Кыргызстандагы «Умеренный Ислам» саясаты

330
0

Азыр Кыргызстанда да «умеренный Ислам» (Moderate Islam) термини көп кезиге баштады. Биз аны макалабызда “мээлүүн Ислам” деп атадык.

“Мээлүүн Ислам”ды – америкача глобалдашуунун табийгый Исламдашууга каршы чабуулу деп кароого болот. Анткени, бул долбоор АКШнын Исламга каршы күрөшү алкагында иштелип чыккан. Батыш идеологдорунун назарында, ал “радикалдуу Исламга” каршы күрөшүү модели болуп саналат.

Бул долбоор кичи Буштун тапшырмасы астында, RAND корпорациясы тарабынан иштелип чыккан. RAND 1999-жылдан бери “Ислам кооп-коркунучун” изилдөө менен алектенип келет. Анда аналитик, идеолог ж.б.у.с. адистерден турган 3700 кызматчы иштейт. Грэхем Фуллер, Френсис Фукуяма, Сэмюэль Хантингтон, Збигнев Бжезинский – булардын баары RAND корпорациясынын кызматкерлери болушкан. Ушундан эле, бул ишкана АКШ тышкы саясатында канчалык мааниге ээ экендигин аныктап алууга болот. Бул корпорация долбоорлор эң оболу мамлекеттик структуралар тарабынан каржыланат.

2001-жылы корпорация тарабынан эки стратегия сунуш кылынган: а) аскерий; б) идеологиялык. Идеологиялык стратегияда «мээлүүн исламды» колдонуу камтылган.

АКШ Афганистан жана Иракта аскерий жактан ийгиликсиздиктерге учураган соң, 2006-жылы Пентагон RAND корпорациясына радикалдуу уюмдарга каршы күрөшүүнүн перспективаларын аныктоо боюнча тапшырма берди.

RAND 2007-жылы “Мээлүүн мусулмандар уюмдарынын тутуму” (Building Moderate Muslim Networks) докладын жарыялады. Анда бул стратегия ишке ашуусу үчүн исламий уюмдардын бардыгын системалаштыруу сунуш кылынган. Анда исламий кыймылдардын баары тизмеге алынып, аларды АКШ өлчөөсүндөгү “жакшы-жаманга” ажыратуу каралган. Андан кийин, АКШга жаккан кыймылдар бириктирилип, “мээлүүн Ислам” түзүүлөрү белгиленген.

2008-жылы RAND корпорациясы “Башка методдор менен согушуу” (War by Other Means) докладын чыгарды. Анда АКШнын радикалдуу топторго карата күч колдонуу методу жараксыз болуп калганы жана ийгиликке жетишүү үчүн башка ыкмалар колдонулушу керектиги айтылган. Доклад ээлери эми идеологиялык согуш алып барууну сунушташкан. Натыйжада, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс “АКШ мусулман фундаменталисттер менен идеологиялык согушка кирүүгө жана утуп чыгууга даяр” деп билдирүү жасаган.

Жогорудагы докладда исламий кыймылдар төмөнкүдөй тайпаларга киргизилген: фундаменталисттер (акыйдапарастар), традиционалисттер (“салттуу исламды” кармангандар), модернисттер (“мээлүүн исламды” кармангандар), секуляристтер (дин турмуштан ажыратылганын тан алгандар).

Фундаменталисттер (акыйдапарастар). АКШга жакпаган, мурун же кийин экстремистик же террористик деп тааныла турган жамааттардын бардыгы фундаменталисттер сабына киргизиле турган болду. Жана аларга каршы идеологиялык күрөш алып баруу белгиленди.

Традиционалисттер (“салттуу исламды” кармангандар). Фундаменталисттерге салыштырмалуу традиционалисттердин АКШга карата коркунучу азыраак деп белгиленет. Бирок, алардын фундаменталисттер менен жакындашып кетүүсүнө жол бербөө керек. Ушуга байланыштуу, фундаменталисттер менен традиционалисттерди бири-бирине жек көрсөтүш үчүн, бул корпорация АКШ өкмөтүнө традиционалисттер арасында суфизм жана шиа идеяларын жайылтууну сунуштайт. Ушуну менен бирге, ханбалия мазхабынын фатваларына ханафия мазхабынын фатваларын каршы коюп, ханафий мазхабынын фатваларын кеңири жайылтууга кеңеш берет. Тыянактап айтканда, традиционалисттердин консервативдүү көз караштарын сынга алуу менен бирге, аларды ар дайым колдоп-кубаттап туруу керек делет.

