Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани 28-29-март күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келет.
Күтүлүп жаткан сапардын алкагында Раббани Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеӊештин спикери Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариевдердин кабыл алуусунда болот. О.э. тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, коргоо кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров жана экономика министри Арзыбек Кожошев менен жолугушат.
Кабарда: “Сапардын алкагында кыргыз-афган алакаларынын келечеги талкууланат. Т.а. саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда о.э. эл аралык уюмдар алкагында өз ара кызматташууну бекемдөө маселелери тууралуу сөз болот”, – деп айтылат.
Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү туурасындагы эки тараптуу документке коюу да пландаштырылган.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…