Эрдоган: Биз терроризмге каршы өнөктөш эмес белек?

397
0

Кээ бир Батыш мамлекеттери Түркияга тескери көрүнүштө равишда Сириядагы Демократиялык союз партиясын (PYD) террорчу уюмдардын катарына кошушпайт. АКШ да ошол мамлекеттер катарында PYD партиясын террорчу уюм деп тааныбайт, тескерисинче аны түрдүү көрүнүштө колдоп келет. Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган дагы бир жолу Күрдистан жумушчулар партиясы (PKK) менен анын Сириядагы аскерий канаты болгон Демократиялык соз партиясынын (PYD) ортосун ажыратып, “PYD террорчу уюм эмес” деген мамлекеттерге карата мамилесин билдирди.

“Аларга айтаарыбыз, силер жардам берип жаткан уюм террорчу уюм. Оооба, PKK, PYD, DHKP партияларынын бири-биринен эч кандай айырмасы жок. Булар бир дарактын бутактары. Тамыры бир, денеси бир болгондон кийин, анан кантип “бул башка бутак, тигинисине окшобойт, террорчу уюм болуп эсептелбейт” деп айта аласыӊар. Мына силер жерге тийгизбей мактаган уюмуӊар Анкарада террордук чабуул уюштуруп, бейкүнөө адамдарды өлтүргөн террорчунун сүрөтүн плакат кылып, өздөрүнүн көзөмөлүндө болгон аймактарда дубалдарга илип ардактап жатышат. PYDди террорчу уюм катары көрбөстүгүӊөр – бул Анкарагы жардырууну террордук чабуул катары көрбөстүгүӊөрдү түшүндүрөт”, “Биз терроризмге каршы биргеликте күрөшүүбүз керек эмес беле? Кайсы уюм террорчу жана кайсы бири террорчу эместиги жөнүндө бир чечимге келе албасак, анан кантип терроризмге каршы биргеликте күрөшө алабыз?” – деди Түркия президенти.

Туркистон:

PYD АКШнын Сириядагы эң жакын союздаштарынын бири экендиги белгилүү. Ак үй расмийлери Түркиянын каршылыгына карабастан, PYDди террорчу уюм катары көрбөстүгүн бир нече жолу билдиришти.

Чындыгында АКШ менен Түркия терроризмге каршы күрөштө өздөрүн өнөктөш деп билишет. А бирок, Түркия PYD партиясын террордук уюм деп билсе, АКШ муну ачык эле четке кагат. Себеби, Сирия маселесинде өзүнүн саясий пландарын ишке ашыруу үчүн АКШнын PYDге муктаждыгы бар. Ошондуктан, аларды саясий жана аскерий жактан ачык эле колдоп-кубаттап, жардам берип келүүдө.

Түркия бийлиги Анкарагы террордук чабуулдарды PYD ишке ашыргандыгын расмий түрдө тастыктады. Эми бул уюмдун АКШ тарабынан анык көрүнүштө колдоп-кубатталышы түпкүлүгүндө Анкара террорунун артында ким тургандыгын көрсөтөт. Демек, Америка өзүнүн кызыкчылыгына тескери келип калганда жакын өнөктөшүнүн кызыкчылыгын этибарга албайт.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты расмий бийликти тынымсыз эскертип, АКШ жана Батыш мамлекеттерин дос тутуудан жана азиздикти алардын жанынан издөөдөн кайтарып келет. Анын акыркы билдирүүлөрүнүн биринде мындай деп келген:

“Түркия президентине төмөнкү маанилүү эскертмени айтып өтүү Исламий жана саясий жоопкер катары биздин мойнубуздагы милдет. Халифалык кулатылгандан кийин, Ислам дүйнөсү алгач Британиядан, андан кийин АКШдан көптөгөн кыйынчылыктарды көрдү. Куфр мамлекеттери талап-тонобогон, эксплуатация кылбаган бир карыш да жерибиз калбады. Исламий өлкөлөрдөгү жетекчилер болсо Англия жана Америкага итаат кылып, мусулмандарга кыянат кылды. Бүгүнкү күндө, артка бир көз чаптырсак, алардын бардыгы кыянатка толгон. Америка жана Британия иштери бүткөндөн кийин өздөрүнө кызмат кылган жетекчилердин жүзүнө да карабайт. Америка эч качан дос болбостугун унутпагыла. Аллахты дос туткан адамдын жанында ар дайым мусулмандар болот. Ал эми Американы дос туткан адам болсо, бир күнү досу жок калат”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here