Кыргызстан экономикасынын рейтинги төмөн деп бааланды

558
0

 Standard & Poor’s (S&P) эл аралык рейтинг агенттиги Кыргызстан экономикасы Россияга көз карандылыктан улам, бул мамлекеттин рейтинги B/B деӊгээлинде экенин тастыктады. Бул тууралуу “Финмаркет” кабарлаган.

 Standard & Poor’s агенттигинин эксперттеринин эсеби боюнча Кыргызстан бюджетинин таңсыктыгы 2016-2017-жылдары 4,5 пайызга жетиши мүмкүн. Ал эми алдыдагы үч жылда мамлекеттик карыздын көлөмү ИДПнын 70 пайызын түзүшү ыктымал.

 Мамлекеттин тышкы соодасынын үчтөн бири Россияга туура келет. Чет өлкөдөн которулуучу акчалардын көбү да Россиядан келет.

 Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касымалиев: “Кыргызстандын жалпы карызы бир жылда 1,3 пайызга көбөйүп, азыркы учурда 3,695 миллиард долларга жетти”, – деп билдирген эле.

Туркистон: 

Кыргызстан сыяктуу агрардык өлкөлөр, учурдагы капиталисттик түзүмгө негизделген эл аралык глобалдык системанын мыйзам-эрежелерине моюн сунган абалда жүрүп отурса, экономикалык жактан эч качан өнүгө алышпайт.

Кыргызстандын ¾ бөлүгү тоолор экендигин о.э. калган тегиз бөлүгүнүн жарымынан көбү эгин үчүн жараксыз экендигин эсепке алганыбызда, Кыргызстан агрардык мамлекет болууга да жараксыз. Ошол себептен улам, азыр Кыргызстан ЕАЭБ уюмуна кошулушу менен анын мал чарбачылык механизми өлүп бара жатат. Себеби, эт азыктарынын өздүк баасы, мал чарбасы үчүн тегиздикке эгилүүчү азыктардын көлөмүнө жана баасына байланыштуу. Казакстан же Россияда мал чарбага керектүү өсүмдүктөр үчүн эгин талаалары жана шарттары өтө кеӊири болгондуктан, эт продукцияларынын өздүк баасы арзандап жатат. Ушундан келип чыгып, ЕАЭБге кошулуп жатып биз үмүттөнгөн эт экспорт кылуу туурасындаы арзууларыбыз жокко чыкты. Натыйжада Кыргызстан жарандары мал чарбасы тармагында да кризиске учурап жатат.

Эми, глобалдык башкаруу системасынын бүгүнкү абалыбыздагы ролу жөнүндө.

Мамлекеттер оор өнөржайды өнүктүрүшпөсө, алар өнүккөн чоӊ мамлекеттерге экономикалык жактан көз каранды болуп кала беришет. Себеби, оор өнөржай станок чыгарууга негизделген болуп, ал бардык иштеп чыгаруу тармагы үчүн шарт түзүп берет. Натыйжада мамлекетте өзүндөгү бардык сырьёну кайрадан иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот. Ал дүйнө бойлоп инветиция издеп жүбөйт. Бюджетин толтура албай, тилемчи сыяктуу чоӊ мамлекеттерден карыз сурай бербейт.

Ушуну жакшы түшүнгөн дүйнөлүк системанын жетекчилери бүт дүйнөнү экономикалык глобалдык (борборлоштурулган) шарттарда кармап туруу механизмин иштеп чыгышты. Алар дүйнөлүк уюмдардын дээрлик бардыгын ушул эреже негизинде түзүшөт. БУУ уюму ушулардын эң чоңу болуп эсептелип, ал дүйнөдөгү агрардык мамлекеттер өнөржайын өнүктүрбөшү үчүн резолюцияларды кабыл алып, алардын ушул мыйзамдарга моюн сунушун көзөмөлдөп турат.

Кыргызстан элитасы болсо, бүт экономикалык кризистин себептерин ички системадан же жетекчиликтеги механизмдин туура эмес түзүлгөндүгүнөн издей беришет. Алар эл аралык экономикалык системанын ушул кризистеги ролу жөнүндө сөз кылуудан коркушат. Жогорудагы эл аралык статистикалык уюмдар болсо Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин экономикалык проблемаларын жана дүйнөдөгү ээлеген ордун жарыя кылышып, бул мамлекеттеги элитанын бири-бирине болгон атаандаштыгын күчөтүүгө аракет кылышат.

Кыргызстандын экономикалык абалы жана анын келип чыгышы жергиликтүү проблемалардан эмес. Тескерисинче, дал ушул пикирдин аларда үстөм экендигинде. Т.а. жетекчи саясатчыларыбыз “экономикалык проблемалардын келип чыгышы жана аларды жөнгө салуу, мамлекетибиздин ички башкаруу механизмдерин өзгөртүү менен жолго коюлат” деген ката түшүнүктө жүрүшөт. Ал тургай, окуу программаларыбыз да кудум ушул бузук пикир негизиндеги билим берүү программаларына курулган.

Ушундан келип чыгып, экономикалык проблемаларыбызды шылтоо кылуу менен куфр системасы бизди бири-бирибиз менен бийлик талашып уруша бере турган, саясий жактан алсыз адамдарга айландырып алышты. Ар дайым бийликти кулатып, жетекчилерди алмаштыра беребиз, натыйжада болсо мамлекеттин экономикалык жана саясий абалы барган сайын төмөндөп бара жатат. Негизги проблема аныкталып, саясатчыларыбыз муну түшүнүп жетишпесе, биз кудум байланган музоо сыяктуу казыктын айланасында чуркап, алдан тайып жүрө беребиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here