ИЖТИМА СӨЗҮ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ

464
0

“Ижтима” – сөзү “жамдалуу” (جمع) сөзүнөн алынган болуп, адамдардын жамдалышын түшүндүрөт. Биз турмушту үйрөнүп чыксак, адамдардын жамдалышы эки түрдүү болот. Биринчиси – убактылуу, мисалы: Базарда бирер нерсе сатып алуу үчүн же сатуу максатында эки же андан көбүрөөк адамдын жамдалышы. Бул жамдалуудагы максат ишке ашуусу үчүн ушул эки тараптын максатын пайдалуу көрүнүштө ишке ашырып бере турган тартип керек. Бул нерсе “бай” (соода) мыйзамы деп аталат. Бул тартип ушул товар алмашууну жүзөгө чыгарып бериши менен өз ишин аяктаган болот. Же бир оорулуунун табибге муктаждыгы түшкөндө табиб жана ушул оорулуу ортосунда жамдалууга жана алардагы проблеманы чечип бере турган тартипке муктаждык сезилет. Бул “ижара” мыйзамы деп аталат. Бул тартиптин иши да оорулуу адам дарыланышы менен аяктайт. Демек, бул түрдөгү жамдалуудан жаңы проблема келип чыкпайт, тескерисинче алака кандай тартипте болушуна муктаждык пайда болот. Экинчи түрү болсо туруктуу болот, мисалы, бир кыз бир жигитке турмушка чыгышы менен алардын ортосунда туруктуу алака башталат; бир үйдө жашашат, күйөөсүнүн ата-энеси, ага-инилери, жээндери жана башкалар менен туруктуу алакада болуу. Эми буларды тартипке сала турган мыйзам керек. Кыз аларга т.а. күйөөсүнүн ата-энеси, ага-инилери, жээндерине кандай мамиле кылат? күйөөсүнө кылган мамилесин аларга да кылабы? Же аларга башкачараак мамиледе болобу? Же чоочун адамдардай мамиледе болобу? Аял көчөдө жүргөндө ушул үй-бүлөнү бузуп жибербестиги үчүн же зыян жеткирбестиги үчүн көчөдө кандай жүрүшү керек ж.б.у.с…. Бул сыяктуу проблемаларды чечип бере турган мыйзам-эрежелер “ижтима түзүмү” т.а. жамдалуулардагы проблемалардын чечими деп аталат. (“Ижтима түзүмү” китебинен бул маселени кеӊири үйрөнүшүӊүз мүмкүн).

Ушул сыяктуу ижтима, экономика, башкаруу, таалим-тарбия, кылмыш жана жаза мыйзамдардын кандай экендигине карай коом жакшы же жаман болот. Азыркы коомдо ушул сыяктуу тартип-эрежелер өтө эле бузулган. Ар бир тармакты ала турган болсок, анын бузук экендиги көрүнөт. Мисалы, экономикалык тармакта бардык байлыктар бир ууч шылуундардын колуна өтүп калган. Коом өтө жакыр болсо да, алардагы байлыктардын чеги жок. Акыйкатта болсо, Аллах Таала жердеги байлыктарга баарын шерик кылды жана булардан мүмкүн болушунча элдин баары пайдалана турган мыйзам-эрежелерди түшүрдү. Бирок, бул шылуундар карапайым калкты алдап, жасалма шайлоолордо өздөрүн жеӊип чыккан кылып көрсөтүштү жана элдин атынан мыйзам чыгарабыз деген “байрак”ты көтөрүп алышып, өз кызыкчылыктары негизинде мыйзамдарды чыгарышты о.э. чыгарып жатышат. Бул эч кимге сыр эмес. Натыйжада азыр биз көрүп турган экономикалык абал жүз берди.

Ижтимаий тармакта да үй-бүлөлөрдү бекемдөө негизинде эмес, тескерисинче, үй-бүлөлөрдү бузуучу, ар дайым бири-бирине күмөн менен карай турган, уруш-жаӊжалдарды келтирип чыгара турган мыйзам-эрежелерге үгүттөп жатышат. Натыйжада коом бузукулукка толду. Айбан да кылбай турган “жамдалуу”ларга мыйзамдуу түс берүү жайылууда. Үй-бүлө да, коом да шерменде абалга түшүп калды. Моралдык жана ахлакий иштер эле эмес, тынчтык, кадыржамдык да жоголду.

