Акыркы бир айдын ичинде Сирия кризисине саясий чечим табуу боюнча сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар көбөйүп бара жатканы күзөтүлүүдө. АКШ, Россия, Түркия жана Саудиянын тышкы иштер министрлеринин катышуусунда Венада уюштурулган жолугушууда кээ бир сунуштар ортого ташталды.
Жетекчи мамлекеттер чогулушуп Сирия маселесине саясий чечим табуунун үстүндө баш оорутуп жаткан учурда бул жаатта түзүлгөн пландар ашкере боло баштады. Лондондо чыгуучу аш-Шаркул Авсат гезити Россиянын Сирия туурасында түзгөн пландары тууралуу кабар таркатты. Ушул кезге чейин Россия Асаддын бийликтен кетиши туурасында ооз ачпаган эле. А бирок, жабык эшиктер артында талкуланган планда Россия Асадды согуштук кылмыштар боюнча сот жообуна тартуудан сактап калуу үчүн дипломатиялык кадам таштап жатканы белгилүү болду.
Аш-Шаркул Авсат гезитинин жазышынча, Россиянын Сирия боюнча түзгөн жана бир нече беренеден турган пландары төмөнкүлөрдөн турат:
Сирия оппозициясы жана Асад күчтөрү ортосундагы бардык согуштар жана карама-каршылыктар тоӊдурулат.
Сириядагы бардык оппозициялык топтор согуштарды токтотуу үчүн салым кошууга чакырылат. Чечимди четке каккандар “чабуул кылына тургандар тизмесине” киргизилет жана аларга каршы куралдуу күрөш жүргүзүлөт.
Сирияда Асад күчтөрү тарабынан болобу же оппозиция тарабынан болобу айырмасыз, аймактардагы аскерий курчоолор алып салынат.
Сириядагы кайсы тарапка болсо да жардам берип жаткан мамлекеттер курал-жарак жардамын токтотот.
Оппозиция өкүлдөрү жана Сирия азат армиясы катыша турган диалог конференциясы уюштурулат. Конференцияда бардык туткундарды азат кылуу, парламент-президент шайлоонун планын түзүү, жалпы мунапыс жарыя кылуу жана Сирия биримдик өкмөтүн түзүү маселелери көрүп чыгылат.
Россия тарабынан Сирия ичиндеги жана тышкарысындагы бардык оппозициялык топтун мүчөлөрү, активисттер жана согушкерлер үчүн жалпы мунапыс жарыя кылуу кепилдиги берилет. Мунун акысына оппозиция Асадга каршы согуштук кылмыштары үчүн доо арызын козгобойт.
Сирияда режим жана оппозициялык күчтөр кызматташтыкта улуттук коргонуу күчтөрүн түзүү туурасында келишип алышат. Сирия азат армиясы жана башка оппозициялык топтор Сирия армиясы менен коопсуздук күчтөрүнө кошулат.
Россия тынчтыкты камсыздаган мамлекет катары алдыга чыгууну каалайт. Ушуга ылайык, БУУнун Коопсуздук кеңешинен керектүү токтомду алгандан кийин Россия тынчтык планы ишке ашырылышын кепилдөө максатында Сириядагы аралашуусун улантат.