Лекин Кыргызстандагы саясат үстүндө отургандардын абдан көп бөлүгү мамлекет арбабдары эмес. Алардын көп бөлүгү белгилүү бир саясий чөйрө өкүлдөрү да эмес. Ошон үчүн өкмөт “россияга ишенүү жана жандашуу керек” деген саясий чөйрөнү негиздөөдө кыйын акыбалда калды. Анткени күчтүү мамлекет арбабдары, өкмөттөн четте калып кетишти. Айрымдары оппозициячыл тарапка ооп кетишүүдө. Өкмөттүн аларга каршы мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып күч иштетүүсүнөн башка чарасы калбай барууда.

Түпкүрүндө, Өзебекстан жана Кыргызстан саясий чөйрөсүнүн негизи бир. Алардын ар биринин пикирлөө тарыйкаты бир. Т.а “эл аралык кубатка ээ болгон кайсы бир мамлекетке таянып жана идеологиясына негизделип жашасак пайда табабыз” деген чекиттен туруп пикирлешет.

Бул мамлекеттерде куфр кубаттарына таянбаган, вакыйлыктан таасирленбей, тескерисинче аны өз эътикады негизиндеги идеологиясына таасирлендире турган бир гана Хизб ут Тахрир алып келген жаңы исламий саясий чөйрө пайда болуп келе жатат. Хизб, Исламды жашообуздагы өз ордуна кайтаруу менен, т.а аны илахий мабдаий өкүм катарында, дүйнөлүк башкаруу системасы кылып алып келүү менен адамзатты азиздикке алып чыкмакчы. Бул пикир абдан күчтүү, жеңилбес, өзгөрбөс. Ушуга ылайык башка куфр пикирлеринен таасирленбей турган саясий чөйрө негизделип келе жатат Иншаа Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here