Индияда уй өлтүрүлгөндөн кийин индустар мусулмандарга тийиштүү дүкөндөрдү өрттөп жатышат

361
0

Мындан бир аз мурда, Борбордук Африка Республикасында жергиликтүү христиандар жана мусулмандар ортосунда жаӊжал келип чыкканын шылтоолоп, христиандар тарабынан мусулмандардын кыргын кылынышына жол берилген болчу. Дүйнөлүк коомчулук, айрыкча, мусулман жетекчилердин сүкүт сактоосу астында Борбордук Африкада мусулмандар аёосуз өлтүрүлдү, тирүүлөй өрттөшүп, мусулмандардын этин ачык эле жешти. Чыккынчы мусулман жетекчилердин бири да бул кыргынды токтотуп калууга аракет кылмак тургай, мамиле билдирүүгө да жарабады.

 Мусулмандар алсыздыгы жана алардын үстүнө мажбурий отургузуп коюлган чыккынчы жетекчилер мусулмандарды коргоо үчүн бирер ишке киришүүгө кудуреттүү эместиктери анык болгондуктан да, Рохинжа мусулмандарынын  башына да Борбордук Африкадагы диндештеринин тагдыры түштү. Мьянма өкмөтүнүн колдоосу астында жергиликтүү мушриктер мусулмандарды эч нерседен кайра тартпаган абалда кыргын кылышып, жашаган жерлеринен кууп чыгарышты. Жырткыч Мьянма режими болсо Рохинжа мусулмандарын ар кандай акы-укуктан – жарандык, үйлөнүү жана көбөйүү жана башка укуктардан – куру калтырды. Бул иштер да мусулмандар үстүндөгү жетекчилер жана алардын казармаларда бекерчиликтен эмне кылууну билбей жаткан аскерлеринин этибарынан четте калды.

 Мусулмандар жетекчилеринин жана мусулмандарды коргошу важиб болгон аскерлеринин бул сыяктуу кыргындарга көӊүл бурбастыгы башка мамлекеттерде жашаган нажас мушриктер жана жийиркеничтүү кимселерди рухтандырууда.

 Кечээ күнү Индиянын түндүгүндө жайгашкан Уттар-Прадеш штатында уйдун этин жеген мусулмандарга каршы кезектеги кылмыш ишке ашырылды. Болот таяктар менен куралданган 500гө жакын адам мусулмандарга тийиштүү дүкөндөргө чабуул кылышып, ал дүкөндөрдү өрттөшкөн.

Мындан мурда да, сентябрь айынын аягында Уттар-Прадеш штатынын Дадари кыштагында индустардан турган топ уйдун өлүмүнө себепкер болгон 50 жаштагы мусулман жаранды өлтүргөн эле.

 Мусулмандар өздөрүн коргоочу калканы болгон Халифалык мамлекетинен айрылгандан кийин мына ушундай алсыз абалга түшүп калышты. Ар кандай төмөн кимселер мусулмандар үстүнөн оюна келген ишти эч нерседен кайра тартпастан  ишке ашыра турган болуп калышты. Мусулмандарды өлтүрүү, мал-мүлкүн талап-тоноо, дини жана баалуулуктарын акаараттоо… бүгүнкү күндө адаттагы көрүнүшкө айланып калды.

 Мусулмандар Халифасы бар болуп турган убакта болсо бир эле аялдын “Эй, Муътасим” деген кайрылуусуна жооп иретинде халифа Муътасим кошуунду аттандырган эле. Бүгүнкү күндө бир аял эмес, миӊдеген мусулмандар кыргын кылынып, он миӊдеген аялдардын намысы тебеленип, миллиондогон мусулмандар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болуп жаткан болсо да, ушул Үммөттүн үстүндө аким болуп турган бирер жетекчи козголуп да койбойт

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллаху алайхи ва саллам: “Жакынкы келечекте, калктар силерге каршы кудум жырткычтар өз олжосуна таштангандай таштанышат!” –  деди. Ошондо: “Ошол күндө биз аз болгонубуз себептүүбү?” – деп сурашты. Пайгамбарыбыз саллоллаху алайхи ва саллам: “Тескерисинче, көп болосуӊар, бирок силер селдин ичиндеги көбүк сыяктуу болосуӊар жана Аллах душмандарыӊардын жүрөгүнөн коркууну алып, силердин дилиӊерге жайгаштырат!” – деди. “Эй Аллахтын расулу, бул кандай коркуу?” – деп сурашты. Аларга: “Бул дүйнөнү жакшы көрүшүӊөр жана өлүмдү жаман көрүшүӊөр”, – деп жооп бергенде кандай гана акыйкат сөздү айткан. (Абу Давуд риваяты)

 Абдурахмон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here