Саудия менен Россия Сочиде Сирия маселесин талкуулашты

366
0

Россия президенти Владимир Путин Саудиянын экинчи мураскор шахзадасы жана коргоо министри Мухаммад ибн Салман ибн Абдулазиз ас-Саудий менен Сочиде жолугушту. Жолугушуу учурунда Сирия маселесинде аскерий жана разведка тармактарында кызматташууга келишип алышты. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушуудан кийин уюштурулган маалымат жыйынында айтып өттү.

“Россия күчтөрү Сирияда чабуул кылган чекиттер туурасында Саудиянын тынчсыздануусу орундуу. Бул тармакта өз ара түшүнбөстүк пайда болбостугу үчүн алар менен аскерий жана разведка тармактарында мүмкүн болушунча жакындан кызматташууга даяр экендигибизди билдирдик”, – деди Россиянын тышкы иштер министри.

Россия Сирия маселесинде Саудия менен ушул кезге чейин да кызматташып келе жатканын айтып өткөн Лавров: “Сириядагы террорчулар (мужахиддер) максатына жетишпестиги жана мамлекетте улуттук келишүүнү пайда кылуу жаатында пикирлешпиз”, “Бүгүнкү жолугушуудан кийин саясий чечимге кандай жетишүү туурасында бири-бирибизди дагы да жакшыраак түшүнүп бара жатабыз”, – деп айтты.

Саудияга караштуу “SPA” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, жолугушууда аймактык жана эл аралык өзгөрүштөр менен бир катарда Сирия маселеси да талкууланган. Ибн Салмандын айтымында, Сирия маселеси Женева-1 келишимине ылайык чечилиши керек.

“Саудия Сирия калкынын талаптары жүзөгө чыгарылышынын жана Сирия кризиси Женева-1 принциптерине ылайык чечилип, эл ынкылапты токтотушунун тарапкери”, – деди ибн Салман.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here