Мисирдин мурдагы муфтийи спирттик ичимдиктерди сатуу адал деп фатва берди

Мисирдин мурдагы муфтийи Али Жума мусулмандар үчүн спирттик ичимдиктерди сатуу жайиз деп фатва берди.

 Бул тууралуу ал Мисирдин “СВС” спутник каналы аркылуу эфирге чыгуучу “Аллах жакшыраак билет” деген программада айтып өттү.

 Мурдагы муфтийдин айтымында, мусулмандар тарабынан спирттик ичимдиктер сатуу “адаттагы иш” болуп эсептелет. О.э. ал мусулмандардын спирттик продукцияларды иштеп чыгаруу менен алектенишине уруксат берди.

 “Мусулмандар спирттик ичимдик сатышы мүмкүн, а бирок пайдалана алышпайт”, – деди Жума.

Туркистон: Бул сарай уламалары Аллахтын динине каршы батынууда бири-бири менен атаандашып жаткансыйт. Алар ээлеп турган мансаптарынан айрылып калбастык үчүн же колдон чыгарган нерселерине кайрадан ээ болуу үмүтүндө Аллахтын жана Пайгамбарынын ачык келген, бардыгы үчүн түшүнүктүү болгон өкүмдөрүн да өз напистери жана кожоюндарынын ыраазылыгы жолунда бурмалоодон кайра тартпай турган болуп калышты.

 Мусулманга аракты пайдалануу же сатуу эле эмес, бул соодадан түшкөн акча да арам кылынган.

 Пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган хадисте ал зат:

“Аллах таала аракты, аны сыгуучуну жана сыктырганды, ичкенди, ташыганды жана ага жардам бергенди, сатканды жана сатып алганды, ичүүчүгө бергенди, ичкилик сатылуучу жана таркатылуучу жерлерди, акчасын жегенди наалаттады”, – деген.(Абу Давуд, Байхакий, Хаким риваяттары).

turkistonkg

Recent Posts

Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы  Устаз…

10 hours ago

Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр  Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…

10 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

 بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…

14 hours ago

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

1 day ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок!

Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…

3 days ago