Азирети устаз Чубак ажыга раддия

396
0

Азирети устаз Чубак ажыга раддия

«Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө»

Так ушундай аталышта “Насаат медиадан” бир фильм таркатылды. Анда Чубак ажынын Хизб жигитине каратылган бир нече кептери келген. Ажынын кептерине раддия катары бир хизбий бурадарыбыздан кат келген экен, аны сайтыбызда жарыялоону туура таптык.

Урматтуу Чубак ажы устаз! Биз мусулман катары, ар бир пенденин ар бир ишине карата өз-өзүнчө баа беребиз. Мисалы, сиздин айт майрамдарынан башка “майрамдар” харам экендиги тууралуу баяндарыңызды абдан зор урматтоо менен кабыл алып, колдоп-кубаттадык. Камсыздандыруу тууралуу кандай сонун айттыңыз. Булар бир тамчылар эле. Негизи, сиз калкка көптөгөн акыйкаттарды жеткирдиңиз, а биз болсо алардын ар бирин колдоп-кубаттап келдик.

Ал эми, кайсы бир мусулман бурадарыбыздын кандайдыр бир ишин шариятка тескери деп билсек, биз аны мухасаба кылабыз. Мисалы, сиздин партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоого катышууну колдогон пикириңизге каршы чыктык. Эми болсо, сиз бата берген партиялардан келген депутаттардын “нике тууралуу” мыйзамдарына каршы чыгып жатабыз. Буга аралашып калгандыгыңыз себептүү, интернет тармактарында сизге насаат кылсак, аны калыстык менен кабыл албаганыңыз даана байкалып турат. Муну бир нече нукталарда көрсөтүп өтөбүз:

“Ошол бекинип алып хизбут болуп жаткан бурадарым” деп баштапсыз сөзүңүздү. Негизи, сиз Пайгамбар с.а.вдын сийратынан жакшы билер элеңиз, ал зат да кайсы бир учурларда душмандан жашыруун иш алып барганын. Мындан сырткары, калыс адам үчүн акыйкат кайсы жол менен жеткирилишинин кандай айырмасы бар? Болгону мында, башка каражаттар сыяктуу эле, интернет тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүбүздөн пайдаландык.
О.э. “Бекинип алып сүйлөгөндөн башканы билбейт, кыйратып койгонсуп” дегендей заар сөздөрдөн да чачыптырсыз.

Белгилүү болгондой, Хизб жигиттери кезинде Саддам, Каддафи сыяктуу канкорлорго акыйкатты айтып, акыбетте шахиддикке жетишишкен. Кыргызстандагы жигиттерибиз да, талап кылынган абалдарда Бакиев, Атамбаевдерге кезигип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышкан. Бекинип жатып алган эмеспиз жана кошамат да кылган эмеспиз. Абал талап кылса, дагы барабыз. Кече жакында Кара-Сууда хизбий бурадарларыбыз мамлекетте болуп жаткан бардык зулумдарга каршы акция өткөрүштү. Бийликтин каталарын сындап, үммөт кызыкчылыгын тандап, шарият боюнча мухасаба кылсак, куфрга малай бийлик бизди “экстремист” деп камап жатат. Бирок, бизди залимдин зулуму акыйкатты айтуудан токтото албайт. Керек болсо жигиттерибиз “акыйкатты ачык айтканыбыз үчүн камасаңар мына” деп, өздөрү барып беришти. Жамандыктан кайтаруунун мындай ыкмасы айрым мунафык жана фасыктарды алдастатып койду. Азыр алар муну “улутчулдук” маселесине буруп жиберүү үчүн жан үрөп жатышат. Негизи, ал жерде мусулмандын акы-укугу шарият негизинде талап кылынган эле. Ушундай болгон соң, хизбийлер менен жүзмө-жүз сүйлөшмөкчү болсоңуз, аларга кайдан болбосун кезиге аласыз. Зарыл деп билсек, өзүбүз барабыз.

Мына сиз ДАИШ (ИГИЛ) иштерин сындап жүрөсүз. Эгер кимдир бирөө “Бар, Иракка барып, Багдадийдин өзүнө айт. Бул жерде олтуруп алып кыйын боло бербей, кыйратып койгонсуп” десе, ал адам сизге карата калыстык кылган болор беле, кандай ойлойсуз?..

