Роухани исламий өлкөлөрдү «Ислам көрүнүшүн жакшыртууга» чакырууда

394
0

Роухани исламий өлкөлөрдү «Ислам көрүнүшүн жакшыртууга» чакырууда

Өткөн дүйшөмбү күнү Ирандын президенти Хасан Роухани “Исламдын эл аралык коомчулук алдындагы көрүнүшүн жакшыртуу жолунда исламий өлкөлөрдүн мойнуна өтө чоң жоопкерчилик түшкөн” деп эсептешин билдирди.

Ал Тегеранда «бүгүнкү исламий дүйнө киризиси» боюнча болуп өткөн конференциянын ачылышында «Биз Исламдан терс көрүнүштөрдү  алыстатышыбыз керек» деди.

Андан соң «Өкүнүчтүүсү зомбулук, террор жана кыргындардын 84 %ы исламий өлкөлөрдө, Африка жана анын түндүгүндө, Жакынкы Чыгышта, Батыш Азияда жүз берип жатат» деди.

Ал сөздөрүн Ислам Мамлекети уюму сыяктуу жихадий жамааттар таркатып  жаткан эки нерсеге т.а. «зомбулук идеологиясы жана кайрылуусуна каршы күрөшүүбүз зарыл» деп улантты. Роухани «Мусулмандар арасында биримдик жана тилектештик пайда кылуу зарыл экендигин» баса белгилеп, «Регион жана башка жерлердеги бардык исламий өлкөлөрдү», «ошону менен бирге, кошуналарын бомбалап жаткан өлкөлөрдү» дал ушул тармакта аракет кылууга чакырды (Элаф сайты).

Роя гезитинин комментарийи:

Бул Ирандын жетекчиси исламий дүйнө мамлекеттеринен Ислам көрүнүшүн жакшыртууну талап кылып жатат го, а бирок Иран, Саудия сыяктуу өлкөлөр Ислам жана мусулмандарды жаманатты кылууда пайдаланылуучу бир курал экендигин билмексен болуп жатат. Анткени, Иран жана исламий дүйнөдөгү башка мамлекеттер бүгүнкү күндө Исламды колдонбой жатышат жана Исламды өзүнүн чыныгы көрүнүшүнөн башкача көрүнүштө көрсөтүп жатышат. Алар Батыштын мазхабчылык жана улутчулдук жаңжалдарын козгоо саясатын ишке ашырып жатышат. Бул болсо, мазхабчылык согушу байрагын көтөргөн уюмдардын пайда болушуна себеп болууда. Роухани исламий дүйнөдө ишке ашырылып жаткан зомбулук, террор жана кыргындардын артында колонизатор мамлекеттер турганын о.э. Иран жана регион мамлекеттери колонизаторлордун долбоорлорун ишке ашырып берүүчү бир курал экенин кантип эле билбесин?

Иран президенти ачык көрүнүп турган акыйкатты эмне үчүн айтпайт? Акыйкат болсо мындай, Ислам көрүнүшүн кара кылуу Батыштын Ислам жана мусулмандарга айла-амал кылуудагы ыпылас планы болуп, ал ушул аркылуу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын кайрадан тикеленишине тоскоолдук кылмакчы.poya

Роя гезитинин 2015-жыл, 30-декабрдагы 58-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here