Тажикстан Пентагондун Борбор Азиядагы башкы өнөктөшү

339
0

“AfghanistanToday”  басылмасынын кабар беришинче, Пентагон тарабынан 2016-2017-жылдар үчүн Борбор Азия мамлекеттериндеги террорчулукка каршы күрөшүү үчүн суралган 50 млн доллардын чоӊ бөлүгүн Тажикстан алат.

АКШ коргоо министрлиги тарабынан кабарланган документте каражаттар талибдер, “ИШИМ” жана Борбор Азиядагы башка террорчу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү үчүн багытталат о.э. региондогу туруктуулукка жардам берери да айтылган. “Пентагон региондогу негизги өнөктөш катары Тажикстанды атаган”, – деп билдирди “Еadaily” басылмасы.

АКШда террорчулукка каршы күрөшүүнү колдоп-кубаттоо программасын (Counterterrorism Partnerships Fund) ишке ашыруу 2014-жылдан башталган. Пентагон тарабынан суралган каражаттар (2016-жыл үчүн 20 млн доллар жана 2017-жыл үчүн 30 млн доллар) Афганистан менен чегараларды кайтарууну күчөтүү, мыйзамсыз миграция, наркотикалык заттар жана курал-жарактар соодасына каршы күрөшүүгө багытталат.

Туркистон:

2001-жылы 11-сентябрь окуясы уюштурулгандан кийин АКШ өкмөтү “ким биз менен болбосо, ал бизге каршы” ураанын көтөрүп, Ислам жана мусулмандарга каршы кеӊири масштабдуу согушту баштап жиберген эле. АКШ алгач башында Усама бен Ладен жана “Ал-Каида” уюмун “мокочо” кылып көрсөтүү аркылуу бүт дүйнөнү өзү менен бирге болууга мажбур кылды.

 А бирок, АКШ жүргүзгөн бул согуш натыйжа бербеди, тескерисинче, бул нерсе мусулмандардын ойгонушуна жана өз динин көздөй умтулушуна түрткү болду. Иш ушунчалык даражага жетип калды дейсиӊ, Ислам өз түзүмүнө ээ болгон мабда экендиги, Халифалык мамлекетин тикелөө мусулмандар үчүн Аллах тарабынан фарз кылынган амал экендиги дүйнөлүк масштабда талкуу кылына турган темага айланып кетти. Ал турагй, АКШ жана Европа мамлекеттеринин жетекчилери: “Алар Индонезиядан Испанияга чейинки аймакта Халифалык мамлекетин кайрадан тикелемекчи”, “Биз “Израиль” мамлекетин сүрүп таштай турган аракет менен кагышып жатабыз, алар батышты Ислам дүйнөсүнөн жок кылып, жалпы Ислам Үммөтүнө Халифалык орнотулушу менен шарият негизинде башкара турган бир бүтүн исламий мамлекетин тикелешет”, – деген сөздөрдү айтууга мажбур болушту. Бул аркылуу алар бүт дүйнөнү өздөрү үчүн негизги душман деп эсептеген Ислам жана мусулмандарга каршы дагы да аёосуз күрөшүүгө үндөдү.

 Американын Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп  жаткан согушу Борбор Азиядагы диктаторлорго да жагып жатат. Алар ушунун шылтоосунда өздөрүнө жакпаган кыймыл жана адамдарды жок кылууда жанан куугунтуктоодо пайдаланып жатышат о.э. жок эле коркунучтарды көбүртүп көрсөтүү аркылуу алардан арзыбаган садакаларды алууга умтулуп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here