Назарбаев: “Экономика саясий карама-каршылыкка байланыштуу болбошу керек”

364
0

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Петербург эл аралык экономикалык форумунда сөз сүйлөп, глобалдык экономика саясаттагы түрдүү көз караштарга байланыштуу болбошу керек деген пикирин билдирди.

 Назарбаев: “Учурда бардык проблемаларда интеграция жана глобализацияны айыптоо тенденциясы күзөтүлүүдө. Бардык тараптан дубалдарды куруу туурасындагы чакырыктар жаӊырууда. А бирок, глобалдык экономикага интеграция көптүк кылып жаткан жок, тескерисинче жетишпей жатат”, – деди.

Анын айтымында, экономикалык жактан камалып алуу, эч бир проблеманы чечпейт, тескерисинче аны ого бетер чиелештирет.

 “Экономика саясаттын курмандыгы болбошу керек, а бирок, баарыбыз санкциялар мисалында мунун тескерисин көрүп турабыз”,- деди Казакстандын өлкө башчысы.

Назарбаев мындан бир аз убакыт мурда ЕАЭБ менен Европа Союзу ортосунда биргелешкен форум өткөрүү сунушун көтөрүп чыккан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here