Шариятта “референдум” барбы?

357
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Шариятта “референдум” барбы?

Момун адам ар бир иште ушул темадагы шаръий өкүмдү билип, ошондон кийин гана мамиле билдириши керек. Аллах Таала айтат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ

Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар кафирлер”.[5:44]

Учурдагы конституция да о.э. өзгөртүү көздөлүп жатканы да куфр болуп, ага ыраазы болуу арам. Аны ыраазы болуп кабыл алган адам кафир болот. Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хотам айтат: «Мен Набий (с.а.в)дын алдына келдим – мойнумда алтын хоч (крест) бар эле – ал зат мага бутту алып ташта деди. Андан соң төмөнкү:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин кудайлар деп билишти. [9:31] аятты окуп,мындай дегенин уктум: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок рохибдер бирер нерсени адал десе,адамдар аларды адал деп эсептешкен, ал эми бирер нерсени арам дешсе, аны арам деп эсептешкен… ».

Парламент жыйындары болсо Батыш демократиясынын көчүрмөсү болуп эсептелет. Батыш демократиясы бийлик элдики деп эсептейт. Т.а. нерселер жана иштер үстүнөн жакшы же жаман деп өкүм чыгаруу укугун калкка берет. Демократияда болсо, калк эмнени жаман десе ошол нерсе жаман, ал эми эмнени жакшы десе, ошол нерсе жакшы болуп эсептелет. Ал калкты бирер адам чектебей турган жогорку  бийлик ээси кылат. Демократия ушундай болгондуктан жана Куран, сүннөткө ачыктан -ачык тескери келгени үчүн куфр түзүмү болуп эсептелет.

Эй мусулмандар!

Куфр жана алардын малайлары силерди өздөрүнүн жийиркеничтүү иштерине шерик кылуу үчүн шайлоолорду өткөрүшөт. Мунун натыйжасында силер бул дүйнөдө ушунчалык оор абалда жашап, акыретиңерди да азапка айландырасыңар.

Мусулман адамдын Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбай турган светтик бийликке ишеним билдириши, ушул негизде мамлекет башчысын шайлашы жана шариятка тескери келген келишимдерди тастыктоосу мүмкүн эмес. Мамлекеттер жана калктар үстүнө кафирлерди өкүмдар кылып коё турган келишимдерди о.э. куфр мыйзамдары негизинде түзүлгөн келишимдерди тастыктоосу да мүмкүн эмес.

Бийликти жана акимдерди тергеп-тескеп, көзөмөлдөө шаръий милдет. Бул иш амри маъруф жана нахий мункар түркүмүнөн болуп, бардык мусулмандарга важиб.

Эй мусулмандар! Эй карапайым калкым, качанкыга чейин куру сөзгө алданып жүрө бересиңер?!

Качан өз жолуңарды үйрөнөсүңөр?! Расулуллах (с.а.в):

«لاَ يُلْدَغُ المُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт», дегендей, дагы кайрадан чактырбашыңар керек. Бул хадисти Бухарий чыгарган. Ушундай болгон соң, көп жолу чактырган адам тууралуу эмне деп айтабыз?!

  Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here