Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилери кармалды

412
0

“Интерфакс” агенттигинин кабар беришинче, 16-сентябрь күнү Душанбе аэропортунда Алматыга учуп кетмекчи болгон партия төрагасынын биринчи орунбасары Саидумар Хусайни кармалган. О.э. ушул эле күнү уюмдун башка жетекчилери да кармалышкан.

17-сентябрдагы маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында партия төрагасынын орун басары Махмадали Хаит, партиянын саясий кеӊешинин мүчөсү Вахидхан Косиддинов, илимий кеӊештин жетекчиси Зубайдулла Розик, партия уюмунун райондор боюнча жетекчиси Рахматулло Ражаб, партия төрагасынын укуктук маселелер  боюнча кеӊешчиси Зарафо Рахмони о.э. партияга караштуу “Нажат” гезитинин башкы редактору Абдукаххар Давлат сыяктуу жетекчилер бар.

Азырынча аларга бирер айып тагылгандыгы туурасында кабар жок.

Туркистон: 4-сентябрь күнү Тажикстанда жүз берген куралдуу каршылык аракети Рахмонов режими үчүн коомчулук алдында жогорудагы сыяктуу жырткычтык жана адилетсиз аракеттерге кеӊири жол ачып берди. Эми  ал исламий адамдар жана кыймылдарга каршы аёосуз жана далил-фактысыз күрөшүүнү уланта берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here