“Акорда” маалымат кызматынын кабар беришинче, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев жана премьер-министр Карим Масимов менен жолугушту. Жолугушууда президенттик админстрациянын башчысы Нурлан Нигматулин да катышты.
Кеңешүү учурунда Мажилис депутаттарынын кезектен тышкары парламенттик шайлоо өткөрүү демилгеси каралды.
Назарбаевдин баса белгилешинче, бул сунуш казакстандыктар арасында кызыгуу ойготту жана мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан реформаларды о.э. дүйнө базарларындагы кырдаалды эсепке алганда маанилүү маселе болуп эсептелет.
О.э. демилге финансылык жана уюштуруу чыгымдарын акыл менен аралаштырып, мажлис жана кеңештерге шайлоону бириктирүүгө мүмкүнчүлүк беришин айтты.
Токаевдин билдиришинче, бул сунуш аябай керектүү убакта пайда болгон, себеби, бүгүнкү күндө Мажлис мамлекеттин алдында турган милдеттерди аткарышы үчүн калктын жаңы ишенимине ээ болушу керек.