АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Ниша Бисвал шаршемби күнү Кыргызстанга келип, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен жолугушту.
АКШнын Кыргызстандагы элчиканасы кабар беришинче, Ниша Бисвалдын сапары бейшемби күнү да уланат. Бисвал Түштүк жана Борбор Азия мамлекеттери менен кеӊейип бара жаткан жана уланып жаткан кызматташтык, ошону менен бирге ишкер чөйрөлөрдү колдоп кубаттоо маселелерин талкуулоо максатында өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер жана студенттер менен да жолугушууларды өткөрөт.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабар беришинче, Абдылдаев жана Бисвал эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы тууралуу о.э. күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашты.
Туркистон:
Акыркы кездерде Кыргызстан бийлиги тышкы саясатта эки мамлекеттин этегин кармоодон баш тартып Россия менен мүмкүн болушунча жакындашууга аракет кылып келүүдө. Россия менен жакындашуу болсо табигый түрдө АКШ менен мамиленин муздашына алып келет. Албетте, бул иштердин бардыгы Кыргызстан бийлигинин өз ыктыяры менен эмес,тескерисинче Россиянын басымы менен ишке ашырылууда.
Россия көптөн бери кыргыз бийлигинен АКШ менен алакаларды үзүүнү талап кылып келе жатканы белгилүү. 15-июль күнү АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровдун “Адам укуктарынын коргоочусу” сыйлыгы менен сыйланышы Россиянын бул талабын аткаруу үчүн өтө ыӊгайлуу учур болду. Азимжан Аскаров сыйланышы себептүү Кыргызстан өкмөтү мындан 22 жыл мурда кол коюлган өкмөттөр аралык кызматташтык келишимин бир тараптуу жокко чыгарды.
Ниша Бисвалдын сапары болсо жокко чыгарылган келишимди кайрадан тикелөөгө жана кыргыз бийлигин “жоошутууга” болгон аракет болушу мүмкүн.