БУУ Сирия маселесинде ийгиликсиздикке дуушар болгондугун моюнга алды

375
0

Нью-Йоркто уюштурулган БУУнун башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Сирия маселеси көзөмөлдөн чыгып кеткендигин билдирди. Анын айтымында, төрт жылга созулган аракеттердин бардыгы пайдасыз болгон.

“БУУнун Коопсуздук кеңеши жана башка аракеттеринин дипломатиялык жактан төрт жыл бою ийгиликсиздикке дуушар болушу Сирия кризисинин көзөмөлдөн чыгып кетишине себеп болду”, – деди БУУнун башкы катчысы.

Пан Ги Мун АКШ, Россия, Түркия, Иран жана Саудия мамлекеттерин Сирия маселесин чечүү үчүн активдүүрөөк аракет кылууга чакырды.

Башка бир тараптан болсо Сирияда жүз берген кризиске чечим табуу үмүтүндө алты мамлекеттен турган “Сирия боюнча эл аралык алака тобу” уюштурула тургандыгы жөнүндө айтылууда. “РИА” маалымат агенттиги Россиянын тышкы иштер министринин жардамчысына таянган абалда жогорудагы алты мамлекеттин атын жарыя кылды. Агенттиктин билдиришинче, АКШ, Россия, Түркия, Иран, Саудия жана Мисир мамлекеттеринин октябрь айында жолугушуу өткөрүүсү күтүлүүдө.

Бул мамлекеттер ушул кезге чейин Сирия маселесинде бири-бирине карама-каршы позицияда экендиктерин айтып келе жатышкан эле. Россия менен Иран Асад тарапкери болсо, АКШ, Түркия жана Саудия Асаддын кетиши зарыл экендигин кайра-кайра кайталап келишти. Бүгүнкү күнгө келип окуянын өнүгүшү олуттуу түс алгандан кийин, бул мамлекеттер да ачык эле саясат жүргүзүүгө өтүштү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри АКШнын “CNN” каналына интервью берип, Асадга муктаждык бар экендигин билдирди.

“(Асад маселесинде) пикирибизди өзгөрттүк. Мындайда бирер натыйжага жетише албайбыз. Өч алуунун артынан түшүүнү токтотуу жана дагы көптөгөн адамдардын өлүмүнүн алдын алуу үчүн башкарууга ылайыктуу болгон убактылуу өкмөткө муктажбыз”, – деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Жон Керри Сирияда адамдар өлүмүн токтотуу үчүн Асад бийликте калышы зарыл экендигине басым жасады. Акыйкатта болсо, Асад күчтөрү Сирияда карапайым калкты кандай кыргын кылып жатканына дүйнө жүзү күбө болуп турат.

Керринин айтымында, Асаддын бийликтен кетиши мамлекетте күтүүсүз “жарылуу” пайда болушуна себеп болушу мүмкүн. Мындан мурда ал “Асад кетиши керек, бирок, азыр кетиши шарт эмес” деген билдирүү менен чыккан болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here