Роухани: Керек болсо күч колдонобуз

353
0

Иран президенти Хасан Роухани ажылык учурунда жүз берген кысык боюнча текшерүү өткөрүү талабын кайра кайталады. Роуханинин бул талабы ирандык 104 ажынын сөөгү алып келинген Мехрабад аэропортунда уюштурулган ырасымда жаӊырды.

“Биз бул окуя боюнча боордоштук жана адептүүлүк тили менен кайрылган элек. Зарыл болгон орунда дипломатиялык тил ишке салынды. Эгерде керек болсо, Иран күч тилин да ишке салат”, – деди Иран президенти.

Башка бир тараптан Саудияда аты ачык айтылбаган шахзадалардын бири ажылык окуясынын артынан король Салманга каршы козголоӊ көтөрүүгө чакырууда. Саудия мамлекетинин негиздөөчүсү болуп эсептелген Абдулазиз бин ас-Саудийдин неберелеринин бири экендиги билдирилген шахзада королдун үй-бүлөсүнө кат жолдоп, жетекчиликти тапшырууга чакыргандыгы айтылууда.

Британияда чыгуучу “Guardian” гезитинин жазышынча, аты ачыкталбаган шахзада король Салман такка отургандан бери королдукта туруксуздук өкүм сүрүп жаткандыгын билдирген.

Гезит: “Король туруктуу абалда эмес. Түпкүлүгүндө, королдун уулу мамлекетти башкарууда”, – деп шахзаданын сөздөрүнөн цитата келтирди.

Шахзаданын билдиришинче, анын абаларынын король Салмандын ордуна ким келиши туурасында жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.

“Ошол себептен улам төрт же мүмкүн беш абакем жакынкы күндөрдө каттарды талкуулоо үчүн жыйын өткөрүшөт. Бир нече инилери жардамында пландарды түзүп жатышат. Бул эшикти ачышат. Экинчи муундун бир нечеси тынчсызданууда”, – деди шахзада.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here