Тажикстан президентинин маалымат кызматынын кабар беришинче, 24-октябрь күнү Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Тажикстанга расмий сапар менен келди. Болуп өткөн тажик-япон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, 8 жаӊы документке кол коюлду.
Айрыкча, тараптар “Хатлон областынын Панж районунда таза суу менен камсыздоо системасын тикелөө” долбоорун ишке ашыруу үчүн каражат бөлүнүшү туурасындагы үч келишимге кол коюшту. О.э. эки мамлекеттин өкмөттөрү ортосунда экономикалык, илимий жана техникалык тармактарда кызматташуу туурасындагы меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары, Тажикстан Улуттук банкы жана Япония коомдун коопсуздугу комиссиясы финансылык изилдөөлөр борбору ортосундагы кызматташтык тууралуу билдирүү кабыл алынды.
Айтылышынча, документтерге кол коюлушунан мурда Тажикстан жана Япония көп тараптуу кызматташтыгы жана достук алакаларына тиешелүү маселелер кеӊири талкууланды.
Япония премьер-министрин Борбор Азия мамлекеттери бойлоп сапарында Япониянын 50 дөн ашуун ири компания жана ишканаларынын өкүлдөрү коштоп жүрөт. Япония ЖМКларынын маалыматына ылайык, өзүнүн пайдалуу казылмаларына ээ болбогон Япония Борбор Азия мамлекеттерине 16 млрд доллардан көбүрөөк инвестицияларды багыттап, өз компанияларынын өсүп бара жаткан муктаждыгын региондогу нефть-газ жана уран запастарынын эсебинен кандырмакчы.
Туркистон: Япония экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ тарабынан колония кылып алынган. Бул мамлекет аралда жайгашкандыктан, табигый сырьё запастарына бай эмес. Ошондуктан, эл аралык коомчулук тарабынан АКШнын аталыгы астында бул мамлекет үчүн оор жана жеңил өнөржайын өнүктүрүүгө уруксат берилди. АКШ Япония аймагында 6 аскерий базасын жайгаштырып алган. Алар бир авиабаза, бир суу үстүндөгү авиабаза жана үч кургактагы аскерий базалардан турат.
Мындан тышкары, Япония 1960-жылдан бери экономикасынын негизин товарларды экспорт кылуу негизинде жүргүзүп келет. Ал АКШ жана Батыш мамлекеттерине да өтө чоӊ өлчөмдө товар экспорт кылышына карабастан, көптөгөн ишканаларынын активдери дагы деле АКШнын же ага караштуу дүйнөлүк компаниялардын колунда. АКШ Япония сыяктуу бир нече мамлекеттерди өз кызыкчылыгы жолунда иштетип келет. Бул сыяктуу кызматынын акысына ал мамлекеттердин экономикасы жетекчи мамлекеттердики сыяктуу өнүккөн абалда турат.
Мисалы, Өзбекстандагы “уз авто өнөржай” компаниясы менен “Даевоо” Түштүк Корея корпорациясынын ортосунда келишим негизинде биргелешкен ишкана ачылган эле. “Даевоо” корпорациясы 2008-жылы банкротко учурагандан кийин “Уз Даевоо” АКШнын “Genial Motors” компаниясына өтүп кетти. Натыйжада, АКШ Өзбекстан аймагында ири ишканага ээ болуп алды.
Япония сыяктуу бай, бирок эгемендүү болбогон мамлекеттер АКШ сыяктуу демөөрчүлөрдүн саясий оюндары үчүн кээ бир иштерди жүргүзүп беришет. Япония үчүн Тажикстан сыяктуу чөгүп бара жаткан мамлекеттерде эч кандай кызыкчылык жок. Япония сыяктуу мамлекеттер, ал тургай колонизатор болуу туурасында ойлонуп да коюшпайт. Орто Азиядагы саясий туруксуз абалдар аларды бул өлкөлөргө кызыктырбайт. Мындан тышкары, япон товарлары аркада калган өлкөлөр үчүн өтө кымбат болуп эсептелет.
Бирок, япондордун биздин өлкөлөрүбүзгө кирип келе бериши япония үчүн керек эмес. Ал башка өлкөлөрдөгү бардык экономикалык алакаларынын демөөрчүсү болгон чоӊ мамлекеттерди иренжитип коюудан этият болуп, ушул саясий туруксуз региондорго кирүүгө мажбур болууда. Япониянын артында АКШ өз айла-амалдары менен туруп бербесе, ал бул өлкөгө кирбейт. Мисалы, Кыргызстандагы Канаданын “Centerra Gold” компаниясы Кумтөр алтын кенине орношуп алды. Кыргызстанда эки жолу мамлекеттик төнкөрүш болуп, бир нече өкмөттөр алмашканы менен алардын бири да аны кууп чыгара албай жатат. Бул Канаданын эмес, тескерисинче, анын артында турган жетекчи мамлекеттин эл аралык саясаттагы салмагы аркылуу көрсөтүп жаткан каршылыгы астында “Centerra Gold” дагы деле Кыргызстандын байлыгын ташып жатат.
Япония менен кызматташтык келишимин түзүп жаткан мамлекеттер жогорудагы эл аралык системаны эске алып, Япониянын эл аралык саясаттагы алсыз ордун эсепке алуу менен адашып калуудан этият болушу керек. Кыянатчы акимдер бир кол коюу менен өз кызыкчылыктарын көздөп үммөттүн мүлкүн кафир колонизаторлордун колуна тапшырып коюшат. Кийинкилери болсо бул катаны оӊдой албай, жакырчылыктан кутулуу үчүн башка, жаӊы келишимдерге кол коё беришет. Аларды бул укуктан ажыратмайынча о.э. ири мамлекеттер кичине жана алсыз мамлекеттерди кемсинте бере турган негизде түзүлгөн учурдагы дүйнөлүк системаны кулатып жибермейинче, бул сыяктуу ыпылас иштер улана берет.