Акыркы кездерде Афганистан түндүгүндө кырдаалдын курчуп кетиши түркмөн өкмөтүн тынчсыздандырып койду. Ошол себептен да Түркмөнстан өкмөтү мамлекеттин салыштырмалуу тынч болгон аймактарына жайгаштырылган күчтөрдү Афганистан чегарасына тарта баштады.
Чегера кошуундарындагы булактын кабар беришинче, учурда түркмөн-афган чегарасына мамлекеттин 70 пайызга жакын аскерий техникалары жана жөө кошуундарынын курал-жарактары топтолгон. Мари жана Лебап областтарында жайгашкан аскерий-тактикалык батальондор болсо кошумча артиллериялык куралдар, аба чабуулуна каршы коргонуу системалары менен күчөтүлгөн.
Анын айтымында, акыркы бир нече күндүн ичинде Мари областына танктар жүктөлгөн эки аскерий эшелон жетип келген. Поезд Лебап областынан келген.
“Эгемендүүлүккө” жетишкенден бери бейтараптык саясатын колдонуп келе жаткан Түркмөнстан түшүп калган оор абалдан пайдаланып калууга умтулуп жаткан Россия өкмөтү эгерде зарылдык пайда боло турган болсо ЖККУ күчтөрү Түркмөнстанга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.