Афганистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

270
0

  Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани 28-29-март күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

 Күтүлүп  жаткан сапардын алкагында Раббани Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеӊештин спикери Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариевдердин кабыл алуусунда болот. О.э. тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, коргоо кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров жана экономика министри Арзыбек Кожошев менен жолугушат.

 Кабарда: “Сапардын алкагында кыргыз-афган алакаларынын келечеги талкууланат. Т.а. саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда о.э. эл аралык уюмдар алкагында өз ара кызматташууну бекемдөө маселелери тууралуу сөз болот”, – деп айтылат.

 Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү туурасындагы  эки тараптуу документке коюу да пландаштырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here