Ак үй: Россия Асадды колдоп-кубаттоону улантса эл аралык изоляцияга дуушар болушу мүмкүн

329
0

Россия Сирия президенти Башар Асадга жардам берүүнү уланта берсе эл аралык масштабда жекеленип калышы мүмкүн. 14-сентябрь күнү Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест ушул пикирин билдирди.

Ал журналисттердин :“Эгерде Россия Ирак жана Сирияда террористтерге каршы операцияларды жүргүзүп жаткан АКШ башчылыгындагы эл аралык коалицияга кошулбаса жана Асадды колдоп-кубаттоону уланта берсе, натыйжада эмнелер болушу мүмкүн”, – деген суроосуна: “Алар эл аралык коомчулуктан дагы да көбүрөөк ажыратып коюлат”, – деп жооп берди. “Андай болгондо алар ИШИМге каршы АКШ башчылыгындагы коалицияга кирген 60 мамлекеттин каршысында калышат”, – деп баса белгиледи Эрнест.

Жош Эрнест: “Россиянын Сириядагы кызыкчылыктары дүйнөдөгү башка мамлекеттердин кызыкчылыктары менен толук карама-каршы келбейт. Россия антитеррордук коалициянын утушунан кызыкдар. Албетте, Россия да ИШИМди бүтүндөй жок кылуу стратегиясы ийгиликтүү болушун каалайт”, – деди. Ал Асаддын бийликтен кетүү убагы келгенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Эскерте кетебиз, Россия Сириядагы кризисти чечүүнүн эӊ жакшы жолу – бул Сирия армиясын колдоп-кубаттоо экендигин бир нече жолу айткан болчу.

Ушул максатта Сирияга ок атуучу куралдарды, гранатомётторду, бронетранспортёрлорду жана башка түрдөгү куралларды жеткирип берүү пландаштырылып жатканы о.э. Сириянын Латакия шаарында Россия аскерий авиациясы жайгаштырылышы үчүн шарттарды түзүү максатында жергиликтүү аэропорттун авиабазасына  зарыл болгон аскерий техникалар жана системалар ташылып жатканы кабарланган болчу.

Булак: “kun.uz”

Туркистон: 

Дүйнөлүк система АКШ тарабынан гана сунушталган долбоорлор негизинде башкарыла турган бир тараптуу башкаруу түзүмүнө айланып барууда.

Россия эл аралык саясатка эми мурдагы деӊгээлинен туруп таасир өткөрө албайт. АКШ ага эми андай мүмкүнчүлүктү бербейт.

АКШ Сирия проблемасын эл аралык система аркылуу өзү жана куфр дүйнөсү үчүн пайдалуу болгон тарапка буруп, белгилүү бир жерге чейин алып келди. Эми ал Россияга бул түзүмдү өзгөртүүгө же башка бир тарапка буруп жиберүүгө таптакыр жол бербейт.

Россиянын Сириядагы өз алдынча аракеттери АКШ тарабынан жашыруун колдоого алынып келе жаткан белгилүү бир күчтөргө каршы аскерий операцияларды уюштурууга багытталышы анык. Бул болсо, АКШнын бүт дүйнөнүн алдында өзүнчө жашыруун жүргүзүп жаткан эки жүздүүлүк саясаты ачылып кетишине алып барышы мүмкүн. Бул АКШнын Шамда Асад жана ага каршы бир нече жасалма уюмдардын ортосунда теӊ салмактуулукту сактап келе жаткан саясий айла-амалы болуп, бүт дүйнө билип турушуна карабастан расмий түрдө башка жалган кызыкчылыктарды аргумент кылып жүргүзүп жаткан АКШнын эл аралык саясаты.

АКШнын эл аралык саясатта ээлеген орду ал жүргүзүп жаткан жийиркеничтүү дүйнөлүк саясатка бүт дүйнө мамлекеттери саясатчыларын сүкүт сактап турууга мажбур кылат. О.э. дүйнө мамлекеттери бул ыпылас оюндарда түздөн-түз катышуусу үчүн АКШ түзүп жаткан коалицияга мүчө болуп, анын эл аралык майдандагы кызыкчылыктары жолунда жардам берүүгө да мажбурланышат.

Россия бул согушка АКШ менен өнөктөш болуп кирмекчи болууда. Бирок, АКШ буга жол бербейт. Ал Россиянын да коалицияга мүчө башка мамлекеттер сыяктуу эле АКШ сызган сызыктан бир карыш четке чыкпай аракеттешинин каалайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here