Демократиялык өлкөбүз деп жар салып жаткан Кыргызстанда адам укуктары тебеленүүдө

308
0

Facebook” социалдык тармагында таркатылган кабарга ылайык, 1986-жылы, 11-апрелде төрөлгөн Ош шаарынын тургуну Каримов Алишер бир жылдан бери, Кыргызстан күч түзүмдөрүнүн жана мыйзамдын адилетсиздиги себептүү, негизсиз камакта жатат. Каримов Алишер эки баланын атасы болуп, кол өнөрчүлүк менен жашоосун өткөрүп келген.

 Алишер Ислам динине бекем амал кылышы, акыйкат үстүндө бекем турушу жана адамдарды да акыйкат жолго чакырууда активдүүлүгү менен күч түзүмдөрүнүн назарына түшкөн соӊ, күч түзүмдөрү анын ишмердүүлүгүнө чек коюу үчүн камакка алуудан башка чара таба алышпады.

 Алишер 2015-жылдын 28-март күнү өзүнүн жумуштары менен шаарда жүргөн учурда Ош областтык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Төлөнов Нурбек жана Икрамжан уулу Нурбектер келишип, андан машинага отурууну талап кылышкан. Алишер алардан эмне үчүн машинага отурушу керектигин түшүндүрүп берүүнү талап кылган. Буга болсо милиция кызматкерлери ачууланып Алишерди күч менен машинага олтургузуп,  “Ак буура” милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Бөлүмгө жетип барганга чейин Нурбек жол бою Алишерди оозго алгыс сөздөр менен акаараттап “каматып жиберем” деп коркутуп барган.

 Бөлүмгө жетип баргандан кийин болсо 6-7 киши болуп суракка алышкан. Алишер алардан мыйзам чегинен чыкпастыкты жана адвокат чакырууну талап кылган, а бирок, алар бул талаптарга көнбөстөн, андан уюлдук телефонун ачып берүүнү талап кылышкан. Алишер болсо бул анын өздүк буюму экендигин, соттон санкция болсо гана адвокаттын катышуусунда ачып бериши мүмкүн экендигин айткан.

 Мыйзамга моюн сунушу жана мыйзам баарына бирдей колдонулушун көзөмөл кылышы керек болгон Нурбек жана Гулам башчылыгындгы кызматкерлер Алишерди ар тараптан ур-тепкиге алып башташкан. Себеби, карапайым бир мусулмандын өзүнүн акы-укуктарын талап кылышы алардын ачуусуна тийген эле. Алишерди таяктап жатып чарчаган соӊ, “сен өтө кежир экенсиӊ, карап тур сени баары бир каматабыз” деп бир кызматкер менен калтырып чыгып кетишкен. Кечке жуук кайтып келген 10-бөлүмдүн кызматкерлери Алишердин үйүнөн баракча, диск жана ок-дарылар таыбылганын айтышкан. Алишер болсо “тергөө учурунда бардыгы белгилүү болот, ал нерселер меники эмес, меники болсо аларда менин бармак издерим болушу керек” деп жооп берген. Тергөөчү Камилов Н.Т.дан ушул нерселерди экспертизадан өткөрүүнү т.а. дактилоскопиялик экспертиза өткөрүүнү талап кылган. Бирок, тергөөчү Алишердин талабын аткарбастан, аны айыптуу деп таап тергөө ишин бүтүргөн. 2015-жыл, 3-апрель күнү сот Алишерди 2 айга камакка алуу туурасында санкция берген.

Камалгандан бери Алишер өзүнүн акы-укуктарын талап кылып көптөгөн мамлекеттик мекемелерге, ошону менен бир катарда президентке, башкы прокурорго арыз менен кайрылган, бирок алардын эч биринен жооп келбеди. Кийинчерээк болуп өткөн соттук отурумдарда анын үйүнөн табылган китеп жана баракчалар экстремисттик маанайда экендигин диний башкармалыктын кызматкери Абдираимов Канатбек Маманович тастыктаган кагаздар тиркелген, бирок Алишер Кыргызстанда мындай текшерүү жүргүзө турган адис жоктугу жана мындай укук эч кимге берилбегенин айтып, ушул боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн беренелерди келтирген. Ошондон кийин судя тергөөчүлөргө текшөрүү иштерин мыйзамда көрсөтүлгөндөй аткаруу керектигин айтып, соттук жараянды убактылуу токтоткон.

Бирок, арадан бир жыл өткөн болсо да Бишкектен китеп жана баракчалардын чындап эле экстремисттик экендиги туурасындагы адистин тыянагы келбей жатат. Алишер болсо бир жылдан бери үй-бүлөсү жана балдарына жолуга албастан, жийиркеничтүү демократиянын карама-каршылыктуу мыйзамдары жана күч түзүмдөрүнүн зулумунан азап тартып жатат.

Кыргызстан бийлиги болсо батыш мамлекеттеринен арзыбаган садага алуу үмүтүндө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп, бул жолдо ар кандай адамдык жана ахлакий баалуулуктарды бир четке сүрүп коюу менен дагы бир жолу демократия канчалык жийиркеничтүү түзүм экендигин далилдеп жатат. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болсо өздөрүнө берилген убактылуу мүмкүнчүлүк себептүү чектен чыгып, Кыямат күнүн жана анда боло турган эсеп-китепти унутуп жатышат.

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here