ААЛЫМДАРДЫН УНЧУКПАЙ ТУРУШУ КУФРДУ ЫРААЗЫ КЫЛБАЙТ (3)

341
0

بســـــم الله الرحمن الرحيم

 ААЛЫМДАРДЫН УНЧУКПАЙ ТУРУШУ КУФРДУ ЫРААЗЫ КЫЛБАЙТ (3)

Момундарды бир дене сыяктуу кылып, бири-бирин бекемдөөчү, бири-бирине жардам берүүчү абалга алып келүүчү нерсе – бул Ислам. Ал эми аны үйрөтүү аалымдардын, имам-молдолордун мойнундагы милдет. Элестетип көрүӊүз, оорулуулар кароосуз калып кетсе, күндөн-күнгө көбөйүп  жаткан болсо врач-докторлорду, медиктерди айыптуу кылабыз. Кылмышкер-уурулар көбөйүп, тынчтык жоголуп жаткан болсо, авариялар көбөйсө, албетте орган кызматкерлерин каралайбыз. Паракордук күчөсө жетекчилик себепкер болот. Ал эми мусулмандар өз Исламын билишпесечи? Аялдар авраттарын ачып көчөлөрдө жүрүшүнүн, ал тургай мектептерде жигиттер арасында кыздар авраттарын ачып, 4-5 саат бирге сабак алышынын өкүмү кандай?  Мужтахиддердин:“ Балагатка жеткендик белгилери көрүнбөсө да жигит-кыздар 15 жаштан баштап шаръий өкүмдөр алдында жоопкер”, деген сөзүн кандай түшүнүшүбүз керек? Сүткордуктар, арак ичүү, зына кылуу же бачабаздык сыяктуу адатка айланып бара жаткан иштердин өкүмү кандай? Буларды өнүктүрүп жаткан сойкуканалардын, арак иче турган жайлардын, кумарканалардын көбөйүшүн кандай түшүнсө болот? Буга ким жоопкер? Өзүбүз билип алган киши болуп, башкалардын үстүнөн күлүшүбүз туурабы? Же аларга душмандардай мамиле кылышыбыз жакшыбы? Бизди ушул абалга алып келгендер атеисттер эмеспи? Жаратуучу адамдардын ишине аралашуусу мүмкүн эмес деген ишеним ээлери өз Исламыбызды үйрөнүүгө жана ага кайтууга каршылык көрсөтүп келе жатат го? Карапайым калк билбесе аларда эмне айып?…

Куфрдун Исламга каршы жүргүзгөн иштери; өздөрүндөгү алкоголизм, сойкулук, бир жыныстагылардын жыныстык алакасы сыяктуу балээлерин жуктурушу; көз каранды кылууга катуу аракет кылышы; даъваттарын жок кылуу максатында исламий кыймылдарды куугунтуктоосу; камакка алып, азаптоосу, — ушулардын бардыгы ушул даъватчыларды эч бир алсырата албады. Алардын эркин сындыра албады. Тескерисинче, бул куугунтук жана кыйноолор аларга акыйкат үстүндө бекем турууга чакыруучу Аллахтын аяттарын эскертип турат. О.э. Аллахтын буйругун ачык-айкын жүзөгө чыгарып, залимдердин алдында акыйкат сөздү айткан абалда шейит болгон же азапталган эр жүрөк адамдарга Аллах кандай ажр-сыйлыктарды даярдап койгондугун баян кылуучу Расулуллах (с.а.в)дын хадистерин эскертип турат. О.э. мындай куугунтук жана камакка алуулар Аллахка жакын болууну дагы да күчөтүүдө. Пайгамбар(а.с)лардын, сахабалардын жана тобеъиндердин Аллахтын шариятына бекем жабышкан позициясын эскертип турат.

الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَانًا وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ

Андай заттарга айрым кимселер: «Курайш адамдары силерге каршы (сан жеткис кол) топтогон, корккула!» дешкенде, бул сөз алардын ыйманын дагы да күчөттү жана: «Бизге жалгыз Аллахтын Өзү жетиштүү. Ал Зат эң жакшы ишеничтүү өкүл!» — дешти!.    [3:173]

Мындай абалдарда момундук сыпатты өздөрүндө көрсөтүү үчүн алар мурдагы амалдарын дагы да күчөтүп жатышат. Себеби, мусулмандын дилин Мавла Азза жана Жалланын:

لاَ تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ

– „Алланын рахмат-ырайымынан үмүтсүз болбогула!“,  [39:53]

деген сөзү жарыктандырып турат. Эми эгерде мына ушул кубанычтуу убадага – туура жолдогу Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн аракет кылып жаткан, куфр чабуулдары, айла-амалдары туура жолунан адаштыра албай жаткан, камакка алуулар жана азаптоолор туура жолунан т.а. Расулуллах (с.а.в)дын жолу менен баруудан буруп жибере албай жаткан ниети калыс бир саясий уюмдун бар экендигин да кошо турган болсок, булардын бардыгы Халифалык убагы жакындап келип калгандыгын көрсөтүп турат. О.э. тиги кимселердин чабуулдары талкаланып, таажы -тактылары болсо жок болуп кетишин, айла-амалдарынын дареги да калбастыгын анык көрсөтүп турат.

وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لاَ يَعْلَمُونَ

Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну)билишпейт“. [12:21]

Себеби, калыс момундардын Аллах Таалага жана Анын убадаларына ишеними бекем. Алар өздөрү баштаган бул иштин акыйкатын өтө жакшы билишет. Алгач пайгамбар(а.с)дар да кудум ушул жолдон басып өтүшкөн жана кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Бирок, Пайгамбарлар жана аларды ээрчиген адамдар даъватты жаюудан, шариятты жеткирүүдөн токтоп калышпаган. Тескерисинче, алар Аллах Таала өздөрү менен коомдору ортосунда ишти чечкенге чейин дуушар болгон азарларга сабыр кылышты, алардын бирөө-жарымы да да азапталып кордолгондон кийин даъватты таштап койбоду. Үммөт, калк жана коомдор өз акыйда, пикир жана өкүмдөрүн коргошу Аллахтын пенделери ичиндеги мыйзамы болгону сыяктуу эле, элчилер, пайгамбарлар жана аларды ээрчигендердин – Аллах Таала алар менен коомдун ортосундагы ишти чечкенге чейин жана Аллахтын нусраты келгенге чейин – азаптарга сабыр кылышы Аллахтын мыйзам-ченемдүүлүгү болуп эсептелет. Аллах Тааланын:

وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ فَصَبَرُوا عَلَى مَا كُذِّبُوا وَأُوذُوا حَتَّى أَتَاهُمْ نَصْرُنَا وَلاَ مُبَدِّلَ لِكَلِمَاتِ اللَّهِ وَلَقَدْ جَاءَكَ مِنْ نَبَإِ الْمُرْسَلِينَ

 «Сенден мурунку пайгамбарлар да жалганчы деп куру дооматка калышкан. Качан тээ аларга Биздин жардамыбыз келгенге чейин жалганчы кылынгандыктарына жана азар берилгендиктерине сабыр кылышкан.Аллахтын (Пайгамбарларымды Өзүм колдоймун) деген сөздөрүн өзгөртө алуучу бир да киши жок».    [6:34]

 «Зухруф» сүрөсүндөгү:

وَكَمْ أَرْسَلْنَا مِنْ نَبِيٍّ فِي الأَوَّلِينَ{وَمَا يَأْتِيهِمْ مِنْ نَبِيٍّ إِلاَّ كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُون

 «Биз мурункуларга да канча пайгамбар жибергенбиз. Алар да өздөрүнө келген ар бир пайгамбарды мазактап күлүшкөн эле».         [43:6-7]

аяттары ушуга ачык-айкын далил болот. Кыйынчылык жана балээлерге сабыр кылуу Пайгамбарлар жана аларды ээрчигендердеги өзгөргүс мыйзам болуп, алардын бири да коомдору тарабынан азаптарга дуушар болгон убакта даъватты таштап, коомдорунун талап-каалоосуна “лаббей” деп жооп бербеген. Алардын каалоосуна карап Аллах Тааланын аманатына кыянат кылбаган. Эгерде андай кылса, бул Аллахтын мыйзамын бузуу жана анын сөздөрүн өзгөртүү болор эле. Бул сыноолор аалым-молдолорубузга, даъватчыларга келип жаткан жаңылык эмес.

