Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты тарабынан Анкарада уюштурулган “Халифалык куру кыялбы же жакынкы келечекпи?” деген аталыштагы эл аралык конференцияга өтө көп адам катышты. Түз эфир аркылуу бүт дүйнөгө көрсөтүлүп турган конференцияга дүйнөнүн түрдүү аймактарынан күтүлгөндөн да көбүрөөк адамдар келишти.
Саат 13:30да башталышы пландаштырылган конференция кээ бир себептерден улам (т.а. полиция күчтөрүнүн коопсуздук көзөмөлдөрү себептүү) 14:15те Куран Карим кырааты менен башталды. Бирок, уюштуруучулардын (Аллах алардан ыраазы болсун) олуттуу аракеттери себептүү конференция эч бир кемчиликсиз, татыктуу көрүнүштө өз убагында аяктады.
Конференция Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар мырзанын кайрылуусу менен башталды. Андан соӊ сөзгө чыккан Акса мечитинин имам-хатиби Шайх Иссам Амира Ислам мамлекетинин кулоосу себептүү бир кылымга жакын яхудийлердин таманы астында калып кеткен Палестина проблемасына токтолду. Австралиядан келген устаз Исмаил Вахвах болсо Халифалык мамлекети тикелениши менен мусулмандар эле эмес, капитализмдин зулумунан азап тартып жаткан бүтүндөй адамзат нажат табышына басым жасады. Хизб ут-Тахрир – Индонезия вилаятынын расмий сүйлөөчүсү Исмаил Юсанто биринчи Халифалык мамлекети Перс империясын жана Византияны жеӊгени сыяктуу эле, экинчи рошид Халифалык мамлекети да Америка менен Европага чегин көрсөтүп коё тургандыгын айтып өттү.
О.э. бардык сөзгө чыккандар үммөттүн негизги проблемаларын айтып өтүштү. Алар конференцияга катышкандарга жана дүйнөдөгү бардык мусулмандарга, айрыкча аскерийлерге кайрылышып, аларды экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн салым кошууга чакырышты. Конференция катышуучулары дароо бийик жаӊырыктар менен буга даяр экендигин билдиришти.
Конференция Абдуллах Имамогулунун кызуу кайрылуусу жана таасирдүү дубалары менен аяктады.