Сирия кайсы жакты көздөй бара жатат?

320
0

 Абдуллах Махмуд калемине таандык

«Аскерий операцияларды токтотуу» планына байланыштуу Америка-Россия келишүүсүнүн сыясы кургабай туруп Америка тышкы иштер министри «Биз көпкө күтө турган болсок, Сирия биримдигин сактап калуу учуру колдон чыгып кетиши мүмкүн» деп айтты. (Рейтер 2016-жыл, 23-февраль). Анын бул билдирүүсү сенаттын тышкы алакалар комитети министрликтен жылдык бюджетти талап кылган жыйында жаӊырды. Туура, Сирияны бөлүп таштоо туурасындагы мындай сөз Америка дипломатиясы тарабынан биринчи жолу айтылып жаткан жок. Бирок, Керринин ыктымалдуу же ортого ташталган варианттар катары буга ишара кылып өтүшү биринчи жолу расмий жана ачык көрүнүштө тастыкталууда. Мейли, бул сөз келишимдин ийгиликсиздигинен этият болууга чакырык көрүнүшүндө айтылган болсо да, бирок Ак үй админстрациясы тарабынан ортого ташталышы жана тынчтык келишимине ыраазы экени жарыя кылынышы, ушул келишимдин иш жүзүндө ийгиликтүү чыгышы туурасында аларда кандайдыр шек-күмөн бар экендигин көрсөтүүдө.

Чындыгында, Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест журналисттерге берген күнүмдүк интервьюсунда тынчтык келишимине комментарий берип: «Бул кадам – мейли аны ишке ашыруу кыйын болсо да – ыңгайлуу учур пайда кылат жана Кошмо Штаттар бул учурдан пайдаланууга аракет кылат», – деди. (Рейтер 2016-жыл, 22-февраль). Керри да тышкы алакалар комитетинин алдында сүйлөгөн сөзүндө: «Мен ушул операция сөзсүз ишке ашат деп айта албаймын, себеби муну өзүм да билбеймин», – деди. (Charlotte Observer сайты 2016-жыл, 23-февраль). Ал тургай, Обама да апталык радио кайрылуусунда: «Акыркы кезде АКШ менен Россия түзгөн убактылуу тынчтык келишиминин ийгиликтүү ишке ашуу ыктымалдары туурасында шек-күмөн бар», – деди. (Ал-Жазира нет 2016-жыл, 27-февраль).

Американын тынчтык келишиминин ийгиликтери туурасында шектенип жатканы төмөнкүлөргө ишара кылат: Америка ушул келишимдин ыктымалдуу ийгиликсиздиги анын аяктоонун астында турган демократиялык админстрациянын ооматсыздыгына алып барбасын үчүн алдын ала аракет кылууда. Ошондуктан, бул келишимди бүгүн ийгиликсиз болгон күндө да, албетте таштоо керек болгон кадам деп о.э. эртеӊки күнү ага негизделүү мүмкүн деп эсептеп жатат. Себеби, бул мамлекет Сириядагы көптөгөн келишимдерден ал жердеги пландарын ишке ашырууда ыкма катары пайдаланды. «Америка чакан тынчтык келишимдеринин тизмеги башталгандан бери чоң тынчтык келишимин даярдап келе жаткан. Ошол чакан тынчтык келишимдери 2012-жылы 10-апрелдеги Кофи Аннан тынчтык келишиминен башталып Ахзар Иброхимий тынчтык келишими, Барза району тынчтык келишими, Кабун району тынчтык келишими, Түндүк Идлиб тегерегиндеги эки шаар: Куфрия жана Фавъа тынчтык келишими, Дамаск тегерегиндеги эки шаар: Забаданий жана Мадая тынчтык келишими, 2015-жылы декабрдагы Ваър (Ваер) районунун тынчтык келишимине чейин жетти. Америка президенти бул тынчтык келишимдерин алкыштап – ошол кезден тартып азыркы чоң тынчтык келишимин пландап жаткандай – аларды чоңураак көлөмдө кеңейтүүгө чакырды. Анткени, Обама ошол кезде Ваър тынчтык келишими жөнүндө мындай деди: «… ал – дал ушундай региондорго киргизиле турган тынчтык келишимдеринин үлгүсү». «Обама бул тынчтык келишими Сирияда дагы да чоңураак көлөмдө ишке ашырылышы мүмкүн деди…» – деди. (Рейтер, 2015-жыл, 9-декабрь)… (Хизб ут-Тахрир баракчасы 2016-жыл, 24-февраль).

