Тажикстан менен Саудия коопсуздук тармагында т.а. терроризмге каршы биргеликте күрөшүүгө кызыгуусун билдиришүүдө. Бул тууралуу Тажикстан президентинин маалымат кызматы 4-январь күнү Эмомали Рахмон менен король Салман Абдулазиздин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кабар берди
Учурда Тажикстандын өлкө башчысы Эр-Риядда үч күндүк расмий сапар менен жүрөт. Эмомали Рахмондун айтымында, Тажикстан Саудияны араб дүйнөсүндөгү жана Жакынкы Чыгыштагы маанилүү шериги деп эсептеп, туруктуу көрүнүштө ушул мамлекет менен көп тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө аракет кылат.
Анын баса белгилешинче, эки мамлекеттин эл аралык саясаттагы позициясы бири-бирине жакын болуп, жетекчи глобалдык жана региондук маселелер боюнча бир пикирде.
“Тажикстан жана Саудия мамлекеттери коопсуздук, уюшкан кылмыштуулук, терроризм, экстремизм жана наркотикалык заттардын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү тармактарында натыйжалуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”, – деди Эмомали Рахмон.
Мындан тышкары, Саудияга сапарынын натыйжасында Эмомали Рахмон королдук расмийлеринин миллиондогон доллар жардам берүү туурасындагы убадасын алды.
Король Салман Абдулазиз жана башка расмийлер менен сүйлөшүүлөр учурунда Тажикстанга 108 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүүгө келишим түзүлгөн.
Саудия Ислам Өнүктүрүү Банкы аркылуу Тажикстанга бериши күтүлүп жаткан ушул каражат Душанбе-Куляб-Хорог-Мургаб эл аралык автотрассасын оңдоого жумшалат.
Туркистон:
Бул Батыштын Тажикстанга Саудия аркылуу акча бериши кудум Лас Вегас кумаканаларындагы бир тараптын экинчи бир тарапка пара бериши ыкмасын эске түшүрөт.
Терроризмге каршы күрөштө же жалпысынан башка саясий жана аскерий иштерде Саудиянын бул региондордо эч кандай кызыкчылыгы же таасири болгон эмес.
Куфр системасынын жетекчилери болгон Батыш мамлекеттери, Ислам системасына каршы биригишти. Мында алар өздөрү ойлоп тапкан “Ислам Мамлекети” уюмунан өтө жакшы пайдаланып жатышат. Бирок, Саудия биздин региондорго коргоочу жетекчи ролунда аралашпаган эле. Демек, Батыш мамлекеттери исламий өлкөлөрдөгү малайларын, дагы башка малайлары болгон жасалма күчтөргө каршы аттандыруу үчүн, мусулмандар аралык аскерий аракеттерди борборлоштурмакчы болуп жатышат.
Көңүл бурган болсоңуз, илгери жакыр мамлекеттерге жалаң гана адам эркиндиктери үчүн каражаттар бөлүнөт эле. Эми болсо, башка мусулмандарга каршы түзүлүп жаткан борбордук аскерий уюмдарга тартуу жана жарандарына каршы зулумдарды күчөтүүсү үчүн финансылык жардамдар бериле баштады. Бул Батыш системасы өзүнүн идеологиялык баалуулуктарынан баш тартып жаткандыгын билдирет. Муну алар өз колдору менен эмес, башка исламий мамлекеттердин колу менен ишке ашырмакчы болушууда.
Кудум “Ислам Мамлекети” уюму сыяктуу эле бул мамлекеттерди да белгилүү бир миссия аяктаганга чейин иттей кызмат кылдырат. Андан соң аларды азыркы Россия сыяктуу же күнү бүтөйүн деп турган “Ислам мамлекети” уюму сыяктуу каралай баштайт. Муну менен куфр дүйнөсү эки тарапты тең колдоп, аларды көпкө чейин бири-бири менен согуштурат. Себеби, куфр системасынын иштөө механизми ушундай. Алгач коркунучтуу образ жаратып алат, андан соң аны жок кылуу үчүн ага каршы дагы башка коркунучтуу уюм же мамлекет пайда кылат. Эки тарап согушуп жатканда болсо ал эки тарапты тең колдоп турат.
Тажикстандагы куфрдун кызыкчылыктарына келсек. Бул Саудиянын жакшылыктары Афганистандагы Батыш машинасынын келечектеги пландарына байланыштуу. Куфр системасы жетекчилеринин Борбор Азиядагы бир катар жийиркеничтүү аракеттери, Афганистан аркылуу башталышы пландаштырылат. Тажикстан, Афганистан жана Өзбекстандын эң жакын кошунасы болгондуктан Батыш үчүн Тажикстан стратегиялык жактан маанилүү аймак болуп эсептелет. Кудум бир кездерде Пакистан Афганистан үчүн, Түркия Чеченстан жана Сирия үчүн маанилүү плацдарм болгону сыяктуу. Муну менен Батыш Орто Азиянын борбору болгон Өзбекстанды коркууда кармап турат, Афганистандагы өтө алсыз болгон өзүнүн бийлигин коргойт жана акыркы колониялары жайгашкан Россиянын кызыкчылыктарына да кандайдыр зыян жеткирүүнү пландаштырат.