Кытай менен Тажикстандын ортосунда биргелешкен антитеррор борбору түзүлөт

303
0

Тажикстанда мусулмандар үчүн күн өткөн сайын жашоо оорлошуп барууда. Тажикстан расмийлери мусулман уйгурларга карата жийиркеничтүү кылмыштарды кылып келе жаткан Кытай расмийлери менен келишкен абалда Душанбеде анти-террор (анти-Ислам) борборун түзүү жөнүндө келишип алды. Бул тууралуу Тажикстан Ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмү жарыя кылды.

Тажикстан-Кытай ортосунда кызматташтыкта анти-террор (анти-Ислам) борборун түзүү чечими Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен Кытайдын мамлекеттик коопсуздук министри Гуо Шенгкун менен 25-февраль күнү Пекинде жолугушуусу учурунда кабыл алынды. О.э. жолугушууда Кытай жана Тажикстан коопсуздук органдары терроризм, экстремизм, жикчилдик, наркотрафик, курал соодасы жана трансулуттук кылмыштарга каршы күрөшүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушууда эки мамлекеттин расмийлери Тажикстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кытай компанияларынын коопсуздук маселелери жана Тажикстан ички иштер министрлиги академиясын кайрадан түзүү о.э. биргелешкен анти-террор борборунун имаратын куруу маселелери да талкууланды.

Кытай жана Тажикстан коопсуздук мекемелери ортосундагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү да айтылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here