Өзбекстан: Ташкентте жолдор тосулууда, заправкаларда жасалма түрдө кезектер уюштурулууда

370
0

 “Фергана” агенттигинин Өзбекстандагы булагы билдиришинче, 14-ноябрь күнү Ташкенттен чыгуучу бардык жолдор милиция тарабынан тосуп коюлган. Шаардын четиндеги бардык постторго алып баруучу жолдор бир сызыкка чейин кыскартылган, калган сызыктар бетон плиталар менен тосулган. Посттордо адаттагыдан көбүрөөк формачан адамдарды көрүүгө болот, ар бир машинаны жок эле дегенде үч адам текшерүүдөн өткөргөн. Натыйжада, тыгын бир нече километрге созулуп кеткен. Ошону менен бирге, Ташкентке кирүүчү жол дээрлик көзөмөлдөнбөгөнү таӊ калычтуу болчу. Бул абал эртелеп саат 11 ден кечки саат 5ке чейин уланды.

Булак о.э. октябрь айында шаарда паспорттук режим күчөтүлгөндүгүнө, милиционерлер көчөдө саат 21:00дөн кийин документсиз жүргөн адамдардын баарын участкага алып кете баштаганына, Ташкентте болсо бензин сатып алуу үчүн автомобилдер кезеги бир нече километрге созулуп кеткенине көӊүлдү бурду. Ташкент шаардык Мирза Улугбек РИИБинин укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары майор Баходир Отакулов бул иш чараларга Өзбекстандын борборунда 3-октябрь күнү ишке ашырылган “анчалык чоӊ болбогон эки теракт” себеп болгондугун айтты.

“Бүтүндөй шаардагы кезек күтүүлөр атайылап ар бир ташкенттик айдоочунун жүзүн жакшылап көрүү үчүн уюштурулган окшойт”, – деп күмөн кылат “Ферганага маалымат берген адам.

Сыягы, ташкенттик расмийлер кимдир бирөөнү издеп жатышат окшойт, а бирок адаттагыдай эле, элге эч ким эч нерсени түшүндүрүүнү ойлонгон жок.

“Айтылышынча, кандайдыр бир темирчилик устаканасын текшерүү учурунда бомба үчүн тетиктер табылган имиш. Темир түтүктүн эки тарабында резьба ачылган, алардын ичин порох жана мык менен толтуруп, эки тарабынан заглушка кылып койсо болду. Токарь буюртмачылардын ким экендигин айтып, тергөөчүлөргө жардам бергени үчүн кутулуп калган ”, – дейт“Фергана” булагы.

Анын айтымында, борбордуктар арасында “Ташкентте каалаган учурда аскерий абал жарыя кылынышы мүмкүн” деген сөз жүрөт.

Мындан бир аз мурда, Өзбекстан Улуттук гвардиясынын Ташкент гарнизону 3-ноябрдан баштап согуштук даярдык абалына өткөрүлгөн. “Коопсуздукка олуттуу коркунуч пайда болгонун билемин. Офицерлерге Фергана өрөөнүндө диний радикалдык агымдар активдешип калышты, – деп айтылган. Бирок, расмийлер чоӊураак нерселерди жашырып жатышат деген сөздөр айтылууда. Биз борбордогу аскерийлер жана айрыкча Улуттук гвардия биринчи даражалуу согуштук даярдык абалына келтирилгендигин гана билебиз”, – деди булак.

Булак: “Фергана” маалымат агенттиги

Туркистон:

Россия кутуруп бара жатат. АКШ анын ушул кутурган абалынан пайдалана баштады. Ал Россиянын бул агрессивдүү абалы менен бүт дүйнөнү, айрыкча Европа Союзун коркута баштады. Францияны да бир теракт менен Сирияга каршы багыттап койду. АКШ дүйнөнү экиге бөлүп жиберүү т.а. Ислам жана куфр кылып бөлүп жиберүү мезгили келгенин түшүнүп жетти. Бирок, куфр дүйнөсү да, исламий өлкөлөр да анын артынан ал түзүп жаткан долбоорлорго амал кылган абалда барышын каалайт.

Азыр АКШ Россияны кутурган абалында бир аз өз абалына коюп койду. Путин бул абалынан пайдаланып, өзүнүн таасири астындагы региондордо ири жардыруу операцияларын өткөрүшү мүмкүн деген тынчсыздануу бар. Каримов да ушул абалдан жана Путинге берилип жаткан бул эркин иш-аракеттерден катуу тынчсызданып жатат. Ошондуктан, ал өзүнүн авторитардык башкаруу аппаратын ишке салып, адаттагыдай эле эч кандай маалымат таркатпастан иш жүргүзүүдө.

