Кытай компаниясы Кыргызстанда ГЭС каскаддарын курууга кызыкдар

474
0

 Кытайдын State Power Investment Corporation компаниясы Казарман каскадына ГЭС курууга кызыкдар. Бул тууралуу аталган ишкананын өкүлдөрү вице-премьер Олег Панкратовдун кабыл алуусунда билдиришити..

 Курулуш аяктаган соӊ Ала-Бука, Тогуз-Торо жана эки Кара-Булуӊ ГЭСтеринин жалпы кубаты 1,1 миӊ мегаваттка барабар болушу керек.

Өкмөттүн маалымат кызматы бирдиргендей:  “Инвесторлор Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн жана келечегин жакшылап үйрөнүп чыгышкандыгын о.э. долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин баса белгилешти. Алар буга керектүү документтердин бардыгы жакынкы күндөрдө даяр боло тургандыгынан үмүттөнүп жатышат”.

 ПанкратовКыргызстан өлкөнүн гидроэнергетика тармагына түз инвестиция тарууга чоӊ маани берерин айтты.

“Учурда биз жаңы кубаттуулуктарды куруу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бул өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деди вице-премьер Панкратов.

Туркистон:

Мамлекетке инвестиция тартуу маселеси – бул мамлекеттин алсыздыгына о.э. негизделген идеологиясы, же таянган системасы бузук экендигине ишара кылат.

Инвестиция алып кирүү; мамлекетте билим берүү программасын ушул багыт негизине куруу; элитанын ушул саясий чөйрө негизинде калыптанып калышы, – булардын бардыгы мамлекеттин төмөндүккө түшүп бара беришинин кепилдиги. Колонизатор куфр мамлекеттери ушуну жакшы түшүнгөндүктөн биздин өлкөлөрүбүздөгү пикирий багыт тармагын “ЮНЕСКО” сыяктуу бир катар дүйнөлүк уюмдар аркылуу көзөмөлдөп келишет. Алар мектептердеги жана жогорку окуу жайлардагы билим берүү программалардын деӊгээлин көзөмөлдөп, ал белгиленген негиздерден четке чыгып кетпестигин текшерип турушат. Себеби, ар кандай коомду кор кыла турган, же азиз кылышы мүмкүн болгон негизги элемент – бул пикирий мурас же пикирий жактан бийиктөө механизмин түшүнүп жетүү.

Мамлекетке четтен инвестиция тартуу; ушул иш боюнча адис болуу үчүн атайын билим алууга умтулуу; ушул механизмдин үрпкө айланып калышы, – булардын бардыгы улутту экономикалык жана башка тараптан бийиктиктерге умтулуу рухунан ажыратат. Ал улут жалкоо жана жогорку максаттарды көздөбөй турган, өз жашоосун башка бир күчтөргө тапшырып коё турган, күнүмдүк кызыкчылыктарга гана көз каранды болгон алсыз жана оӊой жетеленүүчү улут болуп калат. Натыйжада куфр мамлекеттери алардын ушул алсыз абалынан пайдаланып, ушул мамлекеттердин  жерлерин ар түрдүү жолдор менен тартып алышат. Жарандарын кулдардай иштетишет. Инвестиция алып кирүү шылтоосу менен стратегиялык жактан маанилүү жерлерин ээлеп алышат.

Бул улут болсо бул жерлерди кандай өздөштүрүү керектиги жөнүндө, же ГЭС сыяктуу маанилүү обьекттерди кантип өз мүмкүнчүлүгү менен куруу же иштетүү жөнүндө деп пикирлей албай калат. Ал тургай, бул пикирди түшүнө албай турган болуп калат. Ушулардын бардыгы, куфр системасы астында жашап жатканыбыздан болууда. О.э. алар түзүп берип жаткан пикирий багытты натыйжаларга байлабай сокурдук менен кабыл алып, проблемаларыбыздын бардыгы ушул пикирлердин кесепетинен экендигин түшүнө албай жатканыбыздан болууда.

Түпкүлүгүндө, инвестиция алып кирүү өкмөттөр үчүн “ар-намыс, мүмкүнчүлүктөрдүн алсыздыгы, мамлекетке кыянат, аны төмөндөштүрүү” деп бааланышы керек болчу. Мамлекет болсо, өзүндөгү кен байлыктардан колдон келишинче пайдалануу жөнүндө  пикирлеп, ушул багытта иш жүргүзүшү керек болчу. Бул нерсе “Кумтөрдү” алдырып коюп,кайтарып ала албай жатканыбызга караганда жүз эсе пайдалуураак болчу. Күчтүү мамлекеттин инвесторлору дагы көптөгөн кен байлыктарыбызды басып алышат.

Бул алсыз абалыбыздан кутулуу үчүн бизге албетте күчтүү идеология жана ушул идеологиядан келип чыккан Мабдаъ (система) керек болот. Учурдагы куфр системасынын ичинде бул кулчулуктан кутулуу мүмкүн эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here