Антсе да диндеш бир тууган экендигибизди айта кетипсиз азирети, Аллах ыраазы болсун. “Менин жаназама сен келесиң, сенин жаназаңа мен барамын” деп абдан туура сөздү айтыпсыз. Ошол жаназага Аллах буйругандыгы үчүн барабыз. Ушул сыяктуу эле, насаатты да Аллах буйругандыгы үчүн кылабыз. Ахмад Абу Умамадан риваят кылган хадисте Набий с.а.в айтты: «Аллах Азза ва Жалла: Пендемдин Мага кылган ибадаттарынын ичинен эң сүйүктүүсү – Мен үчүн кылган насааты, – деди».
“Хизбийлер маселени түшүнбөйт” дептирсиз.
Биз бул маселени жакшы түшүнүп эле, жада калса, жеке адамдар катары да тээ иштин башынан бери өз позициябызды билдирип келебиз. Сиз алардын көбүн көрмөксөн болуп, айрымдарын гана “байкап” калыптырсыз.

Негизи, бул мыйзам долбоору аркылуу А. Салянова “эки коён атып” жатат.

А) АКШ кадры катары Исламга каршы келе турган долбоорду сунуштап, кожоюндарынын көңүлүн алып жатат.

Б) Бийликтин элди алаксытуу саясатына кызмат кылып жатат.

Бизди, сиздин ушул маселени түшүнбөй жатышыңыз тынчсыздандырат.

“Балким ошонун астына талак маселесин айтып, эринин бала-чакасы менен таштап койгонун айтып бирөө келбегендир” депсиз.
Урматтуу устаз, андай арызданган адамдар азыр абдан эле арбын. Сизге да барат, бизге да келет, башкаларга да барып жатышат. Айласын таппай жатышат. Эгер сизге баргандардын акысын ажыратып берип койсоңуз, анда айтыңыз? Болбосо, эч бир “тушоо чечпегенден кийин”, мазлумалар кайрылганын айтып мактангандан не пайда?

Кыз турмушка чыгышы үчүн “балагатка жетиши менен бирге, акыл-эси толук болушу керек” депсиз. Анан да “жашы жете элек дегени – 17 жашка чейинки дегени” дептирсиз.
Кыз шарият өкүмдөрү жүктөлө тургандай акылга ээ болушу керек. Анын ичинде, нике бүтүмү түзүлүп жатканын түшүнгүдөй акыл-эси болушу шарт. Мунуңуз эң туура. Бирок, айтыңызчы устаз, ошондой акылга 17 жашта толот деген кепилдикти кайдан алдыңыз? Демократиялык түзүмдөнбү? А сизге окшогон устаз үчүн мындай шаръий өкүмдүн булагы Куръан-Сунна болушу керек эле го!

Эгерде, балагатка жеткен пенде кем акыл болбосо эле, анда ал мукаллаф эсептелет. Ал эми сиздин бул пикириңиз боюнча алганда, кыздарга башка шаръий өкүмдөр да 17 жашынан жүктөлүшү керек болуп калат. Мисалы, намаз окуш, хижабданыш ж.б.лар. Ушунун өзүнөн эле, акыйкаттан канчалык тайып кеткениңизди таап алсаңыз болот, албетте, өз нафсиңизди өзүңүз мухасаба кыла алсаңыз.

“Биздин айткан сунуштарыбыз кабыл болгондугу себептен биз ошого макул болуп жатабыз” дейсиз.
Эгер сиздер айткан сунуштар шариятка дал келгенде, анда биз да аны кош колдоп кубаттайт элек. Бирок, сиздер кабыл алган нерсенин тыянагын караңызчы. Андан “кыздар 17 жашка чейин турмушка чыкпасын” деген нерсе келип чыгып жатпайбы. Кечээ эле өзүңүз айтып жаткан “мектепте боозуп жаткан” кыздар маселеси кайда калды? Же, эгер 15 жаштагы кыз тогузунчу классты бүтүп окуусун токтотсо, турмушка чыгууну чечсе, молдо жазадан качып ага нике кыйбаса, анда не болот? Ошондуктан, акылга ээ жана балагатка жеткен кыздарга нике кыйган молдолор жана башкалар жазаланбасын! Негизи, мындай пикирлерди сиз айтып, элди акыйкатка үндөр элеңиз, мусулман катары биз аны колдоп-кубаттачубуз. Кече ушул мыйзам долбоору жаңы сунушталып чыкканда, “Кыргызстан”, Атамекен партия жетекчилерине карата акыйкатты айтып чыктыңыз, угуп кубандык, калк ичине жайып, колдоп-кубаттадык. А эми эмне болду?.. “Кайсы кара теке сүздү” катүгүн…

