Түркия Кыргызстанга кайрадан виза режимин киргизет

385
0

“HaberIzmir” басылмасынын кабар беришинче, Европа Союзу менен түзүлгөн келишимге ылайык,  2016-жылдын июнь айынан баштап Түркия Европа Союзуна мүчө болбогон 89 мамлекеттин жарандары үчүн виза тартибин киргизет.  Бул токтом Түркия менен Европа Союзунун ортосунда кол коюлган виза режимин жеңилдетүү туурасындагы келишимдин алкагында кабыл алынган. Ал келишимге ылайык, 2016-жылдын күз мезгилинен баштап Европа Союзуна мүчө мамлекеттер менен жеңилдетилген виза тартибине өтүшү керек.

 Кабарларда келишинче, Түркия виза тартибин киргизүүчү мамлекеттердин катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Украина, Азербайжан, Грузия жана башка мамлекеттер бар.

Туркистон:

Аллахтын душманы Мустафа Кемелдин колу менен Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин Түркия бүтүндөй этибарын кандай кылып болсо да Батыш мамлекеттери менен жакындашууга каратты. Бул жакындашуу жолунда Түркия ар кандай кордук жана кемсинтүүлөргө ыраазы болуп, азиздик жана кудурет сурап Батышка жалынып келет.

Түркия Европа Союзуна мүчө болуу үчүн 1987-жылы эле арызын тапшырып, алар тараптан коюлуп жаткан талаптарды экиленбестен аткарууга умтулуп жаткан болсо да, Батыш мамлекеттери анын алдына жаңы-жаңы талаптарды коюп келе жатат.

 Алгач Европа Союзу Түркиядан мамлекеттин ичинде реформаларды өткөрүүнү, өз өлчөөлөрүнөн келип чыккан абалда адам укуктарын камсыздоону талап кылган болсо, кийинчерээк, Кипр республикасынын эгемендүүлүгүн тан алуу, күрттөр маселесин чечүү, 1915-жылы армяндарды геноцид кылганын тан алуу сыяктуу шарттарды коюшту жана алар коюп жаткан талаптардын аягы көрүнө элек.

 Азиздикти Аллахтан эмес, тескерисинче Аллахтын душмандарынан издеп жаткан Түркия өкмөтү болсо Европа Союзуна жагынуудан чарчабай жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here