“CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, АКШ өкмөтү Иран, Сирия жана Түндүк Кореяга ядролук куралдарды таркатпастык туурасындагы мыйзамды бузгандыгы үчүн Россиянын бир катар компанияларына карата санцияларды жарыя кылды. Документ азырынча расмий басылып чыкпаган болуп, анын шаршемби күнү жарыя кылынышы пландаштырылган.
АКШ өкмөтүнүн “кара тизмесине” “Рособоронэкспорт” компаниясы, самолётторду жасоочу “МиГ” корпорациясы,”, “Катод” компаниясы жана “НПО машиностроения”корпорациялары киргизилип, санкциялар бул компаниялардын бардык бөлүм жана филиалдарына карата да колдонулат.
АКШ өкмөтүнүн эсептешинче, кара тизмеге кирген компаниялар ракеталык технологиялар жана массалык кыргын кылуучу куралдарды иштеп чыгарууга салымдарын кошкон. Документте айтылышынча, АКШдагы өкмөткө караштуу мекемелердин бири да айтып өтүлгөн компаниялар менен ар кандай товар жана технология жеткирип берүү, кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүшү мүмкүн эмес.
Жаңы санкциялар Кытай, Иран, Судан, Сирия, Түркия жана Бириккен Араб эмираттарындагы айрым компанияларга карата да киргизилген.