 Сийрат китептеринде айтылышынча, мушриктердин бири Расулуллах (с.а.в)га келип:«Чындыгында, сен коомуӊа улуу нерсе келтирдиӊ, муну менен алардын жамааттарын бөлүп жибердиң, арзуу-үмүттөрүн жокко чыгардыӊ, кудайлары жана диндерин айыптадыӊ, мурда өткөн ата-бабаларын кафирге чыгардыӊ. Эми мени ук, сага бир нече иштерди сунуштаймын, балким алардын бирин кабыл аларсын», — деп айтты. Ошондо Расулуллах (с.а.в): «Сүйлө, эй Абул Валид, угуп жатам», —деди. Ал: «Эй агамдын уулу, эгерде сен алып келген нерсе менен мал-дүйнөгө жетишүүнү кааласаң, биз сага мал-дүйнө топтоп берели, сен арабыздагы эң байыбыз болгун. Эгерде сен сый-урмат жана улуулукту кааласаң, улуубуз болгун, эгерде кааласаӊ, сенсиз бирер иш кылбайбыз. Эгерде сен падыша болуунукааласаң, сени өзүбүзгө падыша кылып алалы…» — деди. Расулуллах (с.а.в) бул сунуштарды укту жана анын бардыгын бир сөз менен четке какты, себеби бул сунуштар Аллах Тааланын ыраазылыгы-бейишинен баш тартуунун акысына эле.

Расулуллах(с.а.в)га жана асхабдарына кафирлер тарабынан канчалаган азап-кыйынчылыктар болгону, мекенинен куугунтукталганы тарыхтан белгилүү. Бухарий Абу Абдуллах Хаббаб ибн Арат Gдан мындай дегенин риваят кылды: Биз Расулуллах A алдына арызданганы бардык. Ал киши Каъбанын көлөкөсүндө чапанын жаздык кылып сүйөнүп отурган экен. Биз үчүн нусрат сурабайсызбы? Биз үчүн дуба кылбайсызбы? — дедик. Ошондо Пайгамбарыбыз:«Силерден мурункуларда жер чуңкур казылып, ага бир адам башына чейин көмүлөр эле, кийин араа алып келинип, башынын ортосуна салынып, экиге бөлүп жиберилер эле. Ушул иш да аларды дининен кайтарбас эле. Темир тарактар менен эттен өтүп сөөк тарамыштарына чейин таралар эле. Бул да аларды дининен кайтара албас эле. Аллахка касамки, албетте, бул иш толук-акырына жетет жана атчан Санъадан Хазрамавтка чейин жалгыз Аллахтан гана коркуп, же койлорун бөрү жеп кетишинен гана коркуп бара турган болот. Болгону, силер шашкалактык кылып жатасыңар», — деди.

Даъват деген сөздүн кыскача мааниси – бул адамдар үйрөнүп калган ширк акыйдаларга, ката пикирлерге жана бузукчулуктарга сокку берип, алардын ордуна Аллах Тааланын рисолатын т.а. Куран жана хадисти түшүнүктүү кылып баяндоо. О.э. кыйынчылык жана азарларга бетме-бет чыгып, аларга сабыр кылуу жана Аллахтан жардамды күтүү. Ал эми өзгөртүп жиберүү болсо эң жаман кыянат. Бул даъваттын акысына кандай сыйлык бар экендигин, бул машакаттарга Аллах Таала кандай жакшылыктарды даярдап койгондугун жакшы билебиз. Эми ушул сыйлыкка жетишүү үчүн өз төлөмү бар. Биз арзыбаган нерсе үчүн умтулуп жаткан жокпуз. Төлөм да ушуга жараша болот. Кимде-ким даъватты жеткирсе кудум мына ушул негизде жеткирсин жана өз напсин даъваттын ар кандай коркунучтарына даярдасын, даъватчы качан бирер баскычты басып өтсө, “мен азаптан кутулуп калдым” деп айтышы же жеӊиш жолдун башында эле келет деп ойлошу жакшы эмес. Себеби, куфр Исламдын келишин өзү үчүн балээ, жок болуу деп билет жана ушундан келип чыгып, акырына чейин каршылык көрсөтөт. Аллах Таала айтат:

وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا

“Дагы айткын: Акыйкат (т.а. Ислам) келди жана батыл (т.а. куфр) өчүп-жоголду. Себеби, батыл жоголуучу нерсе”. [17:81]

Даъват адам аткара турган иштердин эң сыймыктуусу болуп, бүт жакшылыктар жана чырайлуу даражалардын булагы. Ошондуктан, кимде-ким даъват кылууну кааласа арзыбаган аракет жана тынч-амандыкты арзуу да кылбасын. Даъват кылуу бул – коркунучтар келип, таяктар башка тийгенде; даъват – убакытты өткөрүү жанабилимди көрсөтүү үчүн бир эрмек деген күмөндөр менен артка чегиниши эмес, тескерисинче өз каталарын оӊдоого көӊүл бурушу важиб. Айша разияллоху анхадан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в): «Солихтерге өтө ырайымсыздык кылышат, момун адамга качан ал ката кылса жана өзүнө татыктуу даражадан түшүп кетсе гана мусибат жетиши мүмкүн», — деген.

Абу Хурайра (р.а.) риваят кылат, Расулуллах (с.а.в): «Кишинин Аллахтын алдында бир даражасы болуп, киши ага кылган амалы менен жете албайт. Аллах ал кишини жаман көргөн нерсеси менен балээлейт да ошол себептүү ал киши ошол даражага жетет», — деген. Расулуллах (с.а.в): «Момундарга эркек-аял дебестен ар дайым балээ түшүп турат т.а. алардын өздөрүнө, балдарына жана малына түшөт, Аллахка жолуккан учурда болсо алардын күнөөсү болбойт», — деген.

Демек, чыныгы жашоодогу даражага жетишүү үчүн милдеттерди жакшыраак аткарышыбыз, Аллахка итаат кылууну күчөтүшүбүз жана туура жолдон четке чыкпашыбыз керек. Мындан тышкары “аалым” же “даъватчы” ар түрдүү болор-болбос себеп жана шылтоолор менен өзүн актабасын. Мойнуна жүктөлүп жаткан жоопкерчиликтен качпасын. Себеби, Кыямат күнүндөгү тараза бул шылтоолор менен оор болуп калбайт, тескерисинче жеӊилдейт жана кудум мына ушул себеп жана шылтоолор акыйкаттын алдын тосуп коё турган күнөө болуп эсептелет.

Исламга амал кылууда сахаба(р.а)лар сыяктуу бири-бирибиз менен атаандашалы. Умар (р.а.) Абу Бакр(р.а)ну өзүнө атаандаш деп белгилеп, ар бир тармакта т.а. муктаждарга жардам берүүдө, нафл ибадаттарды кылууда, Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн мал-дүйнөсүн сарптоодо атаандашканы белгилүү. Бизге ошол адамдар өрнөк болот. Алар бул жашоодо үстөм болгон жана Аллах Таала менен болгон сооданы туура түшүнгөн момундар. Аллах Таала “акысын” төлөгөн момунга бейишти убада кылууда:

إِنَّ اللَّهَ اشْتَرَى مِنْ الْمُؤْمِنِينَ أَنفُسَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ بِأَنَّ لَهُمْ الْجَنَّةَ

“Албетте, Аллах момундардын жандарын жана малдарын алардан бейиш барабарына сатып алды”. [9:111].

Айткылачы, демократтар эмнелерди убада кылып жатышат? Силерге Аллахтыныраазылыгы, бейиши керекпи, же  алар менен бирге тозокко түшүү керекпи? Эгерде Аллахтын бейиши керек болсо, анда акысын өтөгүлө! (уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here