Чоӊ келишимге  алып баруучу кичи келишимдер курамында Сирияны бөлүп таштоо долбоору бар. Себеби, ушул келишим тыянактарында, ок атууну токтотууга жетишүү планын иштеп чыгуучу комиссия түзүү да айтылган. Келишимдин жарыясында мындай сөздөр келген: «Кошмо Штаттар, Россия Федерациясы жана Сирияны колдоп-кубаттоочу эл аралык топтун мүчөлөрү ок атууну токтотууга жетишүү үчүн биргеликте аракет кылат. Бул аракет 2016-жыл, 11-февраль күнү ушул топ чыгарган токтомго ылайык жана анын талабына ылайык ишке ашырылат, токтомдо ИШИМ, Жабхатун Нусра сыяктуу Коопсуздук Кеңеши тарабынан террористтик уюм деп таанылган уюмдардын көзөмөлүндөгү жерлер белгиленген болуп, бул уюмдар аскерий операциялардын токтотулушунан тышкарыда калган». Дагы келишим жарыясында «Ок атууну токтотууга жетишүүдө катышуучу башка чөйрөлөрдөн жерлерди тартып алууну же тартып алууга аракет кылууну токтотуу» да айтылган. (Ал-Жазира нет 2016-жыл, 23-февраль). Көзөмөлгө алынган аймактарды бирдей абалда сактап туруу (т.а. жаңы аймактарды ээлеп алууну токтотуу) менен бир катарда Америка жана Россия тарабынан ишке ашырылып жаткан аскерий операциялар улана берет. Т.а. келишимдин террористтер көзөмөлүндөгү аймактарды өз ичине албастыгын шылтоолоп, Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарды кеӊейтишет. Себеби, келишимге ылайык, террористтер көзөмөлүндөгү аймактар ИШИМ жана Жабхатун Нусра сыяктуу уюмдардын көзөмөлүндөгү аймактарды эле эмес, таптакыр келишимди каалабай жаткан адамдардын көзөмөлүндөгү аймактарды да өз ичине алат. Мисалы, Россия өзүнүн Сириядагы аскерий операциялары башталгандан бери террористтерди гана бутага алып жатканын айтып келет!

Чындыгында эле, келишим башталгандан бир күндөн кийин Россия ушунча кылып келген кылмыштарын кайрадан баштады. Сирия адам укуктарын күзөтүү кеңешинин кабар беришинче, «согуштук операцияларды токтотуу келишими күчүнө киргенден бир күн өтүп т.а. жекшемби күнү белгисиз аскерий учактар Халабдын батыш бөлүгүндөгү алты шаарга чабуул уюштурушту. Бомбалар бутага алган ушул шаарларда Ислам Мамлекети жана Жабхатун Нусра согушкерлери болгон эмес. Кеңештин төрагасы Ромий Абдуррахмандын баса белгилешинче, өткөн жекшемби күнү Асад режимине же Россияга караштуу экени аныкталбаган аскерий учактар Халабдын батыш жана түндүк райондорундагы алты шаарга авиа соккуларды ишке ашырган, бул шаарлардын болгону бирөөсүндө гана Жабхатун Нусра жайгашкан». Чабуулдарда бир адам өлүп, бир нече адам жарадар болгон. Ошол эле күнү согушкер топтордун көзөмөлүндөгү түштүк Хама районундагы Харбунафса айылы сегиз жолку авиа соккуга дуушар болгон. (Huffington Post 2016-жыл, 28-февраль).

