Путин КМШ мамлекеттерин ИШИМге каршы биригүүгө чакырды

403
0

Россия президенти Владимир Путин Казакстандын Бурабай шаарында  уюштурулган саммитте КМШга мүчө мамлекеттерди ИШИМге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Россиянын президенти: “Региондо терроризмге каршы күрөштөрдү ылайыкташтыруу жаатында айрым аракеттер ишке ашырылды. Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен бул маселеде диалог орнотууга жетиштик. Учурда Бириккен Араб Эмираттары, Саудия, Мисир, Израиль жана Иордания менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Түркия жана АКШ менен кызматташтыкты жолго коюуга аракет кылып жатабыз”,  – деди.

О.э. Путин Афганистандагы кырдаал курчуп бара жаткандыгы себептүү аскерий кызматташтыкты күчөтүүгө муктаждык пайда болуп жатканын да айтып өттү. Россия президентинин баса белгилешинче, Афганистандагы исламий террорчулардын (Мужахиддердин) негизги максаттарынын бири Борбор Азия регионуна кирүү. Ошондуктан, бул коркунучка каршы ортоктош аскерий даярдыкты күчөтүү керек.

Учурда АКШ жана Батыш мамлекеттери тарабынан киргизилген санкциялар жана саясий изоляция себептүү экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан Россия президенти КМШ мүчөлөрүнө өз ара соодада АКШ долларынан баш тартып, экономикалык алакаларды улуттук валюта жардамында ишке ашырууну сунуштады.

2012-жылы Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттери КМШнын валюта базары интеграциясы туурасында келишим түзүшкөн эле. Келишимди август айында тастыктаган Владимир Путин калган мамлекеттерди да ушундай кадам таштоого чакырды.

Туркистон:

Путин КМШ уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилерин Сирия мусулмандарына каршы союзга тартуу максатында азгырып  жаткан бир убакта, Түркия орус самолётунан дагы бирөөнү атып түшүрдү. Мындан бир аз мурда Сауд Арабиясынын уламалары дээрлик бир добуштан Россияга каршы жихад жарыя кылуунун тарапкери экендигин билдиришти. Ушул күндөрдө, Саудиянын премьер-министри, суний исламий кыймылдар үчүн, абадан чабуул кылууга каршы колдонулуучу коргонуу куралдарын жеткирип берүү милдетин өз мойнуна алды. 16-октябрь күнү Москванын өзүндө Россиянын Сириядагы согушуна каршы, “солидарность” жана “партия 5-октября” кыймылдары уюуштурган митинг болуп өттү. АКШ Россия бир нече жолу суранышына карабастан, премьер-министр Медведевди кабыл алуудан баш тартты. Кыскасын айтканда, Путин жогоруда карандай калпты айтып жатат. Ал өтө начар абалда. Аны дээрлик дүйнө мамлекеттеринин бири да колдоп жаткан жок. Ага бул максатсыз согушта шерикчилик кылып жаткан Иран жана Ирактагы шиъалардын акимдери арзыбаган күчтөр болуп эсептелишет. Ошондуктан, Путин аларды жогоруда тилге алып да койбоду.

КМШ аймагында өз валюталары менен алака кылуу туурасындагы сунушу да өтө кызык. Путин экономикалык кризисти, финансылык реформа менен оӊой эле чечип коймокчубу. Бул сунуш долбоору ишке ашырылганча Россиянын запастык фондундагы миллиарддаган АКШ доллары  түгөнөт. Балким ошол күндүн эсебин алып жаткандыр. Себеби, Россия ошол күн келгенде т.а. запастык фондундагы долларлар түгөнгөндө, чындап эле АКШ долларын кайрадан топтой алышы жана аны менен тышкы алакаларын жолго коюшу мүмкүн болбой калат.

Тыянак кылып айта турган болсок, Путин Россияны да, КМШ мамлекеттерин да алдамакчы болууда. Путин Асадга жардам берип жатып, өзү да кудум Асад сыяктуу абалга түшүп барууда. Ал учурда дүйнөдө эч кимге кереги жок саясатчы жана адам болуп калды. Кырдаалды өтө чиелештирип жиберип, аларды кайрадан тикелөө же кимдир бирөөгө оодаруу үчүн гана ар түрдүү аракеттерди кылууда. Украинадагы тарапкерлерин куралсыз жана ар кандай жардамсыз таштап, ал жерден аскерлерин алып чыгып кетти. Эми керек болсо качкындарды да кабыл албастык үчүн, Украина менен чегараларын бекемдей баштады.

Бул КМШга мүчө мамлекеттер үчүн сабак болушу керек. Бул сыяктуу ишенимсиз жалганчы жана өлүк саясатчынын артынан, башка бир өлүк саясатчыны куткаруу үчүн согушка баруу же аны колдоп жиберүү, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн кыянат о.э. ката саясат болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here