Афганистандын президенти Мухаммад Ашраф Гани 10-11-май күндөрү Тажикстанга расмий сапар менен барат.
Эки тараптуу алакалардын бардык багыттарында Афганистан кызматташтыгы Тажикстан тышкы саясатынынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Бул тууралуу Афганистан президенти Ашраф Ганинин сапарынын алдында Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул сапар Ашраф Гани 2014-жылы бийликке келгенден бери Тажикстанга алгачкы сапары болот.
12-май күнү расмий сапар аяктаган соӊ, Афганистан президентиТажикстан, Кыргызстан президенттери о.э. Пакистан премьер-министри менен биргеликте CASA-1000 энергетикалык долбоору курулушунун башталыш ырасымына катышат.
О.э.12-майда Афганистандын премьер-министри Абдулла Абдулланын сапары да күтүлүүдө.