Модернисттер (“мээлүүн исламчылар”). Докладда белгиленгендей, модернисттердин пикирлөөсү кандайдыр бир деңгээлде либерал-демократтардын пикирлөөсүнө дал келет, бирок, толугу менен эмес. Модернисттердин башка исламчылардан өзгөчөлүгү – алардын Исламды заманга ылайыкташтырып колдонуу керек деп билгендиги. Ошондуктан, “мээлүүн мусулмандарды” материалдык, моралдык ж.б. бардык жактан колдоп, аларды коомдогу жетекчилик абалга алып чыгуу керек делет докладда.

Секуляристтер (дин турмуштан ажыратылганын тан алган “светский мусулмандар”). RAND баасы боюнча, секулярист-мусулмандардын пикирлөөсү батыштыктардын либерал-демократиялык баалуулуктарына толугу менен дал келет. АКШга караштуу мамлекеттердеги секулярист-мусулмандарды абдан катуу колдоп-кубаттоо  керек. Анткени, алар АКШга каршы чыгышпайт жана фундаменталисттердин эң ашынган душманы болуп эсептелет.

RAND корпорациясы мусулмандарды ушундайча классификациялап, алардын ичинен кимдер “мээлүн ислам” ичине кириши боюнча стандарттарды иштеп чыгууну толугу менен Батышка тапшырат. Ал тургай, АКШга караштуу мусулман өлкөлөрүндө да “мээлүүн ислам” боюнча өз алдынча интерпретацияланышына караманча каршы турат. Анткени, андагы “мээлүүн мусулмандар” кафирге канчалык малайлык кылышпасын, баары бир алардын назарында “мусулман” эсептелип, аларга ишенишпейт. Эгер инерпретацияланса, ал да сөзсүз Батыш идеологдору көзөмөлү алдында болушу керек.

Ошондуктан, акыретин бирөөлөрдүн дүйнөсү үчүн курмандыкка чалып жиберген, кафирге малай “сарай уламалары” Бакара сурасынын 143-аятын бурмалоо менен таъвил кылышып, RAND иштеп чыккан Moderate Islam терминин “Васатыйя” деп которушту. 2006-жылдан бери Кувейтте эл аралык “Васатыйя” борбору иштейт. Ал мамлекеттер колдоосу астында мусулман өлкөлөрүнө “мээлүүн ислам” түшүнүгүн таркатуу менен алектенет.

“Мээлүүн ислам” тизмесине кириш үчүн, батыштыктар “мээлүүн мусулмандарга” төмөнкүдөй шарттарды коюшту:

– Батыштын демократиялык баалуулуктарын кабыл алуу “мээлүүн исламчыларды” аныктоонун негизги болуп саналат. Мисалы, адамдын жеке эркиндиктерин урматтоо, гендерлик саясатты ишке ашыруу, парламенттерде адамдар тарабынан мыйзамдардын иштелип чыгышын кабыл алуу, шаръий шарттарга жооп бербеген шайлоолорго катышуу ж.б.у.с.

– Исламий пикирге бекем туруп албоо, башкалардын пикирин тан алуу, элдин кызыкчылыгын, учурду эске алып, ушуга ылайыктуу кабыл алынган чечимдерге моюн сунуу. Адамдардан шариятты бекем туруп талап кылбоо, башка көз караштар менен шарият ортосунда орточо чечим издөө ж.б.у.с.

“Мээлүүн ислам” жүзөгө келгенден кийин, “мээлүүн исламчылар” менен фундаменталисттердин ортосунда күрөш тутанып, акыры алоолонушу күтүлөт. Мына ошондо, үммөт перзенттери ичинен чыккан, бирок, атеист, мунафык, фасык болгон Батыш малайларынын доору келет. Алар: “Өзү кайсы бириңердики туура: фундаменталисттердикиби же радикалдардыкыбы, деги кимиңерди ээрчийли, андан көрө тынч эле демократияны кармана бербейлиби”, – дешет.