Анадолу маалымат агенттиги Жакынкы Чыгыш университетинин эксперти, Американын Сириядагы мурдагы элчиси Роберт Форддон интервью алды. Мурдагы элчи ок атууну токтотуу о.э. курчоодогу жерлерге гуманитардык жардамдардын жеткирилиши боюнча Сирияны колдоп-кубаттоочу топ тарабынан кабыл алынган токтомго комментарий берип: «Бул токтомду ишке ашыруу өтө кыйын. Себеби, Башар Асад террористтерге каршы согушту эч качан токтотпостугун айтып жатат. Орустар да “Халабды бомбалоону улантышы, ал жердеги ар бир согушкерди террорист деп эсептеши” туурасында билдирүү берип жатышат. Жабхатун Нусра менен ИШИМ да согушту токтотпостугун баса белгилеп жатышат», – деди. Форд анын мамлекетинде азыркы баскычта бирер планды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү аз экендигин баса белгиледи о.э. 2011-жылы Араб Мамлекеттери Лигасы менен 2012-жылы БУУнун башкы катчысы Кофи Аннандын Сирияда ок атууну токтотуу жана саясий чечимге жетишүү туурасында ийгиликсиздикке дуушар болгонун эскертти. «2011-2012-жылдардагы эки демилгенин утушка жетишүүсү мүмкүн эмес болчу. Мына 2016-жылы да ушуга кайрадан аракет кылып жатышат. Бирок, мен Сирия өкмөтү менен оппозиция чыныгы келишим жана сүйлөшүүгө даяр эместигине ишенемин», – деп кошумча кылды.

Форд дагы мындай деди: «Көрүнүшүнөн, Сирия бөлүнүү жана майдалануунун көздөй бара жатат. Себеби, өлкөнүн түндүк-чыгыш аймагы күрттөр, түштүк-чыгыш аймагы ИШИМ, ал эми батыш аймагы Сирия өкмөтүнүн колунда, башка бөлүгүндөгү төртүнчү аймак болсо эртеӊ оппозициянын көзөмөлү астында болот» (Анадолу 2016-жыл, 13-февраль).

Роберт Форд Америка тышкы иштер министри Жон Керриге кат жазды. Отставкадагы элчи бул катта “Сирияда ыктымалдуу ок атууну токтотууну күзөтүп баруучу эл аралык көз карандысыз көзөмөл күчтөрү зарыл экендигин билдирди. Керринин Сирия оппозициясын бириктирүү жана Ислам Мамлекети уюмуна каршы күрөшүү жолундагы иш-аракеттерин алкыштады о.э. айрым негизги иш-чаралар аткарылбай турган болсо, бул Сирия маселесин туӊгуюкка кептеп коюшу мүмкүн экендигинен эскертти. Илгери Араб мамлекеттери лигасы менен БУУнун башчылыгында Сирия режими менен оппозиция келишим түзгөнүнө, бирок, эки тарапка карата катуу жаза жоктугу себептүү бул келишим тез арада жокко чыкканына көӊүлдү бурду. Ок атууну токтотуу аткарыла турган болсо, анын туруктуулугун кепилдөөчү механизм болушу зарыл экендигин баса белгиледи». (Кудсул Арабий 2015-жыл, 10-декабрь).

Көрүнүшүнөн, Американын Сириядагы өз максатына жетишүү үчүн жүргүзүп жаткан саясаты бардыгын Сирияда бир гана чечим бар деген нерсеге ишендирүүдөн турат. Т.а. бул чечим Асад режиминин калышы, Сириянын өзүн-өзү башкара албай турган даражада бөлүнүп кетиши, Асад режими болсо өтө чоӊ бөлүгүн башкарып, анын сөзү менен айтканда, «пайдалуу Сирия»га айланышы чечими!

Кафирлер даярдап жаткан айла-амалдар же алардын айрымдары мына ушулар. Бирок, биз Роббибиздин убадасына жана өкүмүнө тереӊ ишенебиз. Себеби, Аллах Субханаху өкүм кылуучулардын устасы.

«Жаман айла-амалдарды кыла турган кимселер үчүн болсо катуу азап бар жана алардын айлакерликтери да жок болот» [35:10]

Себеби, Шам Сириясы Набий A Ислам диярынын борбору деп сыпаттаган абалга Аллахтын уруксаты менен кайтат. Дароо кайтпаса да, жакынкы келечекте кайтышы анык.

«(Анткени) силер өзүңөр үчүн жакшы болгон нерсени жактырбашыңар жана силер үчүн жаман болгон нерсени жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Аллах билет, а силер билбейсиңер»  [2:216]

Роя гезитинин 2016-жыл, 2марттагы 67-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here