Өзбекстандын ИДПсы 2016-жылдын биринчи кварталында 7,5 пайызга өстү

273
0

  Өкмөттүн басма сөз кызматы кабар бергендей, 2016-жылдын биринчи кварталында Өзбекстанда Ички дүӊ продукция (ИДП) өткөн жылдын ушул кварталына салыштырганда 7,5 пайызга өстү.

 Кабарга таянсак, 2016-жыл үчүн кабыл алынган экономикалык программанын эң маанилүү милдеттери жана артыкчылыктуу багыттарын системалуу жана туруктуу ишке ашыруу себептүү – глобалдык экономикада кризистер уланып жаткандыгына о.э. анын өнүгүү көрсөткүчү төмөндөгөнүнө карабастан – Өзбекстанда экономика өсүшүнүн туруктуу көрүнүштөрү камсыздалууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында мамлекеттин ИДПсы 7,5 пайызга өстү. Өнөржай продукциясын иштеп чыгаруу 7 пайызга, айыл чарба продукциялары 6,7 пайызга, чекене товар айланышы 12,8 пайызга көбөйдү. Мамлекеттик бюджет ИДПнын 0,1 пайызы өлчөмүндөгү профицит менен аткарылды. Инфляциянын деӊгээли прогноз параметрлеринен ашпады.

 Кызматтардын заманбап түрлөрүн, айрыкча, маалымат-коммуникация технологияларына негизделген түрлөрүн активдүү өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар себептүү кызматтар көлөмү 12,1 пайызга өсүп, алардын ИДПдагы үлүшү 2015-жылдын биринчи кварталындагы 59,3 пайыздан 59,5 пайызга чейин көбөйдү.

 Чакан бизнести колдоо, ишкердиктин шарттарын жакшыртуу аракеттерин улантуу үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында чакан бизнесте 8,4 миӊ жаңы субъект түзүлүшүнө алып барды. Бул 2015-жылдын ушул кварталына салыштырганда 5,5 пайызга көптөк кылат. Жыл башынан бери чакан бизнес субъекттерине 3,6 триллион сом банктык кредиттер берилип,  2015-жылдын 1-кварталына салыштырганда 1,3 эсеге өсүш болду.

 2016-жылы жумушчу орундарын түзүү жана калкты жумуш менен камсыздоо программасынын алкагында 167,4 миӊ жаңы жумушчу орун түзүлгөн болсо, алардын 57,7 пайызы айыл жерлеринде түзүлдү.

Туркистон:  

Өзбекстанда экономикалык жыргалчылык үчүн өтө кеӊири шарттар бар. Мамлекет болсо ар дайым өзүн кыйнап – жакын кошунасы газ жана нефтке муктаж болуп турганына карабастан – бул энергетикалык сырьёлорду Россия, Кытай сыяктуу алыскы өлкөлөргө сатып келет. Жакын эле турган Кыргызстанга Өзбекстандын газын Россиянын “Газпром” компаниясы алып сатат. Аныгыраагы, орустар өзбек газынын 12% ээлеп алышкан. Өзбекстан мурда Кыргызстанга газды түздөн-түз өзү сатат эле. Бирок, бул эки мамлекет бири-бири менен келише албай, Россияны ортомчу кылышты. Натыйжада газды орустар алып сата баштады.

Өзбек жарандарынын көпчүлүгүнө, айрыкча кыш мезгилинде, электр жарыгы жана газ жетишпей жаткандыгын себеби эмнеде? Өзбекстанда ушунча мүмкүнчүлүктөр бар экендигине карабастан, бийлик эмне үчүн жарандарын мынчалык кордукта жашоого мажбур кылат?

ИДПнын көрсөткүчтөрү бир кварталда ушунчалык көтөрүлгөндүгүнүн себеби, Өзбекстан акыркы жылдарда кошуна мамлекеттерге жибек жана пахта токуучулук маталары, жашылча-жемиш жана нефтиден иштелип чыккан продукцияларды сатуу мүмкүнчүлүктөрүн бир аз кеӊейтти. Натыйжада, жогорудагыдай натыйжаларга жетишилди.

Бирок, бул өтө чоӊ жана кеӊири мүмкүнчүлүктөрдүн кичинекей гана бир бөлүгү. Эгерде биздин өлкө башчыларыбыз текебердикти жыйыштырып коюп, элдин кызыкчылыгы үчүн калыс аракет кылышып, бири-бири менен пикирлеш, союздаш болгондо эле. Анда биздин сырьёлорубуз менен байлыктарын көбөйтүп жаткан Батыш колонизаторлору мынчалык кутуруп кетишпейт болчу. Алар бизди сырьё базалары деп мынчалык төмөн көрүүгө батына алышпайт эле.

Демек, проблема биздин ортобуздагы жасалма чегара жана ар түрдүү салыктар сыяктуу жасалма тоскоолдуктарда. Бул абал биз үчүн проблема. Бирок, куфр дүйнөсү бул абалыбызды өздөрү үчүн киреше булагы жана өтө маанилүү маселе деп билишет. Алар биздин ортобуздагы жакындыктан тынчсызданышат. Себеби, бул жакындыктар алардын бул жердеги бардык мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарышы мүмкүн.

Ортобузда эч кандай тосмо жана чегара жок болуп, иштеп чыгаруу жабдыктарын өзүбүздүн оор өнөржайыбыз менен чыгарып жатканыбызды элестетип көрөлү. Сырьё болсо өзүбүздө жетиштүү. Алар айтып жаткан ИДП кандай көтөрүлүп, жашоо деӊгээлибиз кандай болот эле.

Куфр дүйнөсү жана биздин чыккынчы жетекчилерибиз кудум ушул элестетип көрүшүбүздөн да коркушат. Ошондуктан да бизди кишендер менен кармап турушат. Ушундай туура пикирлей баштаган жетекчилерди камакка алышат же куугунтукташат. Жарандарды болсо “ар дайым муктаждыкта кармап туруу керек” деген куфр көрсөтмөсү менен, атайылап начар абалда кармап турушат.

Мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө кеӊири. Бирок, бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга куфр кишендери гана жол бербей жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here