Америка-Булуң кеңеши
Мусулмандардын акимдери Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү иштерин душмандар менен келишкен абалда тартипке салууга о.э. алардын буйруктарына моюн сунууга шашылып жатышат
Вашингтон террорго каршы күрөшүү иштерин ылайыкташкан абалда тартипке салуу үчүн «Америка-Булуң кеңеши» түзүлгөндүгүн билдирди жана Мосулдун түндүгүндөгү Америка деӊиз аскерлери «региондо алдыга жылууга жетишкен» Ирак армиясын колдоп-кубатташын да билдирди. Ал – «зарылдык болсо» ушул күчтөрдүн саны көбөйтүлүшү мүмкүн экендигин да билдирди.
«Франс Пресс» агенттиги Америка коргоо министри Эштон Картердин башкы штаб башчысы генерал Жозеф Данфорд менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында айткан сөздөрүн келтирди. Эштондун айтымында, ал саудиялык кесиптеши амир Мухаммад ибн Салман менен байланышып, террорго каршы күрөшүү иштерин ылайыкташкан абалда тартипке келтирүү үчүн «Америка-Булуң кеңешин» түзүүгө жана бул кеңеш 21-апрелден иштей башташына келишип алган.
Саудия маалымат агенттигинин билдиришинче, мураскор шахзада Мухаммад ибн Салман Картер менен жолугушуп «эки мамлекет жана Перс Булуңундагы мамлекеттер ортосунда регионалдык, эл аралык жана аскерий тармактарда кызматташтыкты кеӊейтүүнү о.э. региондогу туруктуулукту, ошону менен бирге экстремизмге каршы күрөштөгү ортоктош иш-аракеттерди бекемдөөнү» талкуулашкан. (Хаят гезити).
Роя гезитинин 2016-жыл, 30-марттагы 71-санынан