Негизи, саясатта Ислам атынан пайдалануу АКШ тажрыйбасында мурунтан эле бар. Мисалы, ал Британиядан Иран жана Пакистанды тартып алууда “исламий революцияны” колдоп-кубаттаган жана “исламий республикаларды” тикелеген. Ал республикалар болсо, чыныгы Исламдын келишине тоскоолдук кылып, азыр АКШ кызыкчылыктарына кызмат кылышууда.

Бир учурларда “дин саясатка аралашпайт” деген пикирди карманган “салттуу исламды” колдоп келди. Эми болсо, “мээлүүн исламды” саясатка салып, чыныгы исламий жашоону алып келүүгө болгон аракеттердин алдын тосууда. Мисалы, “Хамасты” парламенттик шайлоого катышууга көндүрүп, аны “мээлүндөштүрдү”. Кийин аны жетекчиликке жөндөмсүз катары көрсөтүп, “Ислам башкарууга жараксыз” деген пикирди жаратууга аракет кылды, андан кийин Хамасты бир четке сүрүп салды. Мындай ыкмалар “араб жазы” окуяларында да кезикти. Тунисте “Нахзону” бийликке аралаштырып, кийин чегинүүгө аргасыз кылды. Мисирде “Ихванды” бийликке алып келип, кийин кулатып салды. Түркияда Эрдогандын “светский”, Гулендин “суфий” – (түбү барып экөө тең эле бирдей) “мээлүн исламдары” менен үммөттү уктатып, чыныгы исламий ойгонуудан тосуп келүүдө. Бул кыймылдардын арасында: “мээлүүн ислам” деген нерсе жок, – деп кыйкыргандары да бар. Бирок, алар куру кыйкырыктар гана. Анткени, алардын абалдары “мээлүүн исламдын” Батыш белгилеп койгон стандарттарына дал келет. Алардын баары демократия баалуулуктарын кабыл алышкан, шариятты капиталисттик мыйзамдарга ылайыкташтырып бурмалашат, ар кандай маселеде шариятты эмес, орточо чечимди кабыл алууга ыкташат ж.б.у.с.

Бирок, АКШнын “мээлүүн ислам” долбоору көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө, айрыкча, Жакынкы чыгышта кыйроого учурады. Ошондуктан, ал жерде идеологиялык күрөштү таштап, кайрадан аскерий аракеттерге өттү.

Ал эми, Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда болсо, азыр “мээлүүн ислам” долбоору активдештире баштады. Буга чейин, “кырк фарзды аткарсак болду”, “дин: ибадат, ахлак жана никеден гана турат”, “дин саясатка аралашпайт” деген сыяктуу пикирлерди жайылтканга муфтият тармагын мажбурлап, кафирлер “салттуу ислам”ды тыгыштырып келди. Аракеттери ушуга дал келген суфий агымдар ишмердигине жол ачып беришти. Муну менен күчтүү темпте исламдашып бара жаткан Кыргызстан калкын чыныгы исламий ойгонуудан тосмокчу болушту. Бирок мунусу ийгиликсиздикке учурады. Азыр болсо, Түркия жана араб өлкөлөрүнөн “мээлүүн ислам” билимине сугарылган “илимдүүлөр армиясы” ишке кирише баштады. Медресе жана хужралардан жетишип чыккан мурунку дамла жана имамдардын “мээлүүн исламды” кабыл алгандары калып, калгандары майдандан четтетилүүдө. Аттестацияларда алардын динге канчалык калыс кызмат кылгандыктары өлчөө болбостон, “мээлүүн исламды” канчалык кабыл алгандыктары өлчөө болууда. Кыргызстандык “мээлүүндөр” да устаздары сыяктуу эле, Батыш киргизген шарттардын баарын кабыл алышты. Мисалы, адам укуктарын урматтайбыз дешет, негизи бул укуктар Аллах тарабынан эмес, пенделер тарабынан белгиленген акы-укуктар эле. Гендерлик саясатты кабыл алышты, негизи, шарияттагы аял-эркек укуктары мындан башкача эле. Демократияга негизделген жана шариятка тескери келген шайлоолорго калкты катышууга чакырышты. Шариятка тескери келген мыйзамдарды мыйзамдаштырууга катышышты ж.б.у.с.