“Алар айтат, ушул мыйзамды кабыл алдырып койсо, экинчи аялга уруксат бербейт дейт” деп айтыпсыз. О.э. ал үчүн ага тыюу салган башка мыйзам каралганын да айтыпсыз. Муну эң туура айткансыз. Бирок, ушул экөө тең Исламга тескери экенин айтып койсоңуз да ашыктык кылбас эле.
“Никени бардык адамга кыйганга уруксат бербейбиз, уруксат берилген молдолор гана кыйыш керек. Египетте ушундай, Саудияда ушундай” дептирсиз.
Ооба, билимсизге уруксат бербегиле. Бирок, имамдарга монополия кылып да бербегиле. Нике кыйышты билген ар бир мусулманды нике кыюудан тоспогула. Ушунча фильмдерди таркатып жаткан жаныңар нике кыюуну үйрөткөн фильм таркатканга да жарарсыңар.

Мисир, Саудиялар – даруль Ислам эмес. Алар исламий Халифалык эмес, алар даруль-куфр. Андыктан алардын бардык эле мыйзамдары исламий эсептеле бербешин сиз жакшы билесиз. Ошондуктан, молдонун мүмкүнчүлүгү барда молдо кыйсын, болбой калса, билген ар бир мусулман кыйсын, ар бир мусулманга үйрөтөлү нике кыйышты.

“Паспортту башыңа тартасыңбы анда” дептирсиз устаз. “Паспортуңду жыртып ыргытып жиберсең, мына ошондо эркек дейм” деген кебиңиз да жүрөт.
Биз даруль-Ислам жана даруль-куфрдагы жашоону так ажыратып алганбыз таксыр. Азыр куфр мыйзамдары менен башкарылып жаткан даруль-куфрда жашап жатабыз. Мында мамлекет тарабынан кылына турган иштер бар. Буларда жеке адамдардын жоопкерчилиги болбойт. Мисалы, мамлекет паспорт талап кылса, аны алабыз, ЗАГС күбөлүгүн талап кылса, муну алабыз – буларды колдонобуз. Шариятта жок салыктарды салса, төлөйбүз; соцфондго жыйнайбыз ж.б.у.с. Бирок, аргасыздан моюн сунуп эле жата бербестен, Пайгамбар с.а.вдын тарыйкаты менен Исламий Мамлекетти курууга аракет кылабыз.

Даруль-куфрда жашап жатсак да, жеке керт башыбызга тиешелүү иштерде, мамлекет күнөөгө буйруса, ага моюн сунбайбыз. Мисалы, намаз окуба десе, окуйбуз; 17 жашка чейин нике кыйба десе, кыябыз; Исламга жарым-жартылай чакыр десе, баш ийбейбиз, толук Исламга чакырабыз ж.б.у.с. Буларды аткарууда мал-жан талап кылынса, беребиз инша Аллах. Ушул үчүн да “экстремизм” менен айыпталып, жигиттерибиз абактарда олтурушат. Аллахым ажрын берсин, бул жол ушундай тикенектүү эмеспи…

“Никени бир кадам өйдө көтөрүп жатабыз” дейсиз азирет.
Эгер, шаръий нике кыйылмайынча ЗАГС күбөлүгү берилбей турган болсо; шаръий нике да ЗАГСтагы “брак” сыяктуу мыйзамдык күчкө ээ болсо, шаръий никесиз жашагандар жазаланса ж.б. – мына ушундай болсо, анан ошондо никенин баркын көтөрдүк десеңер жарашмак.