Кыргызстан да кудум ушул эл аралык кырдаалды сезген абалда коркууга түшүп, бир нече иш чараларды көрө баштады. Бирок, кыргыз өкмөтү өзбек өкмөтү сыяктуу иш кыла албайт. Тескерисинче, Темир Сариев башчылык кылып турган бул өкмөт жогорудагы кырдаалдын алдын алуу үчүн бүтүндөй маалымат каражаттары менен дүйнөгө жар салган абалда иш баштады. Болгону өзү коркуп жаткан мамлекеттерди жашырып,  дагы кайрадан Ислам жана мусулмандарга каршы маалыматтык чабуул жана идеологиялык күрөш сыяктуу түшүнүксүз аракеттер менен бара жатат.

Кыргызстандын – дүйнөдөгү кээ бир исламий өлкөлөр сыяктуу эле – өзүнүн идеологиясы жок. Демократия идеологиясы болсо, исламий идеологиядан бүтүндөй жеӊилип, алар бул куфр идеологиясын эми курал катары иштете алышпайт. Алар куфр системасынын кеңешине жана түзүп берип жаткан долбоорлоруна ылайык, Ислам динин өздөрүнө ылайык келе турган көрүнүштө бөлүктөргө бөлүп жиберишмекчи. Куфрдун бул долбоору боюнча, исламий өлкөлөрдүн жетекчи топтору муътадил ислам деген аталыш астында, Ислам дининин ичинен өздөрү үчүн жаңы бир түшүнүксүз “муътадил Ислам” деген жаңы идеология чыгарып алышмакчы. Куфрдун бул долбоору боюнча, алардын ушул батыл идеологиялары айланасына мусулмандарды бириктирип, ага ыраазы болбой жаткандарга каршы согуш ачуу пландаштырылган.

Өзбекстан бул сыяктуу идеологиялык аракеттерди жүргүзө албайт. Себеби, Каримов мусулмандарга каршы өтө репрессивдүү саясатынын натыйжаларын дүйнөлүк коомчулуктун алдында актоо максатында “Ислам идеологиясын жеӊдим, аларды күч менен жанчып жибердим” деп отчёт берип жиберген. Ошондуктан, Каримов күч иштетүү методун колдонууга мажбур болуп калган. Ошого карабастан, акыркы кездерде Ташкенттин өзүнөн жүздөгөн Хизб ут Тахрир мүчөлөрүнүн кармалышы Каримовду да, дүйнө коомчулугун да таӊ калтыра баштады. Алар күч менен пикирди жанчып болбостугуна дагы бир жолу ишенишкен болсо ажеп эмес.

Каримов да ушул учурдан пайдаланып,  дүйнөнүн алдында жашыруун жана купуя түрдө Ислам жана мусулмандардан жеӊилгенин моюнга ала баштады. Муну биз, кармалган адамдардын Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү экендиктерин өзбек маалымат каражаттары аркылуу жашырбастан ачык айта баштаганынан билдик. Каримов да Ислам менен куфр согушунда куфр кербенине кошулуп алуу үчүн аракет кыла баштады.

Исламий өлкөлөрдүн жетекчилеринин дээрлик бардыгы Каримов сыяктуу иш жүргүзүп жатышат. Алар куфрдун дүйнө бойлоп жүргүзүп жаткан террорчулук ыкмасындагы агрессивдүү долбоору негизиндеги аракеттерин туура түшүнүштү. Куфр дүйнөсү мусулман мамлекеттердин жетекчилери үчүн шарт коё баштады. Т.а. алардын өздөрү уюштуруп жаткан террордук операциялардан исламий жетекчилер өз мамлекеттеринде пайдаланышып, исламий баалуулуктарды, жеке адам жана жамааттарды жок кылып алышы үчүн убакыт берип жатат. Бул операцияларды ишке ашыруу учурунда алар колдонушу мүмкүн болгон же мүмкүн болбогон чаралар жана зомбулуктар ишке ашырылышына да куфр системасы жашыл чырак жагып берди.

Демек тыянак кылып айта турган болсок, Каримовдун коооптонуусу – дүйнөдөгү башка мамлекеттердин тынчсыздануусу сыяктуу эле – кутуруп бара жаткан Россия жана аны артында иш жүргүзүп жаткан АКШ мамлекеттеринен. Аныгыраагы, алар пайдаланышы мүмкүн болгон исламий согушкерлер же алардын атынан иш кылышы мүмкүн болгон Достум армиясынын аскерлери, же Кадыровдун баш кесерлери сыяктуу жалданма тыӊчылардан кооптонуп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here