Таалим-тарбия да өтө бузулуп барууда. Жаштарды келечекте өз алдынча үй-бүлө куруп, өзүн башкарып кете турган жана коомго кандайдыр тармакта салымын кошо турган аалымдар жетилип чыгууга тарбиялоонун ордуна, аларды жаш кезинен баштап айбандык напсинин артынан желип-жортуп жүрө турган, төмөн кимселерге айландыруу негизинде программалар иштелип чыкты.

Башкарууну ала турган болсок, жетекчилер коомдун бейпил болушу үчүн калкты башкаруунун ордуна өздөрүнүн бизнестерин кадыржам кылуу негизинде иштерди жүргүзүштү. Калкты ойлой турган чыныгы жигиттерди коомдон алыстатуу үчүн пландарды иштеп чыгышты. Камак жана куугунтук сыяктуу иштер менен алардын ооздорун жабууга, калктан алыс кылууга аракет кылып жатышат. Муну террор, коркутуу, айла-амалдар жана дооматтар негизинде ишке ашырып келе жатышат.

Аскерий тармакта да абал өтө начар. Аскерийлер элди душмандын чабуулунан коргоо негизинде уюштурулушу жана алар ушул иш боюнча камсыздалышы керек эле. Бирок, чыккынчы акимдер аларды калкты душмандардын зулумдары, жырткычтыктары жана кыргындарынан о.э. байлыктарыбызды талап-тоношунан коргоо негизинде эмес, тескерисинче кыяаттарын билип калган адамдарды кармоого, өздөрүн калктан коргоого гана жарактуу болгон абалда тартиптештирди жана аларды ушул нерсе үчүн жетиштүү болгон курал-жарактар менен камсыздашты.

Кыскасы, турмуштун бардык тармагы оор абалда экендигин айтууга зарылдык калбады, буларды айтуу кызыксыз болуп, муну элдин баары өтө жакшы билет. Көпчүлүк адамдар учурдагы түзүмгө алтернатива болгон о.э. коомду туура тартипке сала турган түзүмгө муктаж. Мындай түзүмдү “ижтима түзүмү” деп айтууга болбойт, тескерисинче коомдогу түзүм деп айтуу туура болот. Бул түзүмдү калкка түшүнүктүү кылып жеткире турган саясий жетекчи керек. Бул ишти албетте саясий партия гана кыла алат. Жекече көрүнүштө аткаруу таптакыр туура эмес. Бул партия эгерде ушул алтернативдик түзүмдү жакшы билсе жана аны калкка жеткирүү үчүн тыным албай аракет кылып жаткан болсо, анда жоопкерчилик аларга кулак салбай жаткан калктын өзүнө түшөт. Ал эми, бул түзүмдү жеткирүүнү дааба кылып жаткан партиянын өзү алтернативдүү түзүмдү билбесе же калк түшүнө турган кылып, ачык-айкын жеткирбей жаткан болсо, бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да негизги жоопкерчилик ушул ишке жоопкер болгон адамдарга т.а. ушул партияны башкарып жаткан жетекчилерге о.э. ушуну билгендерге түшөт. Себеби, жоопкер адам т.а. жетекчи иштерди тартипке салышы жана пландарды иштеп чыгып, даъватчыларды багыттташы керек. Калгандары болсо ушул планды ишке ашырууда ага кулак салып, моюн сунушу талап кылынат. Эгерде иштер өз ордунда болбой жаткан болсо, анда тергеп-тескөө жана амру маъруф биринчи даражага чыгат. Ошондо гана иштер өз жолуна түшүп, коом тазалануунү жана бийиктикти көздөй жыла баштайт. Демек, көпчүлүк бирге жашап жаткан коомдун бейпил болушу ушул коомдо өкүмдар болуп жаткан тартипке жана мыйзам-эрежелерге байланыштуу.

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here