АКШ президенти Барак Обама “CBS”телеканалы аркылуу эфирге чыгып, Американын Сирия киризиси туурасындагы позициясын билдирди. Обаманын айтымында, АКШ Афганистан жана Ирак сыяктуу мамлекеттерге аскер жиберүү менен ката кетирген. Ошондуктан, учурда АКШнын Сирияга аскер жиберүү ыктымалы жок. Күчүн көрсөтүү үчүн Сирия, Яман, Ливия сыяктуу мамлекеттерге аскер жиберүү керектигин билдирип жаткандар ката жолдо экендигин баса белгилеген Обама: “Бул ката стратегия. Тарыхтагы катабызды дагы кайталасак туура эмес болот”, – деди.
Түркия, Саудия жана Иорданида жүргүзүлүп жаткан “Сирия муътадил оппозициясын аскерий машыгуудан өткөрүү” планы жокко чыккандан кийин, эми ИШИМге каршы кандай күрөш жүргүзүлөт, – деген суроого жооп иретинде АКШ президенти Сирия жана Иракта сунний мусулмандарга таяна тургандыгын билдирди.
“Бардык улуттар кызматташтыкта убакыт өтүшү менен алардан кутулат. Биз буга башчылык кылабыз. А бирок, Сирия ичинде жана Ирактын кээ бир жерлеринде жергиликтүү суннийлер биз менен кызматташтыкта аракет кылбай турган болсо, алардан кутула албайбыз”, – деди Барак Обама.
Эӊ оболу Америка калкынын коопсуздугун коргоо керектигин баса белгилеген Обама беш жылдан бери урандыга айланган Сириядан АКШга кандай коркунуч келиши туурасында токтолбоду. Анын айтымында, Сирия муътадил оппозициясын колдоо жана убактылуу өкмөт түзүү үчүн Россия менен Иранды Асадга басым өткөрүүгө көндүрүү зарыл.
Ал:“Сириядагы кырдаал ушунчалык назик болгон бир учурда колубузда сыйкырдуу таякча жок”, – деп кошумчалады.