Түркия менен Саудия ортосунда ылайыкташтыруучу кеӊеш түзүлдү

343
0

Түркия менен Саудия ортосунда “ылайыкташтыруучу кеңеш” түзүлдү. Бул кеңеш эки мамлекет ортосундагы мамилени дагы да бекемдөө максатында түзүлгөндүгү айтылууда. Президенттик булактардан келген кабарларда айтылышынча, эки мамлекет ортосундагы мамилени бекемдөө үчүн өтө маанилүү кадам ташталган.

“Саудия-Түркия ылайыкташтыруучу кеңешин” түзүү туурасындагы меморандумга Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Саудия королу Салман бин Абдулазиз Ас-Сауддун көз алдында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери кол койгон. Кол коюу ырасымы Стамбулда уюштурулган Исламий кызматташтык уюмунун 13-саммитинин ачылышынан кийин Стамбул Конгресс борборунун “Йылдыз 1″залында болуп өттү.

Соӊку кабарларда айтылышынча, Түркия-Саудия ылайыкташтыруучу кеңеши эки мамлекет ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты күчөтүү, достук байланышты бекемдөө жана элдер ортосундагы алаканы өнүктүрүүгө каратылган.

Президент Эрдоган өткөн жылдын декабрь айында Саудияга расмий сапары учурунда король Салман менен биргеликте “Түркия-Саудия ылайыкташтыруучу кеңешин” түзүү боюнча токтом кабыл алышкан эле. Ошол токтомду ишке ашыруу келишимине бүгүн кол коюлду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here