АКШ армиясынын башкы командачысы Түркияда

371
0

АКШ армиясынын башкы командачысы Түркияда

АКШ армиясынын башкы командачысы Жозеф Данфорд бүгүн Түркияга келди. Инжирлик авиа базасына келип түшкөн Данфорд ал жердеги АКШнын 39 аба күчтөрү командачылыгында кызмат кылып жаткан аскерлер менен кыска жолугушуу өткөрдү.

Террористтерге (Мужахиддерге) сокку берүү үчүн АКШга тапшырылган Инжирлик авиа базасы Түркияда төӊкөрүш аракетинде ишке салынган аскерий базалардын бири болуп эсептелет. Мунун натыйжасында бир нече аскерий адамдар, ошону менен бир катарда Инжирликтин башкы командачысы генерал Бекир Эржан да камакка алынган. АКШ борбордук күчтөрүнүн командачысы Жозеф Вотел бул камакка алуулар АКШнын ИШИМге каршы күрөшүнө терс таасирин тийгизерин айтып, камакка алынган аскерийлерди болсо “АКШ армиясынын жакын союздаштары” деп сыпаттаган эле.

АКШ армиясынын башкы командачысы Данфорддон Түркияда ийгиликсиз аяктаган төңкөрүш аракетинен кабары бар же жоктугу жөнүндө суралат. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган телеканал аркылуу билдирди.

“Башкы командачынын мындан (төңкөрүш аракетинен) кабары барбы же жокпу, бул тууралуу дүйшөмбү күнү биздин башкы командачы сурайт”, – деди Эрдоган.

Данфорд Инжирликтен кийин Түркия башкы штаб башкармалыгынын башчысы Хулуси Акар менен жолугушуу үчүн Анкарага жөнөдү. Ал Анкарада Түркиянын башкы командачысы менен жолугушкандан кийин саат 16:00дө Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен да жолугушат. Өкмөттүк булактардан алынган кабарга ылайык, премьер-министр Бинали Йылдырым АКШ армиясынын башкы командачысын Чанкая сарайында кабыл алат.

Данфорд Түркияга акыркы жолу январь айында келип, командачы Хулуси Акар менен жолугушкан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here