Мындан бир аз мурда КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Кыянбек Сатыбалдиев тарабынан экстремизм жана терроризмге байланышы болгон жарандарды 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартуу туурасындагы мыйзам долбоору сунушталган эле.
“Экстремисттик мазмундагы материалдарды таркатып жаткан же Сирияга чыгып кеткен адамдардын арасында 14-15 жаштагы өспүрүмдөр көп, Кылмыш кодексинин 18-беренесиндеги чектөөлөр себептүү аларды жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес. Диний экстремизм жана терроризм Кыргызстан үчүн кеӊири масштабдуу коркунуч болуп калууда. Ага каршы күрөштүн жолдорунун бири өспүрүмдөрдү да жоопкерчиликке тартуу чараларын иштеп чыгуу”, – деген эле Сатыбалдиев.
КСДП фракциясы 11-март күнү болуп өткөн жыйында Сатыбалдиев тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун тастыктады. Эгерде бул мыйзам долбоору парламент тарабынан да тастыктала турган болсо, 14 жашка толгон бардык жарандарды эстремизм жана терроризм боюнча жазага тартуу мүмкүн болот.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиришинче, учурдагы мыйзамга ылайык 16 жаштан төмөнкүлөрдү жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес.
Туркистон:
Эгерде КСДП фракциясы тарабынан сунушталып жаткан жогорудагы мыйзам долбоору тастыкталып, мыйзамдуу түскө кирсе, күч түзүмүнүн кызматкерлери үчүн дагы бир кошумча киреше булагы ачып берилген болот.
Дал ушул жаштагы балдар интернет маалыматына өтө чаӊкаган жана муктаж абалда болушат. Мындан тышкары, ушул курактагы балдар кызуу кандуу жана өздөрүн коргой албай турган даражада алсыз болушат. Дал ушул курактагы балдардын жашоо жөнүндөгү пикирлери акырындап борборлошуп жаткан болот. Аларга карата ар кандай чабуул, алардын жашоого жана адамдарга карата мамилесин калыптандырууда негизги орунду ээлейт. Алар адамдарга жана жашоого карата кектүү жана ырайымсыз болуп калышы мүмкүн.
КСДП партиясы Россиядан таасирленип, дагы кайрадан экстремизм жана терроризм проблемаларын көбүртүп көрсөтө баштады. Сириядагы бир нече өспүрүмдөр үчүн миңдеген балдарыбыздын жашоосу бузулушу мүмкүн. КСДП болсо оппозиция уюштуруп жаткан жазгы толкундоолордун алдын алууну гана ойлонуп жатат.
Миңдеген балдарыбыз Россияда оор жумуштарда иштеп, ата-энелери менен бирдей эмгектенип жатышат. Алар билим алуудан, өз мекенинде чоӊоюп жетилүүдөн, улуттук жана диний баалуулуктар менен тарбиялануу сыяктуу катардагы эле баалуулуктардан да куру калган абалда жашап жатышат. Кыргызстан ичинде да кыйынчылык жана жетишпестиктер чет өлкөдөгүдөн кем эмес. Эми КСДП партиясы бул балдарды камакка алууну, куугунтуктоону, интернет тармактарынан алыстатууну о.э. ар дайым коркууда жашай турган абалга алып келип коюуну сунуштап жатат. Ооба, ушул жогорудагы жетишпестик абалындагы балдардын үстүнө дагы кошумча жүк боло турган мыйзамды сунуштап жатышат. Себеби, чоӊдордун балдарына бул мыйзамдын шамалы да тийбейт.
КСДП партиясы Кыргызстанда террористтик аракеттер коркунучун көбүртүп көрсөтүү демилгесин өз колуна алып жаткан окшойт. Максаты, кырдаалды кооптуу кылып көрсөтүү менен өкмөттүн зулумуна нааразы болуп көтөрүлүп жаткан элдин пикирин чалгытуу. Дагы тынч отурган мусулмандар айыптуу болуп жатышат. Путиндин долбоору боюнча иш ушундай көрүнүштө улана берсе, булар бир катар жардыруу иштерин да уюштурушуп, дагы эч нерседен бейкапар бечара мусулмандарга шылтап коюшу да мүмкүн.
Учурдан пайдаланып айта кетүүчү нерсе, Кыргызстандагы бирер исламий хизб же жамааттар жардыруу иштерин уюштурууга кызыкдар эмес. Бул сыяктуу шариятка тескери жана ыпылас аракеттер Россия сыяктуу куфр колонизаторлор тарабынан, учурдагы кыргыз бийлигин өз ордунда сактап калуу үчүн же тескерисинче аны бийликтен кулатуу максатында, элди провокация кылуу ниетинде уюштурулушу мүмкүн. Алар бул жардыруу иштерин адаттагыдай эле мусулмандарга жабыштырууга аракет кылышат. Ишенбегиле, мусулмандар бул сыяктуу жийиркеничтүү иштерди кылышпайт. Ыпылас жана бузуку күчтөр гана бул иштерди мусулмандар жана Ислам чүмбөтү астында ишке ашырууга аракет кылышат.