“Окуган нерсеңдин дайыны жок” дейсиз устаз.
Биз билимди амал кылуу үчүн алабыз, амалдарыбызды Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылабыз. Бир китеп окуйбузбу, же бир үй толтура китеп окуйбузбу – мунун айырмасы жок. Анткени, билимине амал кылбагандарды Аллах таала “китептерди көтөрүп бараткан эшекке окшойт” деп сыпаттаганын жакшы билебиз.

Сиздин көп билим алган, китепке бай аалым экениңиз жалпыга жайылтылып жүрөт. Илим издеген ишиңиз үчүн урматтайбыз. Албетте “Билген менен билбеген барабар эмес”. Бирок, ушул эле учурда, бул илим сизге жоопкерчилик да жүктөйт эмеспи. Мындан сырткары, дүйнөдө сиз эле илимдүү эмессиз да, бирок, сизден илимдүүлөрдүн алдында кол куушуруп олтурган жериңиз жок, билгениңизге жараша аракетиңизди кылып жатасыз. Ошондуктан, башка мусулмандарга карата да ушундай көз караштан карашыңыз керек го: арабыздагы илимдүүбүз илимине жараша, илими азыбыз билгенине жараша амал кыла бериши керек. Мунун ичинде аалымдарды мухасаба кылуу да бар.

“Этият бол, айткан сага эле жарашып, башкага жарашпай калат бекен” деп каарыпсыз.
Шарият боюнча мухасаба кылуу баарыбызга жарашат. А бийликке кошамат жана бурадарларга доомат кылуу сиздей фазилаттуу аалымга жарашпайт экен, азирети устаз. Азыр мына ушул баяныңызды колдогон адамдар бар экенин моюнга алабыз, хазрат. Бирок Аллахтын алдында, алардын күнөөлөрүн сиз мойнуңузга алып каласыз. Ушуну ойлоп көрдүңүзбү? “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деп, абдан туура тема коюптур фильмиңизге “Насаат медиа”.

“Кудайга жага турган мыйзамга колдон келген жардамыбызды көрсөтөбүз” депсиз устаз.
Кана эми ошентип эле турсаңыз, биз да кош колдоп кубаттап турбайт белек. Бирок, ал үчүн, оболу сиз мындай мыйзам Кудайга жагар-жакпасын жакшылап текшерип алышыңыз керек экен. Бийликке жакса эле Кудайга жага бербейт да…

Урматтуу устаз, биз сизди адамдарга акыйкатты жеткирип жаткан асыл аалымдардан деп билер элек. Эми да насааттарыбызды калыстык менен кабыл алып, фазилаттуу аалымдарыбыздан болгон бойдон калышыңызга тилектешпиз.

«Албетте, Аллахтан пенделери арасында уламалар коркушат”

Расулуллах с.а.в: «Үммөтүм ичинде эки тайпа адам бар, алар солих болсо, үммөтүм да солих болот, эгер алар бузулса, үммөтүм да бузулат. Алар: уламалар жана амирлер», – деди

Дайламий «Муснадул-фирдаус»та Абу Хурайрадан риваят кылат, Набий с.а.в айтты: «Менин үммөтүмдөн айрым адамдар динди үйрөнүшөт, Куран үйрөнүшүп: «Амирлерге барабыз да, дүйнөлөрүнөн алабыз жана алардан динибиз менен чыгып кетебиз», – дешти. Мындай болбойт, анткени, катод дарагынан жалаң тикен терилип алынганы сыяктуу, аларга жакындашуудан жалаң гана каталар жыйнап алынат».
Ушул орунда калкыбызга да кайрыла кетебиз. Урматтуу мусулман калайык-калк!

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

“албетте, силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар – эң такваларыңар”

Набий с.а.в «Бароат» сүрөсүнүн: «Алар Алланы коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин кудай деп билишти» аятын окуганда, Адий ибн Хатам “Аларды кудай кылып ибадат кылышпаган эле го?” деп сураган. Ошондо Набий с.а.в: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок, рохибдер бирер нерсени адал дешсе, адамдар аларды адал санашкан, бирер нерсени арам дешсе, аны арам дешкен».

Ошондуктан, аалымдар таква кылса, урматтагыла, бирок, “кудай” кылып албагыла! Алардын жакшы иштерин колдоп-кубаттагыла, жамандыктарын мухасаба кылгыла!

Хизбий Бурадар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here