Эми мунун каршысында болсо, шарияттан кыйла четтеп башташты. Кафирлердин долбоорун кабыл алып, аларга карата мээлүүн мамиледе болушса, мусулмандарга карата каардуу мамиле кыла турган болушту. Кыргызстандагы бул “мээлүүндөрдүн” илими менен текеберлик кылуулары артып кетти. Негизи, алардын арасынан бир да муфассир же мухадис, же болбосо, мужтахиди мазхаб, ал тургай мужтахиди масала таппайсың. Бирок, жок илимине эле текеберлик кыла беришет. “Илим алып анан сүйлөгүлө” деп, адамдарды амру маъруф ва нахий мункардан тосушат. Эмесе ошолор айтып беришсинчи, адам канча шаръий өкүм билгенден кийин анан жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууга акылуу болот экен? Анан дагы “лицензиясы барлар гана нике кыйганга акылуу болушат деп”, никени монополия кылып алышат ж.б.у.с.

Андан сырткары, кылган иштерин колко кылгандыктары да ашыкча болууда. Кылса Кудай үчүн кылышкандыр, аны элге эмне колко кылышат. Эгер кылып жаткан иштери шариятка дал келсе, макталат. Шариятка кайчы келсе, караланат. Мисалы, партиялык тизме менен өтчү парламенттик шайлоого катышуу жайиз дешти. А түгүл, “алардын татыктуусун тандабасаң, же шайлоого барбай калгандыгың себептүү татыксызы өтүп кетсе, күнөөкөр болосуң” дешти. Не деген шумдук, негизи, шайлоодо ат салышкан партиялардын бири да Исламга негизделген эмес эле го. Алар муну “айрым Исламга майил кишилердин бийликке баруусу менен, Исламдын жашоого келүүсүн жакындаштырабыз” деп акташты. Акыйкатта болсо, Расул Акрам с.а.в. “оң ийниме күндү, сол ийниме айды коюшса да” макул эмесмин деп, бийлик, байлык ж.б. нерселерден турган сунуштарды кабыл алган эмес эле го. “Мээлүүндөр” мында кафирлердин “максат ыкманы актайт” деген эрежесин колдонуп жатышат. Негизи, алар “харам жол васита кылып алынбайт” деген шаръий коидага амал кылуулар керек эле го.

Ушуларга карабастан, үммөт ичинде кафирлердин бузук долбоорлоруна жүрүүнү каалабаган калыс аалымдарыбыз да бар. Ошондой эле, мындай бузук долбоорлордун акыйкатын аңдай албай, аларга аргасыз ээрчип жүргөн адамдарыбыз да бар. Алардын ар бирине жеткирүү билгендердин мойнуна милдет.

Бул “мээлүн ислам” долбоору кафирлер тарабынан түзүлгөн бир план болуп, анын шарттарын кабыл алуу жана анын ишке ашуусуна салым кошуу мусулмандар үчүн харам.

Бухарий Абу Саид Худрий р.а.дан риваят кылат, “Расулуллох с.а.в. айтты:

«لَتَتَّبِعَنَّ سُنَنَ مِنْ قَبْلِكُمْ شِبْرًا بِشِبْرٍ، وَذِرَاعًا بِذِرَاعٍ، حَتَّى إِذَا دَخَلُوا جُحْرَ ضَبٍّ لَدَخَلْتُمُوهُ»

 «Силер өзүңөрдөн мурункулардын карманган жолдоруна карышма-карыш, кулачма-кулач ээрчип барасыңар, жада калса, кескелдирик ийинине киришсе, силер да ага киресиңер», – деди.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تُطِيعُوا الَّذِينَ كَفَرُوا يَرُدُّوكُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ فَتَنْقَلِبُوا خَاسِرِينَ * بَلِ اللَّهُ مَوْلَاكُمْ وَهُوَ خَيْرُ النَّاصِرِينَ﴾

«Эй момундар, эгер кафирлерге итаат кылсаңар, силерди артыңарга кайтарышат да, зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар. Жок, (бир гана) Аллах кожоңор жана Ал эң жакшы жардам берүүчү»

Биз макала ыкмасы менен жеткирдик, эми башка ыкмалар менен да жеткире беребиз, инша Аллах

Аллахым Өзүң күбөсүң

https://azatkg.info Сайтынан алынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here